super.kg logo

Дарыгер: "Көзү менен мурдунан айрылган Баатыр Улуттук онкология борборуна жаткырылды, ал 12 жылдан бери рак илдети менен күрөшүп келген"

 

Бир көзү менен мурдунун бир бөлүгүнөн айрылган Баатыр Баназаров Улуттук онкология борборуна жаткырылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда борбордун дарыгер-ординатору Азамат Кошалиев SUPER.KG порталына билдирди.

"Мага бул адам тууралуу тааныштарым билдирип, апасы менен байланышып, шаарга чакыртып алдык. Баатыр Баназаров бүгүн ооруканага алынып келди, абалы оор. Бир көзү, мурдунун бир бөлүгү, үстүңкү эрини жок. Бейтап тамактанууда кыйналгандыктан абдан арыктап кеткен, алсыз. Апасы өзү уулунун оорусу тууралуу "Бети менен жыгылып, ошонун кесепети" деп түшүндүрүп жүрөт. Менин Баатырдын оорусу тууралуу топтогон маалыматым боюнча, ал 2006-жылдан бери бетиндеги залалдуу шишик илдети менен Улуттук онкология борборунда каттоодо турат экен. Көзүнөн, мурдунун бир бөлүгүнөн жана эрининин үстүңкү бөлүгүнөн ажырашына рак илдети себеп болгон, анткени рак чекесинен органды же терини жеп кете берет", - деди Кошалиев.

Ошондой эле ал Баатыр Баназаров буга чейин 3 ирет операцияны башынан өткөргөндүгүн, кайсы бир себептер менен үйдө дарыланууга чыгарылганын белгиледи.

"Бейтап 12 жылдан бери рак илдети менен күрөшүп келе жатыптыр, биз аны медициналык кароодон өткөрүп, анализдерин чыгарууга кириштик. Дарылоо жолдору оорусунун анализдери даяр болгондон кийин билинет, балким, чет өлкөгө жөнөтүү мүмкүнчүлүктөрү каралат. Колубуздан келген жардамды берип жатабыз, тамак-аш, уюлдук телефон дагы башка керектүү каражаттар менен камсыздалды. Жардам бергендер болуп жатат, топтолгон каражат дары-дармектерине, керек болгон каражаттарына жумшалат", - деп кошумчалады дарыгер.

Буга чейин 32 жаштагы Баатыр Баназаровдун абалы күндөн күнгө оорлошуп жаткандыгы жана ал жардамга муктаж экендиги тууралуу маалымдалган.

Жардам көрсөтүүнү каалагандар үчүн Баатыр Баназаровдун апасы Саткын Баназарованын байланыш номери 0773 679 822.






6 жашында жыгылып, бир көзү менен мурдунан айрылган Баатыр Баназаров

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
SUPER.KG видео
12.01.2018. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+35
Мен чалып билдим, акчаны Нурсултан чогултуп жатыптыр. Туугандар,50 сомдон болсо да жардам берели.

Анан, супер инфо, жайында боору ооруган аке жардам сурап кайрылды эле, ошол аке эмне болду экен? "Абалы жакшырып калды бекен" деп ойлоно берем.
kalima88 түзөттү 2018-01-12 21:35:08
SUPER.KG видео
14.01.2018. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Кудайым шыпаасын берсин апасына сабыр берсин. Ушундай кырсыктан кудайым озу сактасын
SUPER.KG видео
15.01.2018. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Аллахым шыпаасын берсин Амииин
15.01.2018. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кандай кылып акча которсок болот данныйларын толук жазып берсенер супер инфо
15.01.2018. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
taku88, жардамдашууну каалагандар үчүн Саткын Баназарованын байланыш номери 0773679822
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: