6 жашында жыгылып, бир көзү менен мурдунан айрылган Баатыр БаназаровЖүктөлгөн: 12-01-2018
00:56
6,12 Мб
Автор : Кызжибек Раимова
Оператор : Руслан Алыбаев
Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Кара-Төбө айылынын 32 жаштагы тургуну Баатыр Баназаровдун абалы күндөн күнгө оорлошуп жатат. Учурда анын бир көзү жок, мурду да толук эмес.
Ал ден соолугу чың төрөлүп, 6 жашка чыкканда бети менен жыгылган. Ата-энеси балдар үчүн боло берген көрүнүш деп анда маани берген эмес. Убакыттын өтүшү менен бети ириңдеп, сөөгүнө жеткен. Дарыгерлер 1 көзүн, мурдунун бир бөлүгүн алып салышкан. Учурда ал дарылануу үчүн жардамга муктаж. |
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "SUPER.KG ВИДЕО" бөлүмүнө кирди:
|
Анан, супер инфо, жайында боору ооруган аке жардам сурап кайрылды эле, ошол аке эмне болду экен? "Абалы жакшырып калды бекен" деп ойлоно берем.
Туура, мен да кошулам, бул жерде апасы да кунолуу, убагында карап, даарылатса , мынчалык болмок эмес деп ойлойм.