Депутаттар парламенттик комитеттердин жыйындарына министрлердин келбей жатканына нааразы болушту
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин мүчөлөрү комитеттин 6-апрелдеги жыйынына чакырылган министрлердин себепсиз келбей калганына нааразы болушту. Буга аталган жыйынга Каржы, Айыл чарба жана мелиорация, Энергетика жана өнөр жай министрликтеринин башчыларынын ордуна орун басарлары келгени себеп болду.
Автор: Нургазы Аматов
"Министр жумушчу иш сапары менен жүрсө же жүйөлүү себептери бар болсо гана комитеттердин жыйындарына келбөөгө уруксат берилет. Эгер себепсиз келбей калса, тиешелүү маселени кароодон баш тартышыбыз керек",- дешти депутаттар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:30
2026-11-13
13:55
2026-11-13
12:07
2026-11-13
11:57
2026-11-13
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















