Темир Сариев: "Өлкө саясий кубаттуулугун көрсөтө алды"



"Өлкө саясий кубаттуулугун көрсөтө алды",- деди өкмөт башчы Темир Сариев бүгүн шайлоонун жыйынтыгы чыккандан соң журналисттерге маалымат берип жатып. Анын пикиринде, шайлоо биометрикалык технологиянын негизинде таза, калыс жана тынч өттү.
"Бүгүн биз тарыхый окуяны баштан өткөрдүк. Өзүңүздөр көргөндөй, шайлоо биометрикалык технологиянын негизинде таза, калыс жана тынч өттү. Эл аралык байкоочулар шайлоонун өтүшүнө эң жогорку баасын беришти. Эч кандай одоно мыйзам бузуулар болгон жок",- деди Сариев. Өкмөт башчы муну менен Кыргыз Республикасы "карусель" өнөкөтүнөн арылганын айтты."Буга чейин шайлоолордо "карусель" колдонуулар болуп, шайлоо таза эмес өтүп, жыйынтыгы эки революцияны алып келген. Биз бул ирет ошондон арылдык. Мамлекет буга толугу менен шарт түздү",- деди ал.
Темир Сариев: "Өлкө саясий кубаттуулугун көрсөтө алды"


