Жоомарт Оторбаев: "Кумтөрдү" улутташтырууга өкмөт даяр"
"Кумтөрдү" улутташтыруу боюнча өкмөт керектүү чараларды көргөн, негизинен мындай кадамга барууга даярбыз",- деп билдирди премьер-министр Жоомарт Оторбаев парламенттин 26-февралдагы жыйынында. Өкмөт жетекчиси улутташтыруу башка жол калбай калганда гана колдонула турган чара экенин айтат.
Автор: Автандил Добулбеков
"Биз кандай болбосун компромисттик чечимге келишибиз керек. Ушунун үстүндө иштеп жатабыз да. Эгер таптакыр келише албай калсак, анда улутташтыруу боюнча ойлонобуз. Мындай кадамга өкмөт даяр",- деди Оторбаев.
Депутаттар мурункудай эле эки түрдүү позицияда: "улутташтыруу же үлүштү 50х50 пайыздан бөлүү шартында жаңы ишкана түзүү".
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:17
2026-11-14
15:30
2026-11-13
13:55
2026-11-13
12:07
2026-11-13
11:57
2026-11-13
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















