super.kg logo
  Саясат  

Камчыбек Ташиев: "Биздин тарапташтар аймактарда митинг өткөрүүгө камынып жатышат, бирок тынч болууга чакырып жатабыз"

 
БШКнын чечиминен кийин "Республика-Ата Журт" партиясынын тарапташтары аймактарда чогулуп, митинг өткөрүүгө камынып жатышканын партиянын тең төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Бирок партия лидерлери тарапташтарын тынчтыкты сактап, митингге чыкпоого чакырып жатышканын айтты. "Шайлоого 6 күн убакыт калды. Ошон үчүн биз аймактардагы шайлоочуларыбызды тынчтыкты сактоого чакыруудабыз. Шайлоо өтүп, баары өз ордуна келет. Биз бүгүн БШКнын чечимин сотко бердик. Сот туура чечим чыгарат деген ойдобуз. Эгерде сот да туура эмес чечимге келсе, биз анда башка жол менен сүйлөшөбүз, бирок тынчтык жолу менен",- деди Ташиев. 
Сот БШКнын чечимин "туура эмес" деп тапса, Ташиев кайрадан депутаттыкка талапкерлердин катарына киргизилет. 
Эскерте кетсек, бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы Камчыбек Ташиевди талапкерлердин катарынан алып салды. Буга Ташиев 26-сентябрда пикир келишпестиктин айынан "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын өкүлүн сабап салганы себеп болгон. Факт боюнча кылмыш иши ачылып, териштирүү жүрүп жатканы айтылган эле





Камчыбек Ташиев: "БШКнын чечимин сотко бердик"

Автор: Бекжан Рыскулов
Оператор: Мелис Маматкулов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: