Жоомарт Оторбаев акыркы эки айда республикалык бюджетке 19 миллиард сом киреше түшкөнүн айтты
Кыргыз мамлекетинде акыркы 2 айда бюджеттин киреше бөлүгү көбөйүп жатканы байкалды. Муну премьер-министр Жоомарт Оторбаев 12-мартта өкмөттө өткөн кеңешмеде билдирди. Мамлекеттик бажы, салык кызматтары коюлган планды аткарганын, 2015-жылдын январь-февраль айларында бюджетке 19 миллиард 102 миллион 100 миң сом түшкөнүн айтты. Кошумча каржы булактарын табуу зарылдыгын белгилеп: "Эксперттердин пикири боюнча, республикада көмүскө экономиканын көрсөткүчү 40-60 пайызга чейин жетет. Бул чоң сан, баарыбыз аны легалдаштыруунун үстүндө иштешибиз керек",- деп билдирди өкмөт башчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:17
2026-11-14
15:30
2026-11-13
13:55
2026-11-13
12:07
2026-11-13
11:57
2026-11-13
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















