|
Сөзү : Жибек Максатбекова
Обону : Арслан Садыбакосов
Жаратканым мага энчилеп
Белек кылып берген балапанымсың
Жарык айдайым ишене албаймын
Сен жок кезде билбейм кантип жашадым
Кайырма:
Эркетайым менин эркетайым
Маңдайымда жүрчү сен ар дайым
Балапанымсың менин көктө жылдызым
Бакыт мага түгөнгүс сенин кылыгың
Кандай бакыт жанымда барың
Жыттап алып сени кубаттанамын
Күндөй жайнасаң апоу деп айтсаң
Ал ансайын ачылат менин асманым
Кылыктарың сонун эркелеп
Сөздөрүң таттуу тартат өзүнө
Күлгөнүң сулуу көздөрүң нурлуу
Жаратканым бакытты берсин өзүмө
Сөзү : К.Урманбетов
Обону : Х.Азиреткулов
Көңүлүм байланабы?
Көзгө жаш айланабы?
Колуңду коё бербей,
Кош дедим кайра дагы…
Толгонуп шашылбадым,
Токто деп чакырбадың.
Топ таштай чачылганмын,
Сен мени жоготтуңбу?
Токтолуп шашылбадым,
Токто деп чакырбадың.
Чакмактай чачылганмын,
Сен мени жоготтуңбу?
Айтпадым намыс барын,
Акырын алыстадым.
Капарга алганың жок,
Кабыргам кайышканын.
Кайгырып шашылбадым,
Кайрыл деп чакырбадың.
Шурудай чачылганмын,
Сен мени жоготтуңбу?
Кайрылып шашылбадым,
Кайткын деп чакырбадың.
Мончоктой чачылганмын,
Сен мени жоготтуңбу?
Күймөлүп басып араң,
Күн менен батып барам.
Күн чыгат кайра-кайра,
Мен чыкпайм, жашып барам.
Кармалып шашылбадым,
Кайткын деп чакырбадың.
Жылдыздай чачылганмын,
Сен мени жоготтуңбу?
Кылчактап шашылбадым,
Кыйкырып чакырбадың.
Кыргыздай чачылганмын,
Сен мени жоготтуңбу?
Сөзү : С.Молдоев
Обону : С.Молдоев
Себелеп жамгыр төксө айланага,
Сезимдер калган өңдүү
ай-талаада.
Алыста жалгыз калган ак куу сымал,
Түгөйсүз кыйын тура,
Түгөйсүз кыйын тура бул жалганда.
Учса да канаттуулар эки-экиден,
Учууга канатым жок мен издеген.
Сагынып кусаланып жүрсөм дагы,
Үмүт бар жолугууга,
Үмүт бар жолугууга чын сүйүүдөн.
Элесиң калсын менде кылымдарга,
Унутпайм жүрөгүмдө сезим барда.
Жашоомдо канча жылдар калса дагы,
Бир сага арзуу айтам,
Өзүңө арзуу айтам бул ырларда.
Жашоомдо канча жылдар калса дагы,
Сүйгөнүм сен деп жатам,
Сагынычым айтып жатам бул ырларда.
Сөзү : БАУРЖАН БЕКАХМЕД
Обону : БАУРЖАН БЕКАХМЕД
Кабар берип сыйга айтпаса
Катар басып назар салбаса
Таарынбачы тамырлашыңа
Эгер колдо дүнүйө болбосо
Таарынбачы тамырлашыңа
Эгер колдо дүнүйө болбосо
Эркелесең агаңа жакпас
Жомок айтсаң балаңа жакпас
Азилдериң эч кимге ж
https://lyricstranslate.com/ru/altinay-narbayeva-eger-koldo-dunuyo-bolboso-lyrics
Сөзү : Ж.Максатбекова
Обону : А.Садыбакасова
Жүрөгүмө сен жылуулук арнадың
Көздөрүңдөн мен бакытты табамын
Сенсиң менин он сегиз миң ааламым
Бир өзүңө байланамын
Сени менен бакыт барын сеземин
Билем жаным жалгыз сендик экеним
Менин тунук бакытыма себебсиң
Жүрөгүмдө сезимдесиң
Кайырма:
Сен менин жаным
Мен бактымды таптым
Жаркытып жашоомо
Жарык нуруңду чачтың
Дайым менин жанымдасың бир өзүң
Жагат мага сүйүп турган мүнөзүң
Сени менен чогу бирге өткөргөн
Кымбат мага мүнөттөрүң
Бактылуумун өзүң барсың жанымда
Эркелетип сүйүп турган дайыма
Кандай жакшы жазылган бактыма
Бакыт болбой башкаларга
Сөзү : Курманбеков Нурбек Кубанычбекович
Обону : Курманбеков Нурбек Кубанычбекович
Күндөр айга айлар жылга алмаштыбы,
Өткөн күндөр унутулбай
жармаштыбы.
Эске түшсө сүйкүм жүзүң
Өңүмбү деп сүйүнөмүн
Ак сүйүүнүн баркын билбепмин!
Эх жаным издейм элесин,
Күтүүдүн соолуп келемин.
Кайгыга арманга таштаба.
Мезгил өтөт кыш жаз жай күз айландыбы,
Өткөн күндөр эстен кетпей жармаштыбы.
Түшкө кирсе айдай жүзүн
Мен өзүмдү жемелеймин махабаттын баркын билбепмин!
Эх жаным издейм элесин,
Күтүүдүн соолуп келемин.
Кайгыга арманга таштаба.
Сөзү : Курманбеков Нурбек Кубанычбекович
Обону : Курманбеков Нурбек Кубанычбекович
Жашыттың көз көрүнө
Чачырап бүтүн бүлөө
Жетээриң ошол беле
Жаза алдым кай күнөөмө
А кантип эркиң жетти
Жүрөгүм оорутууга
Сен деген сезимимди
Айланттың кыяматка
Чын эле кантип бардың
Дүйнөмдү аңтарууга
Санаамды ызаа толгон
Чаңдатып сапырууга
Тап берем тагдырыма
Наалыймын таалайыма
Жаралбай койгондо эмне
Дүйнөгө бул жарыкка
А кантип дитиң барды
Сүйүүмдү бүлдүрүүгө
Урабас махабатым
Күч менен сүрдүрүүгө
Ишенбейм ызааланам
Күйүткө батып барам
Арман күн курчап алды
Эми мен кантип жашайм
Башканын келинчеги
Болдуңбу кеңешээри
Ак жоолук куп өзүңө
Жарашса керек эми
Кош болгун бактылуу бол
Болбоймун сага тоскоол
Жүрөктөн тапканыңдын
Ардагы таалайы бол
Эстебе кайрылбагын
Мен эми башка адаммын
Жараатты таңып болбойт
А кайра ырбатпагын
Кечирим сурабагын
Сөзү : Чынгыз Турдубеков
Обону : Ильяз Абдразаков
Кол кармашып дайым,
Сен жанымда жүрсөң.
Чексиз бакыт ошол,
Мага карап күлсөң.
Бирге тосуп таңды,
Жанып өмүр шамы,
Сен бар үчүн турат
Гүлдөп сүйүү багы.
Мост
Таалайыма жазылган менин,
Түбөлүктүү ак сүйүүм сенсиң.
Табыштырып махабат бизди,
Тагдырыма берген белегим.
Кайырма
Жарыгым сенсиң,
Жаркыратып мени,
Жашоомо нур болуп келген.
Жалгызым менин,
Жанымда тирегим
Жашоомдогу бакытым сен.
Кармашкан колубуз,
Дайым бекем болуп.
Бакыттын ак кушу
Башыбызга конуп
Сүйүүбүздүн күчүн,
Дайым бийик коюп.
Үйүбүздүн төрү,
Бактыбызга толуп.
Сөзү : Акбар Кубанычбеков
Обону : Руслан Исаков
Сөзү : Зарлык Камбаралиев
Обону : Зарлык Камбаралиев
Айтчу созун ирет менен тизип алып башта
Тындайын мен создорунду жакпаса да жакса
Чачпа-чачпа,шашпа-шашпа,аста-аста ула
Тет-а-тет айт,ичке катпай,же смс жазбай
(Уоуоо)Мен айтайын эми чындап
(Уоуоо)Эми менин создорумду тында
Жана-жана-жана-жана бер
Дагы бир айткым келет
Жана-жана-жана-жана бер
Биздин жолдор бирок "Параллель"
Тоготподу,жолотподу деген ойдо калба
Махабат бул 2 адамдык,3 адамга жол тар
Какпай-какпай,жай гана жай,аста-аста сурайм
Тоспо-тоспо,жолду бош кой,башкаларга чамда
Обону : Келдибек Тургунбаев
Сөзү : Жыпара Исабаева, Нурмат Садыров
Обону : Эдил Маматов, Атей
Сөзү : Кундуз Авашованыкы
Обону : Саламат Садыкованыкы
Сөзү : Нурбек Курманбековдуку
Обону : Нурбек Курманбековдуку
Эстейм ыйлайм сагынамын куломун,
Калем кармап сабак жазган тундорду.
Келсе экен дейм ата энем,
Жакшы оку деп шаарга узаткан кундорду.
Студенттик кундор соонун барктуусун,
Тушундуруп турмуш ачуу таттуусун.
Ач калсам да ток калсам да,
Жатакана шандуусун.
Сабактардан калганда,
Шылтоо издеп калчумун.
Сабактардан качканда,
Шылтоо таппай калчумун.
Кыздар басса назданышып каткырып,
А жигиттер тизе бугуп гул сунуп.
Жаштыгым да билгизбей ,
Ошол кезде колун булгап кеткен го.
Эстейм ыйлайм сагынамын куломун,
Китеп окуп уктап калган тундорду.
Келсе экен дейм агай эжем,
Жакшы оку деп зачёт койгон кундорду.
Сөзү : Жылдызбек Ниязов
Обону : Нураддин
Бакытка балкып, жүздөрү жаркып
Эки жаш баш кошту бүгүн
Кубанып жүздөр, шаңданып үндөр
Тосушуп махабат күнүн
Ата-эне келсин, батасын берсин
Бакытын тилеп жаштардын
Келген коноктор, кубанып бирге
Бийлейли тойдо баарыбыз
Кайырма:
Ак жол каалайбыз, турмушка жаңы кадам койгон жаштарга
Түбөлүк бирге, болушсун дайым, бакыт гүлүн ачканга
Келинди жандап, сезимди арнап
Жигит турат кубанып
Достору бирге кошулуп бийде
Шаң күлкү ырга уланып
Ата-эне келсин, батасын берсин
Бакытын тилеп жаштардын
Келген коноктор, кубанып бирге
Бийлейли тойдо баарыбыз
Сөзү : Тимур Салиевдики
Обону : Нурлан Насиптики
Сөзү : Эрнис Түмөнбаевдики
Обону : Сагын Каримовдуку
Сөзү : Зарлык Камбаралиевдики
Обону : Зарлык Камбаралиевдики
Сөзү : Жыргал Жусупованыкы
|