|
|
Сөзү : Шахназардыкы
Обону : И.Абдыразаковдуку
Карагат көздөрүңдү көргөндө кубанамын,
Көңүлүң алсамбы деп, күнүгө убарамын.
Кылчайып карап койчу,
Көңүлүм оорубасын.
Жүзүмдөй эриндериң жүрөгүм арбап алды,
Түндөрү уйку бербей, жүдөтүп, ойго салды.
Жарыгым, мендик болчу,
Жанымды кыйнабачы.
Керилип басканыңа көз артып, суктанамын,
Башкага ыраа көрбөй, өзүңдү кызганамын.
Өкүнтпөй мендик болчу,
Өмүрүм сага арнаймын.
Убайым тартып алыстан,
Унутуп бардык нерсени.
Сары оору болуп ансызда,
Сагындым туулган жер сени.
Канатым болсо азыр мен,
Калкылдап учуп жетсем дейм.
Калдайган сары талааңа,
Карлыгач болуп кетсем дейм.
Уктасам кирип түшүмө,
Аргымак чапкан талаалар.
Тыйылбай такыр кусалык,
Тынчыбай койду санаалар.
Сөзү : Т.Алиевдики
Обону : Э.Жоошевдики
Ай, асманда алтын Ай,
Нур чачып жаркырайт,
Ойго салып мени.
Ай, жылдыздарды санайм,
Кыялданып карайм,
Издеп келем сени.
Ай, ай, айдай сулуу,
Жүрөгүм жалгыз сага сундум,
Махабатым оттой жалындай.
Ай, ай, айдын нуру,
Окшоп мага кайгы-муңдуу,
Айга окшоп мен да жалгызсырайм.
Кайырма:
Жаным, сени күтүп, сени сүйүп,
Сен деп мен жашайм.
Арзуумду кабыл алчы, жаным, танбай,
Жалгызым, сен үчүн бардык күчүм,
Бардык максатым.
Сен жок жалгызмын мен асманда айдай...
Ай, жылдар өтүп барат,
Ырга толуп барак,
Сүйүүгө арналган.
Ай, балким, сен да ыйлай,
Махабатты кыйбай,
Жашайсың арманда.
Ай, ай, айдай сулуу,
Жүрөгүм жалгыз сага сундум,
Махабатым оттой жалындай.
Ай, ай, айдын нуру,
Окшоп мага кайгы-муңдуу,
Айга окшоп мен да жалгызсырайм.
Кайырма:
Сөзү : К.Примбердиевдики
Обону : К.Примбердиевдики
Көңүлдөгү арманымды,
Жашырып мен күнүгө.
Жаш жүрөгүм,
Жарылып кете жаздайт күйүттөн.
А бирок мен алдырбаймын арманга,
Өзүмдү өзүм кыйнасам да,
Алдырбаймын арманга.
Мен да бир күн жолугармын,
Таза, тунук махабатка.
Кечигип келген сүйүүнү каалабайм.
Жолугармын ак сүйүүгө,
Ал сүйүүдөн табармын,
Өз бактымды сага алдырган.
Барын эске алармын.
Ошол кезде, кайтып келбе,
Көз жашыма татыбайсың.
Кеч түшүнгөн махабатты,
Анда ал сүйүүң кайсы?
Мен да бир күн жолугармын,
Таза, тунук махабатка.
Кечигип келген сүйүүнү каалабайм.
Сөзү : Бойчук
Обону : А.Аскаровдуку
Ай чыкты нурун төгүп,
Аймалап жүзүң өбүп.
Айлуу түн бизге жарашып.
Түн турат ойго чөгүп,
Түн чүрөк, сени көрүп.
Сүйөмүн сени жанымдай,
Кетиргим келбей жанымдан.
Жүрө албаймын сагынбай,
Күн санап күтөм.
Кайырма:
Асыл тумарым, канбай кумарым,
Асыл тумарым,
Көздөрүңө мен багынып,
Сени сагынып.
Асыл тумарым, айтчы угайын,
Сырың жашырбай...
Асыл тумарым, канбай кумарым,
Асыл тумарым,
Көкүрөккө мен тагынып,
Сага жалынып...
Асыл тумарым, тартам убайың,
Менден жашынба...
Жүрөгүм сен деп согуп,
Жүрөмүн куса болуп,
Жүзүңдү бир көрө албай.
Карап кой көңүл коюп,
Калбайын сенсиз соолуп.
Сүйөмүн сени жанымдай,
Кетиргим келбей жанымдан.
Жүрө албаймын сагынбай,
Күн санап күтөм...
Кайырма:
Жаш кезимде жан эргиткен айылыма,
Суктанамын ушунчалык мен дайыма.
Тунук суусун, булактарын ойлогондо,
Тургум келет түбөлүккө мен жанында.
Кайырма:
Айылым, айылым,
Айылыма баргым келди.
Атыр жыттуу гүлдөрүнөн,
Таткым келди.
Айылым, айылым,
Айылыма баргым келди,
Балдай таттуу балалыгым,
Эске келди.
Жаз мезгили жаштар чыгат ошол тоого,
Жылына бир жаз айланып күн болгондо.
Эми ойлосом чыдай албайм ушул күндү,
Айылды эстеп мен да жөнөйм жаз болгондо.
Кайырма:
Кайырма:
Ак жүзүңдөн сылап айдын нуру,
Ата-энесин сыйлап ар бир күнү.
Акылдуу кыргыздын сулуу,
Сулуу кыздары.
Алоолонуп тийип абдан ысык,
Ала-Тоодой бийик ар-намысы.
Бабалардын жолдо жолун, жолун,
Батага созуп колун.
Таң нурундай татына,
Жылдыздай жарык.
Таазим кылып калкына,
Кыз издейт бакыт.
Ата сөзүн актап,
Ата Журтун барктап.
Эне-тилин сактап,
Ар-намыстуу келишет,
Кыргыз кыздары.
Ай-ий, ай-ий,
Айчүрөктөй аты бийик.
Жанган чырактай,
Аккан булактай,
Ай чырайлуу кыргыз кызы.
Кайырма:
Кучагына асмандын,
Жылдызын кысып.
Ак маралдай басканы,
Кыргыздын кызы.
Жанып жарык күндөй,
Жайнап назик гүлдөй.
Жанып жарык күндөй,
Жашоонун шам чырагы,
Кыргыз кыздары.
Ай-ий, ай-ий,
Айчүрөктөй аты бийик.
Жанган чырактай,
Аккан булактай,
Ай чырайлуу,
Кыргыз кызы.
Кайырма:
Карап эле тургум келет талыкпай,
Сенин колуң аппак, жумшак мамыктай.
Жүрөгүң да жумшак болуп колуңдай,
Жүрсөң боло сүйгөндүгүң аныктай.
Кыйгач карап кыйнадың го карыптай,
Суусаттың го суудан чыккан балыктай.
Аздык кылат бир жылмайып койгонуң,
Акактаттың суусун берип жарытпай.
Ашык болгон абалыма карагын,
Суусатпачы, кургап барат тамагым.
Ак сүйүүңдөн бере турчу бир тамчы,
Жок дегенде эрдим нымдап алайын.
Сөзү : О.Султановдуку
Обону : К.Досмамбетованыкы
Аралап шаар ичин басып жүргөн,
Андагы ак буурул түн эсиңдеби?
Ойгонуп уйкусунан жымыңдашкан,
Оттору Фрунзенин кечиндеги.
Убакыт суудай акты, унутпадым,
Ачылган аппак гүлдөй күлгөнүңдү.
Ал түндү айта бердим жетине албай,
Калтырбай бул дүйнөдөн билгенимди.
Эстеймин элесиңди көзүм талбай,
Азыр мен амалым жок алыс жакта...
Түшүмдө түндө сени жолуктурам,
Ырахмат миң мертебе тагдырыма,
Ырахмат миң мертебе махабатка...
Сөзү : Р.Нарынбаевдики
Обону : Р.Нарынбаевдики
Топ кыздардын арасынан,
Көзүмө эле көрүнөсүң.
Байкап мен башта сени жүргөм,
Ай болуп төгүлөсүң.
Күлгөнүң мөлтүр тунук булак,
Кулпуруп гүлдөй өңдөнөсүң.
Кайырма:
Жаным, жаныңа эле барсамбы,
Сүйөм деп айтсамбы?
А бирок айтуу кыйын,
Муңайып кайтамбы?..
Эх, сулуу, сырларыңды ачсаңчы,
Ай, жылдыздай жансаңчы.
Жомоктогу чүрөк сымал,
Периштеге айланчы.
Көркөмүң көздү суктандырып,
Койкоё басып керилесиң.
Койдуң го салып мени ойго,
Ак куудай мага сезилесиң.
Тартылып, жаным, бир өзүңө,
Ашыктык отко берилемин.
Кайырма:
Мажбурлап тунгуюкка түртүп,
Азапка салдың мени кыйнап.
Махабат дастанындай болуп,
Калбасын ак сүйүүбүз сыздап.
Басалы кол кармашып бирге,
Өмүрдүн өрүн көздөй урап
Кайырма:
Канчалык ойлонсом да,
Жүрөктөн толгонсом да.
Билбейсиң неге,
Сезбейсиң неге сүйүүмдү, жаным?
Кайырма:
Сөзү : М.Бөкөевдики
Обону : М.Бөкөевдики
“Кош” деп кантип айтам сүйүүмө?
Арманымды билбейм, түшүнбөйм.
Алтын айым, түнкү айым,
Жүрөгүмдөн кетпей дайым,
Ай жүзүңдөн нуруң жанчу эле.
Кайырма:
Оо, арман күн, эмнеге,
Менде өчүң бар беле?
Айрыбачы мени сүйүүмдөн.
Оо, арман күн, бул жалган,
Каламбы жүрөк толо арман,
Кайрычы деп тунук сүйүүмдү.
Сезбегенсип менин сүйүүмдү,
Укпагансып муңдуу үнүмдү.
Жүрөгүмдү ээлеп алдың,
Көз жаш алып муңга салдың.
Арманыңды айтпадың неге?
Кайырма:
Сөзү : Э.Балтагуловдуку
Обону : Э.Балтагуловдуку
Чарчап келсем чалыгып,
Ак жолугун салынып.
Тосуп чыгат алдымдан,
Бир күлүп, бирде таарынып,
Анткени калат сагынып.
Кайырма:
Балдарымдын апасы,
Таарынба садагасы.
Бир өйдө, бирде ылдый,
Турмуштун таразасы.
Балдарымдын апасы,
Жылмайчы садагасы.
Ырдап берет кел эми,
Кыздарың менен атасы.
Ырдап берет...
Чарчап келсем алыстан,
Аталап мага жарышкан.
Балдарым менен апасы,
Үйүмдүн нуру, жарык таң.
Бир күлүп, бирде таарынган.
Кайырма:
Өткөн өмүр кайрылбайт бизге,
Өкүнүчтөр, армандар кимде?
Узун жолдо узап карааның,
Узаганда үнсүз карадым.
Кайырма:
Махабаттан жалгыз сурадым,
Өчүрбө деп үмүт чырагын.
Мезгил балким жүрөк дарылап,
Мен жоготкон сүйүүм табылат.
Кербен тартып, жылдар узады,
Артта калды кайгы, кусалык.
Кереги жок тагдыр сурарым,
Арман менен аккан көз жаштын.
Кайырма:
|