Аида Салянова: "Отставкага кетишимдин себеби - президенттин мага көрсөтүп келген колдоосунун жоголушу"

Башкы прокурор мамлекет башчынын колдоосу жок коррупция менен жалгыз күрөшө албайт. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда маалымат жыйынында мурунку башкы прокурор Аида Салянова билдирди. "Башкы прокурор кызматында иштеген мөөнөтүмдө мага каршы чыккандар мени кызматтан кетирүүгө ар кандай терс ыкмаларды колдонушту. Булар: коркутуулар, шантаж, негизсиз айыптоолор. Бирок саясий интригалардан менин принциптерим жогору болду",- деди Салянова.
Автор: Нургазы Аматов
Фото: Нургазы Аматов
"Менин кызматтан кетүүмө негизги себеп - президенттин мага көрсөтүп келген колдоосунун жок болуп калышы. Менин чоң-чоң пландарым бар болчу, бирок президент тараптан колдоо сезбей калдым. Башкы прокурор эффективдүү иштеши үчүн өлкө башчынын колдоосу болушу зарыл",- деп белгиледи Салянова.
"Коркутуулардан улам акыркы катымды жазып, катып коюуга аргасыз болдум" дейт Аида Салянова
Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Азамат Бакиров
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

