super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: "Кыргыз өлкөсү тарыхый, экономикалык жана руханий жактан кайра жаралуу дооруна бет алды"

 
Бишкектин борбордук "Ала-Тоо" аянтында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 24 жылдыгына арналган салтанат өтүүдө. Президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн куттуктоо сөзүндө буларды айтты:
"Урматтуу мекендештер, кадырман калайык калкым! Бүгүнкү майрамдын ардактуу коноктору! Силерди мамлекетибиздин башкы майрамы – Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайм! 
Бир кезде Памир тоолорунан Бай-Көлгө чейинки учу-кыйырсыз аймакты камтыган Улуу кыргыз каганатынын чачырап кеткен бөлүктөрүнүн бири болгон Ала-Тоо жергесинде 24 жыл мурда кырмызы туу желбиреп, Кыргыз Республикасы көз жарды. Элибиз нечен тар жол, тайгак кечүүдөн өттү.
Туура 5 жыл мурда, 2010-жылы өлкөбүздө тынчтык эле болсо экен, мамлекетибиз бөлүнүп-жарылып кетпесе экен деп коркуп, Жаратканга жалынганым эсте. Кудайга рахмат, өлкөбүздө тынчтык менен туруктуулук орноду, мамлекетибиздин кереге-боосун бекемдей баштадык деп ишенимдүүлүк менен айта алабыз. Тынчтык менен ынтымактын артынан акырындан өнүгүүгө жол ачылды. "Кыргыз Республикасы мамлекет болбой калды" деп табалаган "көзү ачыктардын" тилеги таш капты. Кыргыз өлкөсү тарыхый, экономикалык жана руханий жактан кайра жаралуу дооруна бет алды",- деди президент. 





Эгемендүүлүктүн 24 жылдыгына арналган салтанаттан репортаж

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Эрмек Райымбеков
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: