|
|
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Сөзү : Таалайбек Тойчуев
Обону : Таалайбек Тойчуев
Сөзү : Акбар Кубанычбеков
Обону : Мирлан Абдраев
Кыргыздын кызы жүзү нурлуу керемет
Кыргыздын кызы булуттарга тең келет
Ар убакта шыңгыр күлкү жаңыртып
Ала-тообузда өскөн дайым эркелеп
Кыргыздын кызы ачык күндөй жаркырап
Кыргыздын кызы жергебизге шаң курап
Мөлтүрөгөн көздөрүнө элимдин
Кең пейили сүрөт болуп тартылат
Кыргыздын кызы жаркырайт бир гүл өңү
Кыргыздын кызы улутумдун мүрөгү
Сулуулукка айлананы нурдаган
Кыргыздын кызы адамзаттын чүрөгү
Сөзү : Нур Чолпон
Обону : Нур Чолпон
Жетигеним өзүмдө ээй
Кубат алам күүмдөн эээй
Бут ааламды эргиткен ээй
Касиетим үнүмдө
Кара түндү как жарып
Жанып чыккан добушум
Желбиреген шамалда
Кырк өрүлгөн көкүлүм
Ырларымды келтирип
Арнаганым өзүңө
Кеп айтамын кулак салгын ээй сөзүмө
Карасан кочмон кызың бийлейт
Дам дигидей дигидей дигидо
Кошулуп ырга сен да бийле
Дам дигидей дигидей дигидо
Кочмон кызы ий да ий да
Дам дигидей дигидей дигидо
Кочмон жигит ий да ий да
Дам дигидей дигидей дигидо
Асман менен жериңдин,
Тирөөсүнөн бүткөндөй. Айын менен күнүндүн
Бир өзүнөн бүткөндөй.
Абадагы булуттун, Салкынынан буткондой
Асмандагы ай - нурдан ээй бүткөндөй
Карасан кочмон кызың бийлейт
Дам дигидей дигидей дигидо
Кошулуп ырга сен да бийле
Дам дигидей дигидей дигидо
Кочмон кызы ий да ий да
Дам дигидей дигидей дигидо
Кочмон ЖИГИТ ий да ий да
Дам дигидей дигидей дигидо
Кылымдардан кырлар ашып
Келе жатат бул кайрык
Муундан муунга отуп жатып
Менден чыкты
Дам дигидей дигидей дигидо
Дам дигидей дигидей дигидо
Кочмон кызы ий да ий да
Дам дигидей дигидей дигидо
Кочмон жигит ий да ий да
Дам дигидей дигидей дигидо
Дам диги дам дам
Дам диги до
Сөзү : Мукагали Макатаев
Обону : Султан Садыралиев
Сөзү : Кыял Тажиева
Обону : С. Садыралиев
Сөзү : Акжолтой Канат уулу
Обону : Акжолтой Канат уулу
Сөзү : Урмат Усенов, Султан Садыралиев
Обону : Султан Садыралиев
Жалбарып жаздан тилегем,
Жазыгым жалгыз билем мен.
Жан музам күүсүн толгойт,
Жандаймын көзүм тойбой,
Жазаңа даярмын мен.
Кызганып кыялым бузба,
Кызыгып куру сөз сузба.
Кылымдан курап берем,
Кыйраса улап берем,
Кызылдын гүлүн терем.
Кайырма:
Аячы, суранам сенден, суранамын,
Өз сүйүүмдү өзүмө кайрып берчи.
Аячы мени, аячы,
Өз сүйүүмдү өзүмө кайрып берчи.
Ойлоном ойдун таңында,
Ойгонсом деймин жаныңда.
Оюнсуз сезимдерим,
От алган кезим менин,
Ой, тобо, оору жедим.
Бактым деп сени тандадым,
Байкабай башка калганын.
Баркына жетеличи,
Байланып кетеличи,
Багынып эртелечи
Саамайың сылап,
Салкын жел жылат.
Ансайын сүйүүм ашып турат,
Күн чыкса күлүп,
Жүзүңдөн сүйүп,
Жүрөккө турат жарык тийип.
Кайырма:
Биз, эгиз жүрөк, бир болсок деп,
Эңсеп жүрөк.
Бирдей дайым максат тилеп.
Бакыт тилеп,
Бири-бирине болор тилек.
Сен да мага,
Мен да сага,
Энчиленген эгиз жүрөк.
Эрдиңден сүйө эзилип жүрөм,
Ээрчишип дайым бирге жүрсөк.
Айга да сени алмашпайм эми,
Сен барда Алла болбойт кеби.
Сөзү : Султан Садыралиев
Обону : Султан Садыралиев
Сөзү : С. Садыралиев, Асхат Субанбеков
Обону : С. Садыралиев
Атакеңди жер каратпа
Апакеңди жол каратпа
Тумар туткан алтын кызым
Тилегим оң тарапта
Кайырма
Кызытайым кызытайым кызытайым
Кызытайым күнүм айым
Кызытайым кызытайым
Эркелеген кызытай
Алла берген алтын кызым
Атасына жакын кызым
Кем болбогуң эч нерседен
Келечеги жаркын кызым
Ыйманыңды сакта кызым
Ырыскыңды чачпа кызым
Атакеңдин айткан кебин
Жүрөгүңө сакта кызым
Окшобогон эч бир жанга чырайлуу
Эч нерсеге алмаштыргыс кымбаттуум
Жараткан сени мага жаным берген
Жар кылып
Ысыгыма суугума чыдаган акылдуум
Кайырма
Көз ачып жумганымча өтөөрүңмүн
Ансыз да сезим таң бул назик көңүл
Көзүңөн айланам
Күлмүңдөп караган
Мен сени сүйөм сүйөм сүйөм кайталайм
Өзүңсүң жарык берген шам чырагым
Сүйкүмдүү кереметсиң карлыгачым
Бүтпөсүн сүйүүлөр калбасын көңүлдөр
Мен сени сүйөм сүйөм сүйөм кайталайм
Чайтаба жаңдаган да сен жүрөгүм
Жандырамын отун жагып мен бөлөнүн
Төгүлгөн мээримиңе төшөлсөм да жетпестир
Берекем аны сезип билип дайым жүрөмүн
Сөзү : Ильяз Абдыразаков
Обону : Ильяз Абдыразаков
Сөзү : Зарлык Камбаралиев
Обону : Зарлык Камбаралиев
Сүйүү сазына батып белчеден
Сагыныч кыйнайт,тартып желкеден
Бактылуу болуу кыялым эле
Ушулбу күткөн бактым эңсеген
Мен да кечейин,сен да кеч мени
Махабат бизге нурун сеппеди
Бактылуу кылам деген сөзүңө
Көзүм жетпеди
Кереги жок кайра жолоштун
Сен деп жүрүп күндөр короттум
Жүрөк муздап,муздап акыры
Сүйүүнү да сени жоготтум...
Кыйнасам бир жөн,көңүлү кош болуп
Чеги жок эркелеп,өзүнчө обу жоктонуп
Сени түшүнүп,ар дайым колдоп жүрчүмүн
Бир туруп сүйгөнүң,бир туруп дос болуп
Жүрөгүм жанчылат...
Үмүттү кескилейм кайчылап
Сезимдерим жаш болуп тамчылап
Сөзү : З.Камбаралиев,
Обону : А.Абдиева
Сени менен
Дал келбей ойлор мен издеген
Муз барбы кунго ээрибеген
Жылытсан болмок демин менен
Бир азга мени издебе
Киргиздим кара тизмеге
Баары бирге калтырдык биз неге?
Себебин билгим келет
Бизге кереги пауза
Оюмду толук жыйнап алууга
Фобия мага сенсиз калуу да
Сен умут бер жол табууга
Токтодук...
Мурдагы суйуу жок болуп
Конулсуз кундор топтолуп
Тутанбай калдык от болуп
Капалуу жуктосом stories
Жазба "Good night,good morning"
Журогумдун эркине кой менин
Кыйнады ооруй берип
Сөзү : З.Камбаралиев
Обону : А.Абдиева
Сени көрүү артык жыргалдан
Сөздөрүңө болдум тыңдарман
Кызганып кетем өзүндү
Көздөрүң сүзгөн кыздардан
Башканы каратпай
Мас кылып таратпай
Жүрөктү кызыттың
Жүзүмдөн жасалган кызыл шараптай
Сөзүң жагат таттуу,шеке-шекер
Ашык кылып мени ого бетер
Көңүлүмө туура келбей жүрөт
Жүргөнүбүз биздин жеке-жеке
Таба албайсын даба эч кайдан
Журогуно чокту мен салгам
Тутанып кетсе жалындап
Мен болом сага тез жардам
Сөзү : З.Камбаралиев
Обону : З.Камбаралиев
Бакытыма менин,жазылып озун
Сени менен толук, жүрөгүм бүтүн
Сүйүү менен боёп, сырдасак деймин,
Биз экөөлөп курган махабат уйун
Сен болсон жанымда
Колумдан жетелеген
Сен болсоң жанымда
Таянам, эркеленем
Сен болсон жанымда
Журогу куйуп турган
Сен болсон жанымда
Аярлап суйуп турган
Сен бар учун бармын,сынбай канатым
Кошо аккым келет,кайда агасың
Экөөбүзгө жетет, кубатым менин
Чогу сүзсөк узак жашоо дайрасын
Сөзү : Зарлык Камбаралиев
Обону : Зарлык Камбаралиев
Тынч жатпадым,туйшолуп тынч жатпадым
Сен келчудой,эшикти кылчактадым
Келбээринди кылт этип ойго салып
Жалгыздыктын жаздыгын кучактадым
Арманым бар эч кимге айта албаган
Арманым бар эч кимге байкалбаган
Кун откором ичимден сызган бойдон
Журогум сынган бойдон
Кантем анан,кантем анан
Куйут кошо коздон жаш ылдый агып,
Жалгыздык деп аталган чолдо калып.
Алыс жактан термелип чалкып турсан
Адашыпмын мен сени кол деп алып
Сөзү : Зарлык Камбаралиев
Обону : Зарлык Камбаралиев
Колумда кофе, бугун таң эрте
Оюмда жүзүң, кетпей элестейт
Экөөбүз түшкөн, сүрөттөр бир альбом
Сагындырып сени, сезимди ойготот
Жүрөгүм "Сахара"
Көңүл "Муз океан"
Канткенде унутуп
Канткенде жылытам
Эшикте жамгыр, басам акырын
Сен жок бош барат, ичи кол чатырдын
Өзүңө берип, жүрөгүмдү бүтүн
Болгум келгени чын, биринчин-акыркың
|