Башкы прокуратура Ахматбек Келдибековго козголгон кылмыш ишин кыскартуу өтүнүчү боюнча билдирүү жасады

Бүгүн, 13-мартта Башкы прокуратура депутат Ахматбек Келдибековго козголгон кылмыш иши боюнча расмий билдирүү жасады. Анда төмөнкүлөр жазылган:
"Биринчи Май райондук сотунда А.Келдибековго карата кылмыш иши каралып жатканда анын адвокаттары кылмыштын эскирүү мөөнөтү аяктаганына байланыштуу (Келдибеков Социалдык фонддун жетекчиси болуп тургандагы материалдар боюнча) депутатка тагылган айыптардын айрым эпизоддору боюнча кылмыштык иликтөөнү токтотуу жөнүндө өтүнүчүн келтиришкен.
Бүгүн, 13-мартта кезектеги отурумда мамлекеттик айыптоо аталган өтүнүчтү четке какты. Прокурор улуттук мыйзамга жана Конституциялык палатанын чечимине таянып, кылмыштын эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу токтотуу жөнүндө чечим чыгаруунун алдында кылмыш фактысы ырасталып, факт туура квалификацияланып, кылмыш жасаган адам аныкталышы керек деп түшүндүрдү".
Башкы прокуратура эгер кылмыштын эскирүү мөөнөтү өттү деп кылмыш иши токтотулса, анда ошол кылмышка шектелип жаткан адам күнөөсүн моюнга алды деп эсептелерин белгилейт.
Айта кетсек, А.Келдибеков "коррупция" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айыпталып, 2013-жылдын күз мезгилинде камакка алынган эле.
Былтыр август айында ден соолугуна байланыштуу чет өлкөгө дарыланууга кетип, 10-февралда Бишкекке кайтып келген.
Бүгүнкү соттук отурумда Келдибековдун иши боюнча 77 депутатты суракка алуу тууралуу чечим чыгып, кийинки отурум 17-мартка жылдырылды.
Ахматбек Келдибековдун иши боюнча 77 депутат суракка алынат

