super.kg logo
  Саясат  

Ахматбек Келдибековдун сот иши 13-мартка жылдырылды

Сот отуруму 13-мартка жылдырылды.
Сот отуруму 13-мартка жылдырылды.
Сот отуруму башталбай жатып 20 мүнөттүк тыныгуу жарыяланды.
Ахматбек Келдибековдун иши боюнча сот отуруму 13-мартка жылдырылды.
Ахматбек Келдибековду сүрөткө да, видеого да тартууга тоскоолдуктарды жараткан жан сакчылары "шефти тартканга болбойт" деп журналисттерди бастырбай жатышты.

Бүгүн, 10-мартта Биринчи Май райондук соту Ахматбек Келдибековдун ишин карамак. Бирок А.Келдибеков менен кошо соттолуп жаткан, убагында Социалдык фонддо анын орун басары болуп иштеген Батима Аманалиеванын адвокаты келбей калды. Андан сырткары сот отурумуна Келдибековдун коомдук жактоочусу Азимбек Бекназаров да келген жок. Буга байланыштуу сот отуруму 13-мартка жылдырылды. 

Буга чейин Келдибековдун жактоочусу ага карата козголгон кылмыш ишин токтотууну суранган. 

Эскерте кетсек, Келдибеков "коррупция" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айыпталып, 2013-жылдын күз мезгилинде камакка алынган эле. Былтыр август айында ден соолугуна байланыштуу чет өлкөгө дарыланууга кетип, 10-февралда Бишкекке кайтып келген. 

Ахматбек Келдибековдун сот иши 13-мартка жылдырылды

Автор: Мальвина Уметбекова
Оператор: Кайрат Сарбагышов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: