super.kg logo
  Спорт  

Бишкекте “Ажыдаардын төрөлүшү” аттуу фестиваль башталды

 
Феруза Исакова
Зейнеп Мархат кызы
Бакай Орозалиев

Бүгүн, 20-февралда Бишкек шаарындагы "Сейтек" балдар борборунда “Ажыдаардын төрөлүшү” аттуу ушу чеберчилиги боюнча фестиваль башталды. Анда 5 жаштан 70 жашка чейинки 300дөй спортчу ушу боюнча өз өнөрлөрүн тартуулашты. Ал эми калыстар фестивалдын катышуучуларынын өнөрлөрүн техникалык жана театралдык жактан баалашты. Бул фестиваль 2006-жылдан бери өткөрүлүп келет жана экинчи бөлүгү эртең, 21-февралда улантылат.

Фестивалдын айрым катышуучуларын кыскача сөзгө тарттык. 

Феруза Исакова, 51 жашта: “Ушу менен 7 жылдан бери машыгып келем, мурда сыналгыдан көрүп кызыгып жүрчүмүн. Ушунун ден соолукка тийгизген пайдасы чоң экен, ошондой эле руханий азык дагы тартуулайт”.

Зейнеп Мархат кызы, 9 жашта: “Мен ушу менен 6 жашымдан бери машыгам, мага ушунун көнүгүүлөрү абдан жагат, ошон үчүн машыгууларды калтырбайм”.

Бакай Орозалиев, 16 жашта: “Ушу менен машыга баштаганыма 4 жыл болду. Келечекте ушу боюнча чемпион болсом деген тилегим бар”.

 

 






Ушу спорту жаш тандабайт

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
SUPER.KG видео
21.02.2013. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
хаха Бакай чемпиону де чемпионаты болгум келет дебей
SUPER.KG видео
03.03.2013. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонуни экен магадагы жакты
SUPER.KG видео
06.04.2013. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы.Мен ушул УШУга катышайын дедим эле сиздер адресин билип берип коё аласыздарбы,мен кытайлардын озунон уйронойун дедим эле алдынча чон рахмат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: