super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз мамлекети-Австралия беттеши. Кэхилл менен болбой калган селфи, жоголгон 3 упай, кубанган эл жана улуттук курамдын мыкты оюну...

 

Бишкектеги стадион 16-июнда футбол боюнча Австралияга каршы оюнда 18 миң кишини батырды. Эгемендүүлүктү алгандан бери стадион күйөрманга толуп, минтип багы ачылган эмес. Ошол эле учурда оюнга кире албай калып, стадиондун тегерегинде топтолгондор да мынча көп болгон эмес. Албетте, бул 2018-жылы өтө турган Дүйнө чемпиондугунун тандоо туру. Бул беттеш аншлаг менен өттү жана нааразы болгон күйөрмандардын саны боюнча да рекорд койду. Биз күндүн беттешиндеги урунттуу учурларга токтолобуз.

"ПЛИИЗ, МИСТЕР КЭХИЛЛ!" же КУМИР МЕНЕН СҮРӨТКӨ ТҮШҮҮ АРАКЕТИ ТАШ КАПТЫ

Англис тилин билүү эч болбосо кумир менен сүрөткө түшүүдө керек болорун бул күнү күйөрмандар аңдашты окшойт, себеби учурда ири иш-чаранын каарманы менен сүрөткө түшүп, аны социалдык тармактарга жайгаштыруу модада. 

Австралиялыктар Бишкекке келген күндөн тарта команда көзүрү Тим Кэхилл менен сүрөткө түшүүнү көптөр көздөгөн, бирок максатына жеткендер өтө аз болду. Футбол жылдызы Бишкекте эң көп “Плииз, мистер Кэхилл!” деген сөздөрдү укту окшойт.

ЖОЛДОР ЖАБЫЛЫП, ЭЛ ЧОГУЛГАНДА МАСЕЛЕ ЖАРАЛДЫ

Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун тегерегиндеги жолдор беттешке 3-4 саат калганда эле жабылды. Кичинекей шаарда жол жабылганы, эл чогулганы дайыма маселе жаратат эмеспи. Мисалы, эл көп чогулган жерде уюлдук байланыш кыйындайт. Оюнга чейин жолдо бири-бирин издегендерди, милиция кызматкерлери менен урушкандарды, ары-бери чуркап билет издегендерди көрүүгө болот эле. Көбү мекенчилдигин көрсөтүп желек кармап алышкан.

“СТАДИОНГОБУ? БИЛЕТ ЭМЕС, МИЛИЦИЯ ЖЕ ТОСМО АРКЫЛУУ ӨТӨ БЕР”

"Кыргыздар кечигет" деп мүнөздөмө бергендер көп учурда жаңылышат. Мисалы, бул беттеш 20:00дө башталмак. Туура 20:00дө стадион толуп, ошол эле учурда сыртта кире албай турган калың топ бар болчу, себеби билетсиз күйөрмандар тосмо аркылуу секирип өтүп, көп кишини сызга отургузуп коюшту. 

Билеттер кассирлердин колунан эмес, алып сатарлардын колунан сатылганы үчүн кымбат болду. Мындай оюнга суусап турган эл акчаны аябай, 500 сомдон 1500 сомго чейинки баада билет алды. Бирок стадионго көп кишини кымбат билет эмес, тосмо аркылуу өтүүчү жол жана милиция кызматкерлери киргизгени өкүндүрөт.

“ТЕНТЕК” КҮЙӨРМАНДАР ФУТБОЛ ФЕДЕРАЦИЯСЫН ОТ МЕНЕН СУУНУН ОРТОСУНА САЛЫП КОЮШТУ

Эл “Кетсин!” деп кыйкырып митингге эмес, “Алга, Кыргызстан!” деген ураан чакырып, футболго келгени кубандырат. Мындай майрам уюштуруучуларга, күйөрмандарга көп сабак болуп берди. Билет менен стадионго кире албай калгандар нааразы болушуп, стадионго таш ыргытып, уюштуруучуларга "чоң салам" жолдошту. Албетте, билет албагандар стадионго жолун таап кирип кетишсе, алар башка кандай кадамга барышмак? 

Ал эми кыргыз футболчулары гол киргизгенде бир күйөрман өлкө желегин кармап алып майданга чуркап чыкты. Аны 3 киши араң алып кетти. Эми Эл аралык футбол федерациясынан (ФИФА) жөнөтүлгөн комиссар отчёт берген соң, ФИФА атайын чара көрөт. Ал чара акчалай айып болушу мүмкүн, күйөрманы жок беттеш өткөрүү жазасы же башка өлкөдө оюн өткөрүү жазасы болушу толук ыктымал.

 МАМЛЕКЕТ ФУТБОЛЧУЛАРДЫ ЖЕТИМСИРЕТКЕН ЖОК

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев футболчулардын машыгуусун көрүп кеткен. Беттешти ал сыналгыдан көрүүнү туура көрсө керек, бул күнү бийлик өкүлдөрүнөн өкмөт башчы Темир Сариев болду. Анын футболчулар менен селфиге түшкөнгө шарты болгон жок. Өкмөт башчы футболчулар менен саламдашып, аларга ийгилик каалады. 

Билет алып, бирок беттешке кирбей калгандардын маселесин да өкмөт башчы тыкыр иликтөөгө алууну буюруп жатат. Демек, мамлекет бул оюнга жетиштүү көңүл бурганга аракет кылды. Эми бир катар спортко ушундай көңүл бурулса, бизде спорттун, анын ичинде футболдун кең келечеги бар.

КҮЙӨРМАНДАР ОРДУН ТАБА ЭЛЕКТЕ ГОЛ КИРДИ

Оюнга токтолсок, башында Австралиянын командасы көбүрөөк топко ээлик кылуу аракетин көрдү. Алгачкы чабуулунда эле Азия чемпиондору айып соккусун тебүү укугун алып, аны Миле Единак голго айландырды. Гол болгону 2-мүнөттө кирди. Бул учурда күйөрмандар стадиондон ордун таба элек болчу, сүрөтчүлөр фотоаппараттарын даярдап бүтө элек болчу. Ошентсе да бул тез киргизилген гол биздин команданын өкүлдөрүн сындыра алган жок. Кыргыз футболчулары оюнга өтө тездик менен кайтып келишкени менен, бир топ чабуулдарды бошко кетирип, голго айландыра алышпады.  

КҮЙӨРМАНДАРДЫН КОЛДООСУ ОЮНГА БУРУЛУШ АЛЫП КЕЛДИ

Эгер Европада футбол көрсөңүз, түшүнбөсөңүз да бир хор ырдалып жатканын же күйөрмандар биргеликте ураан чакырып жатканын байкоого болот. Бизде болсо аары уюгундагыдай чуулдаган үн чыгып турду. Балким, бирөө “теп топту” десе, айрымдары “ылдам чурка” дешкен чыгар. Балким, бул үндөргө "Алга, Кыргызстан!" деген ураан кошулуп жатты... Баарынан мурун бул кыйкырыкты футболчуларыбыз жалпы колдоо катары мыкты түшүнүп, энергия алып турганын белгилей кеткен оң. Өлкө желеги ар жерде желбиреп, стадиондун кызыл түскө боёлгону футболчуларыбызга кандай шык бергенин түшүнүү үчүн сөзсүз футболчу болуунун кажети жок. Күйөрмандар курам 2:0 эсебинде утулуп жатканда да колдоону токтотпой, улам күчөтүп турушту. Биздин курамдын футболчулары киргизген голго күйөрмандар чекеси жарыла кубанышты. Тамаша иретинде айтканда, айрым учурда ушунча көп адамды кубантуу үчүн 1 гана гол жетиштүү болот.

Баса, чыныгы күйөрман деп ушуну айт. Кыргыз өлкөсү - Австралия беттешин көрүү үчүн жумушун таштап, атайын Москвадан учуп келген кыргыз жигити стадионду оригиналдуу бийи менен "жарды". Айрымдарга анын жоругу өөн учурашы мүмкүн, бирок оюнчулардын духун көтөрүүгө мындай жоруктар абадай керектигин футбол күйөрмандары жакшы билишет. 


3 УПАЙДАН КУРУ КАЛГАНЫБЫЗ МАЙРАМДЫК МААНАЙДЫ БУЗГАН ЖОК

Команда 2:1 эсебинде утулуп, Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда 3 упайдан куру калды. Киргизилген 1 гол биздин күйөрмандардын маанайын көккө көкөлөткөнгөбү, 3 упай жоготконубузга кейиген жан аз болду. Командабыз утулганына карабай упай катыштыгында учурда тайпада 2-орунду ээлеп келүүдө. Кийинки атаандаштар Иордания жана Тажикстан болмокчу. 

АВСТРАЛИЯНЫН МАШЫКТЫРУУЧУСУ КЫРГЫЗДАРГА 2-ОРУНДУ ТУУРА КӨРДҮ

Оюндан кийин Австралиянын машыктыруучусу Ангелос Постекоглу күйөрмандар менен жолукту. Анын жүзүнөн 90 мүнөт бир топ убайым тартканын байкоого болот эле. Футбол адиси кыргыз футболчуларын мактап, алар атаандаштары Иордания менен Тажикстанды ута алышарын айтты. Өз командасы Азия чемпиону болсо, кантип "бизди да утмаксыңар" деп айтмак? Азия чемпиону менен тең тайлаша ойноо, албетте, биздин команданын артыкчылыгы.






"Топко башым тийди, бирок колум дагы тийген" дейт Алмаз Мирзалиев

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Эрмек Райымбеков
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(28)
17.06.2015. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Alga kyrgyzstan daima yshyndai yigilikter koshtosyn!!!
17.06.2015. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жаман сенсация болду э?Мындан ары да ийгилик!
17.06.2015. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кыргыздардын да колунан ийгилик жараларына дагы бир далил. Азаматтар, ийгилик!
17.06.2015. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ошондо 2018 жылы боло турган футболго Кыргызстан катышпай калдыбы
18.06.2015. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
сонун макала даярдапсынар, футболду да толугу менен жуктойсуздорбу анан дагы сурайын дегеним эмки жарыштардын графигин чыгарып коюнуздарчы.
18.06.2015. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aksy-13, саламатсызбы!
Видео толугу менен: http://www.super.kg/media/uservideo/143523/
Кийинки оюндар тууралуу: http://www.super.kg/kabar/news/108815/
18.06.2015. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Алга Кыргызстан!!!
18.06.2015. 02:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Алга Кыргызстан
18.06.2015. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ушундай позитивдуу иш-чаралар Кыргызстанда коп-коп болсун!!
18.06.2015. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тарых барактарында кыргыздар дуйнону башкарып, кытайлар менен тен ата болушкан. "Аккан арыктан суу агат", алга кыргыз футболчулары! Биз силер менен сыймыктанабыз.
18.06.2015. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга Кыргызыстан
18.06.2015. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
аябай кубандык*****футболду биринчи жолу кордум,,,,,,,,,,,,алдын ТВдан коруп калсам жашыл газондон башка эч нерсе корунбойт эле, ,,озубуздукулор ойносо кошо чуркап жургондой эле болсом......азаматсынар**сыймыктанабыз)))))))))))
18.06.2015. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Теп гол киргиз. 1 голго 1млн$.
19.06.2015. 08:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ СУПЕРДИН кубогу быйыл болобу айтып коёсунарбы????
19.06.2015. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aidartegin, саламатсызбы!
Болордо алдын ала кабарлайбыз.
Медиа-портал
20.06.2015. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы жакшы алга Кыргызстан
Медиа-портал
22.06.2015. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мирлан Мурзаев красавчик!)))
Медиа-портал
22.06.2015. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Guli.K.E.,

Созуно кошулам. Красавец..
Медиа-портал
22.06.2015. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мирлан Мурзаев кыргызча суудай сйлөйт экен!!!
Медиа-портал
23.06.2015. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nurluujan16,улуту кыргыз эмеспи же эмне?
Медиа-портал
23.06.2015. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aikol87, просто коп жерде орусча суйлойт ошого айтып жатат окшойт го. Орусча акценти бар экен бирок.
Жакшы оюнчу, барып коро алган жокмун бирок сонун оюн болуптур.
Медиа-портал
27.06.2015. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aikol87,Мирлан Мурзаев орус улутуна окшошго?
SUPER.KG видео
23.06.2015. 01:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын
Медиа-портал
23.06.2015. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дарбазачыны айыпттого эч кандай кажет жок байкап корсонор биринчи гол куттусуз болду себеби дарбазачы туура эле жыгылды бирок жакшы байкасанар топ негедир жетеерде ойдого коколоп кетти айтаарым ошол жерде донсоо же башка катачылык болушу мумкун
Медиа-портал
23.06.2015. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
atai9292, бирок эки удар тебишсе экоонтен кайтара албадыда КАШУБА
Медиа-портал
28.06.2015. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
manutd91, Убагында Орусиянын Малафеев деген дарбазачыга Португалия менен ойногондо 8 удардын 7-си гол менен буткон.
Медиа-портал
22.07.2015. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
daniyar93,
Саламатсызбы! Кандай катачылыктар болуп жатат? Бизге купуя кат менен кененирээк жазып койсоңуз. Рахмат!
Медиа-портал
20.12.2015. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
малатцы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: