|
Аччы бүгүн көңүлдү,
Шаңга бөлөп өмүрдү.
Достор шайыр-шат болуп ,
Көтөрчү бир көңүлдү.
Кайырма:
Жадырачы жаздай,
Каалайм шаттык маанай.
Таза болсун көңүлдөр да,
Жааган аппак кардай.
Жаркырачы жайдай,
Жазып жаркын маанай.
Ырдап, бийлеп сайрандайлы,
Карап туруп калбай.
Жабыркаткан жанымды,
Унут көйгөй барыңды.
Андан көрө кел бийлечи,
Көрсөт бийге алыңды.
Кайырма:
Жүрөк жаштык чагыңда,
Ойноп-күлгүн жалында.
Тартынып сен турбастан,
Бийлеп, ырдап сайрааңда.
Кайырма:
Көзүңдөн мен көзүмдү ала албаймын,
Мен өзүңө батынып бара албаймын.
Эң алгачкы көз караш сыйкыры бар,
Баштаар сөздүн ачкычын таба албаймын.
Көзүңдөн мен көзүмдү кантип таптым,
Көзүң менен көзүмө алоо жактың.
Карегиңе карегим кыналарда,
Кирпигиңди тизилген медет жаптың.
Кирпигиңди көтөрчү бир аз гана,
Көз отуңдун илеби тийсин мага.
Жоодураган түн сыяк кара көздөн,
Жарк-журк этсин учкундар жылдыз жана.
Эң алгачкы көз караш нурдай болуп,
Эртели-кеч эргиткен сырдай болуп.
Эсте калат эскирбей ошол бойдон,
Эл жаттаган ашыктык ырдай болуп.
Күтпөчү сагынарым, сагынарым,
Саргайып калар бекер ак ыраңың.
Жайнаган элик көзүң сумсайбасын,
Жароокер мен өзүңдү сагынамын.
Келип кал дүйнө-жүзүн жарык кылып,
Шоолаңды, нуруңду эч аябастан.
Өзүңсүз мен кеттим муздай сынып,
Өзүңсүз жылдызы жок, бүркөк асман.
Маанилүү сен бар үчүн жарыкчылык,
Маанилүү ырдоо жана күтүү жетпей
Тагдырым берет жыргал зарыктырып,
Жашаймын махабаттан үмүт үзбөй
Турмушумда качандыр бир өткөндөр,
Кайдасыңар, өмүрдөгү көктөмдөр?
Жарык кылып сезимимдин мейкинин,
Достук, сүйүү шоолаларын төккөндөр.
Кайдасыңар, кызгалдактуу,
Кызгалдактуу көктөмдөр?
Ал из узап кете берет өрүлөп,
Тээ учунан сенин шоолаң көрүнөт.
Менде сүйүү, сени эңсеп сагынуу,
Көздөрүмөн жылдыз болуп төгүлөт.
Кайдасыңар, кызгалдактуу,
Кызгалдактуу көктөмдөр?
Мен да сенин сезимиңе из салып,
Калтырдымбы шооласындай жылдыздын?
Махабаттын бийик кармап байрагын,
Сагынычы боло алдымбы бир кыздын?
Кайдасыңар, кызгалдактуу
Кызгалдактуу көктөмдөр?
Калтардай чачың тарадың неге
Кайгылуу муздак карадың неге
Каркыра болуп канаты талган
Качанкы мени аядың беле
Кундуздай чачың тарадың неге
Кусалуу муздак карадың неге
Кунарсыз түндөй тажадың беле
Кумарлуу кечти самадың беле
Өмүрдүн ызгаар борону болуп
Өксүгөн ырдын обону болуп
Өлчөсүн таппай, махабат демин
Өзүңдү келем жогору коюп
Арзууда барбы жазыгым менин
Алыстап кеттиң ашыгым менин
Ааламдан издеп, асылым демим
Жаштыгым менин, асылым менин
Гүлдөй назик, гүл кызым,
Эсен-соо болуп жүр, кызым.
Тийгениң менен тең кары да,
Башыңдан бакыт жылбасын.
Күндөрүң болсун кылымдай,
Жыргалың жатсын жыйылбай.
Тарыхта жаша из салып, ай,
Нарындын ташкын суусундай.
Ой, гүл кызым,
Нарындын ташкын суусундай.
Кайгыга такыр чөмүлбөй,
Таалайың болсун көлүндөй.
Калса экен ушул колуңар да,
Кармашкан бойдон бөлүнбөй.
Ак булут тоодон жылгандай,
Жаш кезек өтөт буйдалбай.
Өзгөчө жакшы келин бол, ай,
Кайненең каалап тургандай.
Ой, гүл кызым,
Кайненең каалап тургандай.
Көшөгөңөр көк болсун,
Көңүлүңөр төп болсун.
Узак өмүр сүргүлө да,
Балдарыңар көп болсун.
Ак булут тоодон жылгандай,
Жаш кезек өтөт буйдалбай,
Өзгөчө жакшы келин бол, да,
Эл-журтуң каалап тургандай.
Ой, гүл кызым,
Эл-журтуң каалап тургандай.
Обону : Калыбек Тагаевдики
Сөзү : Б.Борбиевдики
Обону : Б.Борбиевдики
Ал жерде туптунук тазалык бар,
Алдоо жок, жок да капалыктар.
Күлкү бар, жок да ыйлоо деген,
Ал жерде өчпөс сүйүүлөр бар.
Кайырма:
Ал менин кыялымдагы жомок,
Бактылуу күндөр бар, аягы жок.
Ажырашкыс болуп сен экөөбүз,
Жомокто жашап калсак болмок.
Ал дүйнөдө жок да жалган деген,
Арзуу бар, жок да арман деген.
Аруулук сиңген бул дүйнөдө,
Ар дайым ыйык сүйүү деген.
Кайырма:
Аксаткындын селкинчек,
Андай теппей мындай теп.
Бурулчанын селкинчек,
Бурбай теппей мындай теп.
Ойноп,ойноп алгыла,
Ойрон калаар бул дүйнө.
Күлүп,күлүп алгыла,
Күмүрөң калаар бул дүйнө.
Кайырма:
Жашыл жоолук дүрдөй жан,
Жаңы ачылган гүлдөй жан.
Кызыл жоолук дүрдөй жан,
Кыз-келиндер гүлдөй жан.
Бурулчанын селкинчек,
Бурбай тепчи келинчек.
Сүйүмкандын селкинчек,
Сүйлөп тепчи келинчек.
Биз болбосок өмүрдө,
Кызыгы жок кыздар ай.
Тамылжыган жүзүңдүн,
Кызылы жок кыздар ай.
Кайырма:
Аксаткындын селкинчек,
Андай теппей мындай теп.
Бурулчанын селкинчек,
Бурбай теппей мындай теп.
Селкилердин колунан
Секин кармап алабыз,
Түн уйкудан ойготуп
Сарсанаага салабыз
Кайырма:
Сезимдерге ай нурундай себилген,
Бизде жашайт унутулгус көз ирмем.
Саамайымдан эркелетип сылаган,
Ал кезекти чыгарбаймын эсимден.
Кайырма:
Сенин сулуу көзүңдөн,
Күн шооласы төгүлгөн.
Бакытымды туямын мен,
Балдай таттуу сөзүңдөн.
Эсте калды унутулгус көз ирмем,
Жан эргитип сен да билген, мен билген.
Таалайымдын өзүң болдуң туткасы,
Бакытымсың буюрган бир Теңирден.
Кайырма:
Жолум тосуп ак гүлүңдү кармадың,
Күттүң чексиз, күтүүдөн эч талбадың.
Сен дүйнөмдү жазга оросоң, ардагым,
Мен да сага бир өзүмдү арнадым.
Кайырма:
|