|
|
Сүйүүнүн мүнөттөрү шарпылдаган,
Жүрөктүн тынчын алып, жүрөк сызган.
Жаш туруп махабаттан жабыркагам,
Жазыксыз көздөрүмдөн жашым кулай.
Кайырма:
Бирок сен ойлобойсуң,
Бирок сен эстебейсиң.
Таптакыр көргүң келбейт,
Көңүлгө эч илбейсиң.
Балким сен ойлонорсуң,
Ардагым мени эстеп,
А балким көргүң келер,
Ардагым эрте-кеч деп.
Жолугуп биз экөөбүз айлуу түндө,
Сүйүүнүн балын татып түбөлүккө.
Кыналып султан бойлор сууну бойлоп,
Суйкайып кол кармашып жүрсөкчү, ий.
Балким сен ойлонорсуң,
Ардагым мени эстеп,
А балким көргүң келер,
Ардагым эрте-кеч деп.
Бирок сен ойлобойсуң,
Бирок сен эстебейсиң.
Таптакыр көргүң келбейт,
Көңүлгө эч илбейсиң.
Мен сени ойлой берем, кышта, жазда,
Майрамда, ысык-суукта, сезим азда.
Өмүрдүн өр тарттырып дөңгөлөгүн,
Жыл улап чыккан сайын ар бир жашка.
Кайырма:
Жашым жаш, чачым кара болгон менен,
Эң алыс өмүр деген жолдон келем.
Ошол жол такыр бүтүп калмайынча,
Мен сени миң жаңыртып ойлой берем.
Мен сени ойлой берем таңда, кечте,
Жарым түн жакын калып, жарык өчсө.
Алыстан из калтырып учкан жылдыз,
Арылап жер чегине сүңгүп кетсем.
Кайырма:
Өзүңдү өмүр бою ойлой берем,
Турмуштун кең дайрасын бойлой келем.
Экөөбүз түбөлүккө бир болсок деп,
Түшүмдө да, өңүмдө ойлоор элем.
Кайырма:
Айылга барганымда туулуп-өскөн,
Көрдүм мен балалыкты шибер кечкен.
Көз нуру сүртүп өтүп көңүлүмдү,
Ыр келди куса менен жүрөк эзген.
Бала чак, бала чак,
Кандай сүйкүм карасак!
Айтса жакын жүрөккө,
Аты өзүнө жарашат.
Балалык, балалык,
Бакыт үчүн жаралып.
Эл тилеги өссүн деп,
Эртеңдерге баралык.
Көргөндө көздөрүмдөн жанып учкун,
Бактылуу балалыктын үнүн уктум.
Өңүндө менин өңүм турган сымал,
Өз эмес, ырын дагы сагыныпмын.
Ак терек, көк терек,
Сизден бизге ким керек?
Гүлдөй сүйкүм гүлүм кыз.
Келсин бизге тезирээк.
Ак терек, көк терек,
Сизден бизге ким керек?
Айдай сүйкүм айым кыз,
Келсин бизге тезирээк.
Кайрылбай сагынсак да, самасак да,
Канча ирет кыйбай кылчак карасак да.
Эркиме койбой өткөн мезгил учуп,
Эсиме түшөт күндөр бала чакта.
Бала чак, бала чак,
Кандай сүйкүм карасак!
Айтса жакын жүрөккө,
Аты өзүнө жарашат.
Ак терек, көк терек,
Сизден бизге ким керек?
Күндөй сүйкүм Гүлүм кыз,
Келсин бизге тезирээк.
Адамзат жолун улап жаралыпмын,
Ааламга күлкүлөрү таралышсын.
Агарып аталардын батасынан,
Асманы бүркөлбөсүн балалыктын.
Бала чак, бала чак,
Кандай сүйкүм карасак!
Айтса жакын жүрөккө,
Аты өзүнө жарашат.
Ак терек, көк терек,
Сизден бизге ким керек?
Күндөй сүйкүм Гүлүм кыз,
Келсин бизге тезирээк.
Төрөлгөндө үйүбүзду шаң кылган,
Мээрим отун жандырган.
Бажырайган жүзүңө, бал татыган тилиңе,
Болупкетем жан курман,
Болом дайым жан курман.
Кайырма:
Тай, тай, тай, тай, тай бөбөк,
Таң чолпондой жан бөбөк.
Эртең эле чоңоюп,
Эр жигит бол торолуп,
Эл батасын ал бөбөк,
Иий... Тай, тай, тай бөбөк.
Эрмегимсиң эркетайым, кичинем,
Эзилемин ичимен.
Көздөрүңдү көрсөм деп,
Белек алып берсем деп,
Шашып барам ишимден.
Шашып барам ишимден.
Кайырма:
Жарымысың күйүп турган жанымдын,
Жалынысың канымдын.
Тулпары бол жердеги,
Шумкары бол көктөгү.
Эркин Кыргызстаныңдын,
Эркин Кыргызстаныңдын.
Кайырма:
Сагынамын, мен сени сагынамын,
Сагынганда жаңгактай чагыламын.
Ойлойсуңбу, сен мени ойлойсуңбу,
Ойлогондо кусадар болбойсуңбу?
Кызганамын, мен сени кызганамын,
Кызгангандан айылыңа жүз барамын.
Мени менен жүрөсүң, ал менен да,
Кыянаттык кылдың го махабатка.
Бара албаймын, жаныңа бара албаймын,
Барган менен мен сендик боло албаймын.
Каалоо айтып, ызадан ыйлабаймын,
Тилек айтып, өзүмдү кыйнабаймын.
Сөзү : С.Жумалиевдики
Обону : С.Жумалиевдики
Ичирдим, кийинттим кастарлап,
Үйрөттүм, чоңойттум кас-кастап.
Үйлөдүм, үй бөлдүм, эми уулум,
Бизди кой, өзүңдү өзүң бак.
Жашыңдан сүйүүгө берилбе,
Көйрөңдөй, көңдөйдөй сезилбе.
Дүнүйөң жок болсо, жок болсун,
Уятың бар болсун бетиңде.
Басарсың тоолордо, түздөрдө,
Бактылуу боло көр чоң жолдо.
Атанын, эненин кадырын,
Билерсиң балалуу болгондо.
Көзүңдөгү керемет, көзүңдөгү,
Көрүнбөгөн жазуулар сезимдеги.
Жалжылдаган каректин сырын билбей,
Жаман экен жүрөктүн эзилгени.
Катасыңбы сырыңды, катасыңбы?
Карегиңде айталбай жатасыңбы?
Айтпасаң да жактырып калдым окшойт,
Адеби бар адамдык сапатыңды.
Ичиңдеби илебиң, ичиңдеби?
Илебиңдин кызылы жүзүңдөбү?
Көңүлүңдү сыйлап калдым мен окшойт,
Көп кыйнабай адамды түшүнгөндү.
Күлгөнүңдү жактырдым, күлгөнүңдү,
Күнөөкөрдөй айталбай билгенимди.
Билсең болду эми мындан сен ары,
Үмүт үзбөй өзүңдөн жүргөнүмдү.
Көзүңдөгү керемет, көзүңдөгү,
Көрүнбөгөн жазуулар сезимдеги.
Жалжылдаган каректин сырын билбей,
Жаман экен жүрөктүн эзилгени.
Сөзү : И.Абдыразаковдуку
Обону : И.Абдыразаковдуку
Тагдырым берген жөлөгүмсүңбү,
Таалайым сунган белегимсиңби?
Махабат кошкон биздин жүрөктү,
Маңдайга жазган медеримсиңби?
Кайырма:
Күлкүңдөн кубат алып жашайын,
Турмуштун кырын бирге ашайын.
Жараткан кошкон узун жолумда,
Жанашып бирге чогуу басайын.
Багыма конгон периштемсиңби,
Бактымды чогуу бөлүшкөнсүңбү?
Балбылдап жанган көзүңдөн сенин,
Бакытым үчүн көрүшкөнбүзбү?
Кайырма:
Бирде суук, бирде ысык,
Өмүрүң учат сызып.
Бул жашоо деги бизге,
Эмнеси менен кызык?
Өкүнбөгөн адам барбы?
Кубансаң да арты кайгы.
Бар байлыгың бул жашоодо,
Ал артыңда туяк калды.
Кайырма:
Сүйүү оту жана берсин,
Өзүңө окшош бала берсин.
Сүйүшкөндөр түбөлүккө,
Ушул бойдон кала берсин.
Жетпесең тилегиңе,
Жетпесең сүйгөнүңө.
Бул жашоо деги бизге,
Кереги бар эмне?
Сүйүшпөгөн адам барбы?
Сүйүп калган кандай жакшы?
Үзүлбөгөн үмүт менен,
Күтсөң ошол жашоо вальсын.
Кайырма:
Сагынам, зарыгам
Кетип калсаң жанымдан.
Караалдым, кагылам кара көз кабагыңдан.
Учуруп көктөмгө,
Бактылуу кылганыңдан.
Эркелеп, эзилип чыкпасам кучагыңдан.
Ай, ай болуп сага жанам,
Мен үчүн болсоң анан.
Жаным ай, жаным,
Эрке кучагыңда,
Ээ болдум багыма.
Сен, сен үчүн күйүп-жанам,
Жылдыздан тилеп алгам.
Бактылуу кыламын деп,
Тилек кылгам.
Асылым, алтыным менин жыргалым,
Эркелеп бүтпөс ай, ай, ай.
Күнүм-түнүм сен,
Жылдыз-айың мен болом.
Жамгырым болсоң,
Сен деп суусап чөл болом.
Эгер көл болсоң,
Ак куу болуп мен коном.
Бактылуу бол деп,
Жаныңда мен коштоп жүрөм.
Сагынам, зарыгам
Кетип калсаң жанымдан.
Караалдым, кагылам кара көз кабагыңдан.
Учуруп көктөмгө,
Бактылуу кылганыңдан.
Эркелеп, эзилип чыкпасам кучагыңдан.
Ай, ай болуп сага жанам,
Мен үчүн болсоң анан.
Жаным ай, жаным,
Эрке кучагыңда,
Ээ болдум багыма.
Сен, сен үчүн күйүп-жанам,
Жылдыздан тилеп алгам.
Бактылуу кыламын деп,
Тилек кылгам.
Асылым, алтыным менин жыргалым,
Эркелеп бүтпөс ай, ай, ай.
Күнүм-түнүм сен,
Жылдыз-айың мен болом.
Жамгырым болсоң,
Сен деп суусап чөл болом.
Эгер көл болсоң,
Ак куу болуп мен коном.
Бактылуу бол деп,
Жаныңда мен коштоп жүрөм.
Аксаткындын селкинчек,
Андай теппей мындай теп.
Бурулчанын селкинчек,
Бурбай теппей мындай теп.
Ойноп,ойноп алгыла,
Ойрон калаар бул дүйнө.
Күлүп,күлүп алгыла,
Күмүрөң калаар бул дүйнө.
Кайырма:
Жашыл жоолук дүрдөй жан,
Жаңы ачылган гүлдөй жан.
Кызыл жоолук дүрдөй жан,
Кыз-келиндер гүлдөй жан.
Бурулчанын селкинчек,
Бурбай тепчи келинчек.
Сүйүмкандын селкинчек,
Сүйлөп тепчи келинчек.
Биз болбосок өмүрдө,
Кызыгы жок кыздар ай.
Тамылжыган жүзүңдүн,
Кызылы жок кыздар ай.
Кайырма:
Аксаткындын селкинчек,
Андай теппей мындай теп.
Бурулчанын селкинчек,
Бурбай теппей мындай теп.
Селкилердин колунан
Секин кармап алабыз,
Түн уйкудан ойготуп
Сарсанаага салабыз
Кайырма:
Над землей летели лебеди,
Солнечным днем.
Было им светло и радостно,
В небе вдвоем.
И земля казалась ласковой,
И в этот миг,
Вдруг по птицам кто-то выстрелил,
И вырвался крик…
Что с тобой, моя любимая?
Отзовись скорей,
Без любви твоей, небо все грустней.
Ты прости меня, любимая,
Что весенним днем, в небе голубом,
Как прежде, нам не быть вдвоем.
В небесах искал подругу он,
Звал из гнезда.
Но молчание ответило,
С птицей беда.
Улететь в края далекие,
Лебедь не смог.
Потеряв подругу верную,
Он стал одинок.
Ты прости меня, любимая,
За чужое зло,
Что мое крыло, счастье не спасло.
Где же ты, моя любимая?
Отзовись скорей,
Красотой своей нежной сердце мне согрей.
И была не поправимою,
Эта беда.
Что с любимою не встретиться,
Он никогда.
Лебедь вновь поднялся к облаку,
Песню прервал.
И сложив бесстрашно крылья,
На землю упал.
Я хочу, что бы жили лебеди,
И от белых стай,
И от белых стай,
Мир добрее стал.
Пусть летят по небу лебеди,
Над землей моей,
Над судьбой моей ведите,
В светлый мир людей…
Сансыз ойлор сага жетпеди,
Эски гүлбак эстен кетпеди.
Келсе деймин кайра кайрылып,
Эң алгачкы сүйүү кечтери.
Кайырма:
Гүлбактамын, ойго батамын,
Эми сени кайдан табамын?
Таарынганымда издеп барбадың,
Капамды мен кантип жазамын?
Жаштык деген – жалын кез экен,
Өчүп кайра жануу тез экен.
Жылуу сезим ошол кездеги,
Дале болсо эстен кетпеди.
Кайырма:
Жарык болгон ошол көз ирмем,
Чагылгандай жанып турду экен.
Учкун сезим кайра тутанып,
Жанса экен деп тилейм ичимден.
Кайырма:
Түндө жанган чырагым,
Сүйүү гүлүн сунамын.
Көңүлүмдүн көпөлөгү,
Мага кончу сен.
Каректериң карагат,
Нуруңа таң агарат.
Сыйкырың бар,
Жүрөгүмө кирип алдың сен.
Жолуң тосуп барамын,
Күндө издеп карааның.
Сунган гүлүм кабыл алчы,
Кара көзүм, сен.
Кайырма:
Кашың өйдө кагып басканың,
Өзүң менен ачык асманым.
Көз карашың мага таштагын,
Сулуу пери, шашпагын.
Башкачасың кыздардан,
Жигиттерден кызганам.
Колуң сунчу кусалантпай,
Бакытым сен.
Баары сага суктанат,
Күлүп койчу бир карап.
Көңүлүңдөгү ачкычын,
Уурдап алам мен.
Жолуң тосуп барамын,
Күндө издеп карааның.
Сунган гүлүм кабыл алчы,
Кара көзүм, сен.
Кайырма:
|