Малайзия телевидениесинде Кыргызстан тууралуу 11 сериядан турган документалдуу фильм көрсөтүлө баштады
18-октябрдан тарта Малайзиянын мамлекеттик "Al Hijrah" телеканалында белгилүү кинорежиссёр, фотограф жана саякатчы Захариз Хузайма (Zahariz Khuzaimah) тарткан Кыргызстан тууралуу 11 сериядан турган документалдуу фильм көрсөтүлө баштады. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги билдирди.
Документалдуу фильмде кыргыз элинин маданияты, жаратылышынын кооздугу жана тасма жаратуучунун тоодогу ат үстүндө жана лыжа менен болгон кызыктуу жана катаал саякаты чагылдырылган. Фильмде ошондой улуттук оюндар тууралуу эпизоддорго да кеңири орун берилген.
Захариз Хузайманын эмгегин Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов жогору баалап, Кыргызстандын позитивдүү имиджин жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн даңазалоого кошкон салымы үчүн мамлекетибиздин жетекчилигинин атынан чоң ыраазычылык билдирип, белектерди тапшырды.
Захариз Хузайма чыгармачылыгы менен турмуштук көз карашы айкалышкан инсан. Ал өзүн 21-кылымдын көчмөнү катары эсептейт жана жашоосун дүйнө кыдыруу менен өткөрүп келет. Белгилей кетчү нерсе, Захариз Хузайманын жубайы Мээрим аттуу кыргыз жараны. Жогоруда айтылган документалдуу фильмди жаратуу учурунда 1 жылдан ашык Кыргызстанда жашашкан.
1410 Бир аз Кыргызстан тууралуу
1410 Бактылуу кыргыз эли
1410 Кыргызстанды кыдырган малайзиялык саякатчы
1410 Салбуурун фестивалын малайзиялык саякатчы тартып алыптыр
1410 Малайзиялыктардын Кыргызстанга болгон сапары
1410 Кыргызстандагы күз түстөрү
1410 Кыргызстан - жылкычылардын мекени
1410 Куала Лумпурдан келген Захариз
3
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















