super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз жергеси тууралуу видеотүрмөктөр Малайзиянын телеканалынан 7 күн бою көрсөтүлдү

 
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата кыргыз жергеси тууралуу түрдүү видеотүрмөктөр Малайзиянын "BERNAMA TV" телеканалынан көрсөтүлдү. 8-9 мүнөттүк роликтер үч тилде: кыргыз, англис жана малай тилдеринде күнүнө эки жолудан көрсөтүлүп, эфирден миллиондогон көрүүчүлөр Кыргызстан жөнүндө маалымат алышкан. Кыргыз жерин даңазалаган роликтер малайзиялык телеканалдардан 7 күн бою берилип турду. 
Эскерте кетсек, быйыл 24-июлда Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилигинин чакыруусу менен өлкөгө “The Star”, “TV3 Malaysia”, “Bernama” аттуу 3 ири малайзиялык медиамекеменин журналисттери келишкен. Алар кыргыз жергесинде 5 күн болушуп, мамлекетибиз тууралуу репортаждарды даярдап кетишкен эле. 





Кыргыз жергеси тууралуу видеороликтер Малайзиянын телеканалынан көрсөтүлдү

Автор: Максат Орозумбетов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: