Бишкекте эгиз балдардын эненин ичинде чарчап калышына дарыгерлер күнөөлөнүүдө

Бишкек шаарынын №4-төрөт үйүндө эгиз балдар эненин ичинде чарчап калышты. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта SUPER.KG порталына эненин туугандары билдиришти. Алар эгиз балдардын чарчап калышына дарыгерлерди күнөөлөшүүдө.
"Аял жана анын күйөөсү тамеки да чегишпейт, арак да ичишпейт. Алардын 6 жаштагы баласы бар. Ал жакшы эле төрөлгөн, ден соолугу да жакшы. Бул экинчи төрөтү болчу. 3 ай болгондо эгиз экени аныкталган. Төрөт үйүнө алып келгенден бери дарыгерлердин мамилеси абдан начар болду. Алар такыр карабай коюшту. Министрликке кайрылгандан кийин гана чуркай башташты",- дешти туугандары.
Төрөт үйүнүн башкы дарыгери Бурул Алмазбекованын айтымында, балдардын чарчап калышынын себеби төрөттөн кийин жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгында толук анык болот. "Ага чейин себебин айтуу кыйын. Биз билбеген да себеби болушу мүмкүн. Энени нөөмөттөгү дарыгерлер, бөлүм башчысы карап жатышкан. Керектүү текшерүүлөр жүргүзүлгөн. Тиешелүү аныктамалар боюнча, балдар эненин ичинде өспөй калышкан", - деди башкы дарыгер.
"Дарыгерлердин кайдигерлигинен неберелерим өлүү төрөлдү" дейт эгиздердин таенеси



Провокацияга жол жок!