Үстүнөн президентке даттануу түшкөн Кыргызстандын Украинадагы элчиси кызматтан алынды
Бүгүн, 13-ноябрда Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулдов кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.
Кадыркулов бул кызматка 2022-жылдын 25-январында дайындалган.
Белгилей кетсек, жакында президент Садыр Жапаровдун Москва районунун тургундары менен жолугушуусунда, Идрис Кадыркуловдун дарегине карата маалыматтар айтылган. Анда президент Кадыркуловго байланыштуу жагдайды өз көзөмөлүнө аларын айткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:30
2026-11-13
12:07
2026-11-13
11:57
2026-11-13
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















