|
|
Восточная женщина – это загадка,
Никто не сравнится с ее красотой.
Но если полюбит, то смотрит украдкой,
И нужен подход ей совсем не простой.
Кайырма:
Приходят постоянно посланники Ак Хана,
И сватают стать пятою женой.
Но говорю им снова, что я люблю другого,
Он самый мой желанный, родной.
Ресницы как бархат, а руки как крылья,
Из губ алых льются слова словно мёд.
Для ласки и нежности сердце открыто,
И сладкую ложь распознает, поймет.
Кайырма:
Ей годы свои посвящали поэты,
В подарок шелка из Китая везли.
Улыбка её словно брызги рассвета,
Теплом согревала просторы земли.
Кайырма:
Сөзү : Оңолбек Соурбаев жана Кубик Калыковдуку
Обону : Кубик Калыковдуку
Алтындай жаштык өмүрдө,
Армансыз өтсөк эмне?
Көңүлдө кайгы болбостур,
Кошулсаң сүйгөн теңиңе.
Күмүштөй жаштык өмүрдө,
Күйүтсүз өтсөк эмне?
Жаркырап жанар жылдызым,
Жанашсаң сүйгөн теңиңе.
Кайырма:
Аттиң ай, аттиң ай,
Армансыз жаштык, ай.
Өмүрүң өтсө да,
Алтындай шаттык, ай.
Жаштыктын гүлүн терели,
Жаштыктын сүйүү белеги.
Жаркының жанда болбосо,
Жашоонун барбы кереги?
Махабат гүлүн терели,
Махабат жаштык белеги.
Жалжалың жанда болбосо,
Жашоонун канча кереги?
Кайырма:
Жашырбай жаштык илепти,
Жараткан берсин тилекти.
Жалжалым, өзүң дарыла,
Жарадар болгон жүрөктү.
Кайырма:
Башкага көңүл бурулбай,
Бал уйкум качат куюндай.
Отурам жалгыз сени ойлоп,
Отурам карек жумулбай.
Атканы калды таң дагы,
А бирок уйкум канбады.
Ойлодуң бекен мага окшоп,
Ойлодуң бекен сен дагы?
Күндөрүм мезгил камчылап,
Билинбей өттү канча убак?
Үмүтүм менин жанымда,
Үлбүлдөйт жалгыз шам чырак.
Муз беле сенин жүрөгүң?
Муңканып ыйлап жүрөмүн.
Мурдатан неге айтпадың,
Сүйгөнү белең бирөөнүн?
Сөзү : А. Алымовдуку
Обону : И.Абдыразаковдуку
Жамгыр болуп, жаз болуп,
Жан дүйнөмө нур болуп.
Булактай таза, буюруп мага.
Кылыктанып, назданып,
Күлсөң жүрөм кызганып,
Сени башкадан. Сүйүп, тамшанам.
Кайырма:
Жылдызың учкун болуп,
Түндө учуп көрүнгөн.
Жылмайсаң жүзүң айдай,
Назик күлкүң төгүлгөн.
Жаныңдан калбайын,
Санаага салбайын.
Сагынам ар дайым.
Тапкан сүйүүм, ардагым,
Тандап гүлүм арнадым,
Жүрөктөн сага, өзүңө гана.
Санап күндү, келсе дейм,
Сагынганым билсе дейм,
Убара тартам, уйкуман кача.
Кайырма:
Сөзү : С. Бейшекеевдики
Обону : С. Бейшекеевдики
Көңүл сүйгөн нур кызым,
Мен көксөгөн жылдызым.
Сүйүп калдым кантейин,
Таэжемдин тун кызын.
Кайырма:
Бөлө, бөлө, бөлөм деп,
Бөлөм үчүн мен өлөм деп.
Күтүп жүрөм өзүңдү,
Не болсо да көрөм деп.
Эй бөлө, бөлө, бөлөм деп,
Сен үчүн мен өлөм деп.
Күтүп жүрөм өзүңдү,
Не болсо да көрөм деп.
Айткан сөздү оболу,
Мен күткөндөй болбоду.
Катуу тагдыр кантейин,
Экөөбүздү кошподу.
Кайырма:
Балалыктын туптунук,
Ууз сүйүүсүн арнаган.
Жылдар өтсө арадан, эй
Жолугарбыз кайрадан.
Кайырма:
Арзуунун аралында,
Ак сүйүүгө кабылдым.
Жылуу чачып жүрөктөн,
Жылдыз болуп тагылдың.
Ойлойм сени ар убак,
Армандардан аруулап.
Тургум келет жаныңда,
Тунук сүйүү тартуулап.
Кайырма:
Арман махабат ырларында,
Арман кыялдын кылдарында.
Арман жүрөктүн сырларында,
Жалган сүйүүнүн ыргагында,
Кыялдын кылдарында...
Өмүрүмдү арнадым,
Өзүң болуп жалжалым.
Түбөлүк бакытым деп,
Мен өзүңдү тандадым.
Жете албай мен кол сунам,
Элесиңе зар болуп.
Сени ойлоп отурам,
Сенсиз дүйнөм тар болуп.
Кайырма:
Сөзү : Тилек Пирматовдуку
Обону : Тилек Пирматовдуку
Бакта алма гүлүн ачкан эле,
Бак аралап бирге жүргөн кезде.
Батынбастан мен сени сүйөм дешке,
Сүрдөгөнүм менин дале эсте.
Кайырма:
Сүйүү жазым менин, махабатым,
Дарылачы жүрөк жараларын.
Сүйүп калдым сени не кылайын,
Айтчы неге мынча кыйнаганың?
Көрбөй калсам сени сагынамын,
Жаш балача эңсеп, зарыгамын.
Көңүлүмдө бир гана, өмүрүмдө,
Ойлорумда өзүң жүргөнүңдө.
Кайырма
Жалбырактар түшкөн күздү кезип,
Дале жүрөм, жаным, издеп сени.
Жаштык кезден калган жакшы сезим,
Унутулбай калар бизде эми.
Кайырма
Айлуу түн жандап, айтчу сөз камдап,
Ашыгып барам, арзуумду арнап.
Жарыгын чачып, ай жандап барат,
Чырай жүзүңө суктана карап,
Айлуу түн.
Кайырма:
Айлуу, айлуу түн, сенде үмүтүм,
Сүйгөнүмө мени кезиктир бүгүн.
Төгүлүп турсун шоолаң биз үчүн,
Айлуу түн.
Көктөгү жылдыздан бир букет жасап,
Сага сунамын сүйүүмдү арнап.
Сен деп келемин, сен үчүн жашап,
Сенде ак сүйүүм, сенде махабат,
Айлуу түн.
Кайырма:
Сөзү : К.Орозбаевдики
Обону : И.Абдыразаковдуку
Күндөр алмашты, күтүп чарчадым,
Алыстады менден жаштык карааны.
Баарынан кымбат, жаным, сен белең,
Алмаштыргыс айга да, күнгө?
Жаным жай албай, арга таба албай,
Күтчү элем сени күндүн нурундай.
Кечире албаймын, унута да албаймын,
Жалгызымды кайрыбайм.
Кайырма:
Жел сылаган саамайың,
Жалгыз сени тандаймын,
Жарым болчу, жандай сүйүп, жактырган.
Сүйүү гүлүн терейин,
Сүйгөнүмө берейин,
Эркелетип эрдиңден мен сүйөйүн.
Сүйүүм таптаза, тунук булактай,
Ортобузда күйүп турган чырактай.
Бирге сүрөлү жашоо татымын,
Ажырагыс эгиз ынактай.
Жаным жай албай, арга таба албай,
Күтчү элем сени күндүн нурундай.
Кечире албаймын, унута да албаймын,
Жалгызымды кайрыбайм.
Кайырма:
Эр көкүрөк, баатыр элимди коргоп,
Эртеңин ойлоп, эл-жерин колдоп.
Токтолбостон барат тоо боорун бойлоп,
Душмандын жолун тороп.
Жайнасын жылдызы,
Агылып ырысы.
Кайырма:
Кымбатым менин,
Ата Мекеним!
Кыйырында кылымдын,
Калып келесиң.
Керемет жерим,
Кең пейил элим.
Ыйыгымсың өчпөгөн,
Кыргызым менин!
Аска-тоосу бийик асыл жеримди,
Сактап кылымга, ырдайм ырымда.
Берекелге толгон бейпил элимдин,
Тынчтыгы - бактым менин.
Жайнасын жылдызы,
Агылып ырысы.
Кайырма:
Сөзү : Ш. Бөрүкуловдуку
Обону : И.Абдыразаковдуку
Жаралып ай нурунан.
Жамалың тунук суудан,
Көргөн жан арзуу кылган.
Тандалып жылдыздардан,
Таң шооладай нур чачкан.
Тагдырым болдуң жазган.
Кайырма:
Сен ак сүйүүмдүн жарчысы,
Жүрөгүмө дем берген,
Шүдүрүмдүн тамчысы.
Эңседим издеп таптым,
Энчилеп сени бактым,
Эргүүнүн балын таттым.
Суусадым сугум арттым,
Сүйүүңө тойбой жаттым,
Сен болуп чексиз бактым.
Кайырма:
Сөзү : Жалил Садыковдуку
Обону : Насыр Давлесовдуку
Кыргыз жери, сүйөм сени,
Сүйөм сени жанымдай.
Түн жок сенин түнүңө окшош,
Таң жок сенин таңыңдай.
Ташты жарып, обон салып,
Туйлап акса булагың.
Жашыл арча, гүлдүн жыты,
Кимдин жазбайт кумарын.
Кайырма:
Асылым жерим, ардагым да,
Арналат сага ырларым да.
Асылым жерим, ардагым да,
Арналат сага ырларым да.
Элдин энчи, байлык кенчи,
Керме тоону, талааны.
Бак даракка саймаланган,
Сүйөм кыштак, калааңды.
Жерге жаткан көпкөк асман,
Дегим келет төрүңдү,
Көлүң дагы жашартууда,
Жашартууда өмүрдү .
Кайырма:
Жериң алтын, жайың салкын,
Кышың жылуу ар качан.
Сен турасың көңүлүмдө,
Качан, кайда барбасам.
Кыргыз жери, малдын кенчи,
Дандын кени бир өзүң .
Өмүр бою карегимден,
Өчпөйт сенин сүрөтүң.
Кайырма:
Табият таалайына берген жерим,
Ала-Тоо ак мөңгүлүү, толгон кени.
Оргуштап булактары атырылып,
Көргөндүн көтөрүлөт жүрөк деми.
Кайырма:
Черткенде шаңшый берет үч кыл комуз,
Бабалар бата берет, кошуп добуш.
Төбөдө көпкөк асман күбө болгон,
Теңир-Тоо - ата конуш кыргыз тапкан.
Кыргызым, элим кыргызым,
Кыргызым, элим кыргызым,
Элим кыргызым...
Кыргызым кылым санап арыбаган,
Таалайы өнүп-өсүп карыбаган.
Тамшанткан Теңир-Тоонун табияты,
Сырт жактан келгендерди таңыркаткан.
Кайырма:
Сөзү : Ч.Сатаевдики
Обону : Ч.Сатаевдики
Эки тал көрсөң кыйбай жүр,
Элиңде жүрсөм сыйлай жүр.
Элиңден узап мен кеттим,
Эрмегим деп ырдай жүр.
Кайырма:
Жаштык жалын чагыңда,
Ойноп-күлүп жалында.
Тагдыр бөлсө арга жок,
Тагдырлашым таарынба.
Таарынба, таарынба,
Көрүшкөнчө сагынба.
Сагынба, сагынба,
Кош бол эми, таарынба...
Ак кайың көрсөң кыйбай жүр,
Айылыңда жүрсөм сыйлай жүр.
Айылыңдан узап мен кетсем,
Ардагым деп ырдай жүр.
Кайырма:
Жалгыз тал көрсөң кыйбай жүр,
Жаныңда жүрсөм сыйлай жүр.
Жаныңдан узап мен кеттим,
Жалжалым деп ырдай жүр.
Кайырма:
Ар бириңер таянар тоо керемет, ак дилиңер,
Жан демиңер баа жеткис асылзат, кең пейилиңер.
Бар болгула бакыттын бал кушунда,
Бай болгула жан дүйнө чокусунда, жандоочулар,
Ырыма күбө бол, кан досторум.
Отуралы, ортону ырыс менен толтуралы,
Ойдун баарын оргуштап ортого чогулталы.
Силерсиңер ишенер караандарым,
Билесиңер, аман-соо жүргүн дайым.
Тирексиңер, ак шумкар жалгасын, жан досторум.
Бар болгула бакыттын бал кушунда,
Бай болгула жан дүйнө чокусунда, жандоочулар,
Ырыма күбө бол, кан досторум.
Силерсиңер ишенер караандарым,
Билесиңер, аман-соо жүргүн дайым.
Тирексиңер, ак шумкар жалгасын, жан досторум.
|