super.kg logo
  Саясат  

Мурдагы элчи Идрис Кадыркулов анын дарегине айтылган айыптоолорго жооп берди (видео)

 

Бүгүн, 13-ноябрда Кыргызстандын Украинадагы мурдагы элчиси Идрис Кадыркулов анын дарегине айтылган сөздөргө жооп катары социалдык тармактагы баракчасынан кайрылуу жасады.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 8-ноябрында президенттин Москва районунун тургундары менен жолугушуусунда, Ак-Суу айыл өкмөтүнөн жаран кайрылган. Анын айтымында, Кадыркуловдордун үй-бүлөсү колхоздун имаратын менчиктештирип жана 3500 гектар жерди мыйзамсыз ээлеп алышкан. Ошондой эле мурдагы элчинин агасы, инисинин кызматтык абалынан пайдаланып айылдык тургундарга үстөмдүк кылып келе жатканын белгилеген.

Ал эми Идрис Кадыркулов анын жана бир туугандарынын дарегине айтылган сөздөр чындыкка дал келбей тургандыгын айтты.

"Колхоздун имараты боюнча айта турган болсом, 2004-жылы агаларым өз күчү менен айыл-чарба кооперативин түзүп, имаратты мыйзамдуу түрдө менчик ээлеринен сатып алышкан. Бул сыяктуу арыздар мындан алты жыл мурун да түшүп, бир нече жолу катуу текшерүүлөр жүргүзүлгөн. Тилекке каршы, ошол окуялардын артынан көптөгөн көйгөйлөр жаралып, агам Рустамбек Кадыркуловдон айрылып калдык.

Учурда мени каралап жаткан адам президенттикке талапкерлигин коюуга арызын сунуштаган. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, президент Садыр Жапаровго да кайрылгым келет. Сизге кайрылган жарандын Ак-Суу айыл өкмөтүнө эч кандай тиешеси жок экенин белгилегим келет. Менин оюмча, бул президенттик шайлоонун алдында уюштурулуп жаткан саясий аракет жана биздин үй-бүлөнүн аброюна шек келтирүү аракети.

Мен эч ким менен талашып-тартышууну каалабайм. Бирок мындан ары менин жана үй-бүлөмдүн аброюна шек келтирген аракеттерге көз жумуп карап отурбайм. Өз укугумду мыйзам чегинде коргойм",- деп билдирди мурдагы элчи.

Эскерте кетсек, Идрис Кадыркулов бүгүн элчилик кызматынан бошотулду.






Мурдагы элчи сындарга эмне деп жооп берди?

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: