Футбол: Кыргыз футболчулары Австралия командасына 2:1 эсебинде утулушту



















Кыргыз футболчулары Австралия командасына 2:1 эсебинде утулушту. Кыргыз курамасы көк майсаңда көптөгөн кооптуу абалдарды жаратып, күйөрмандарды дуу түшүргөнү менен, оюндун акыркы мүнөттөрүндө гана эсеп ачууга жетишишти.
Автор: Автандил Добулбеков
Фото: Максат Кудайбердиев
Белгилей кетчү жагдай, беттешке чейин айрым футбол күйөрмандары "Австралия командасы кыргыз футболчуларын ири эсепте утат" деген божомол айтышкан. Бирок Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондогу оюн кыргыз футболчуларында келечек бар экенин далилдегендей болду.
Кыргыз тарапка упай алып келген жалгыз голду "Дордой" футболдук клубунун оюнчусу Алмаз Мирзалиев киргизди. Жеңилүү күйөрмандарды капа кылган жок, оюн жыйынтыкталгандан кийин миңдеген адам кыргыз оюнчуларын колдоого алышып, аба жаңырта "Молодцы!" деп бир саамга кыйкырып турушту.
Кыргызстан - Австралия 1:2 (бардык голдор 16.06.15)
ТОП-Лиганын башкы бомбардири Алмазбек Мирзалиев (Жүктөлгөн: 01-11-2013)
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
6

Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат.
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат.
эле.
Чынында биздин команда мынчалык оюн корсото алат деп ойлогон да эмесмин.Абдан жакшы оюн корсотушту.Австралиянын эки тобу экоо тен кокустуктан кирди. Дарбазачыны алмаштыруу керек окшойт чон ката кетирди
Азамат жигиттер! Бычакка сап болчудайсынар. Дагы, дагы ийгилик!!!