Келдибековдун соту. Азимбек Бекназаров прокурорго “күчүк” деп кайрылганы үчүн андан кечирим сурады





Бүгүн, 6-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Ахматбек Келдибековдун иши боюнча соттук отурум өтүүдө.
Анын жүрүшүндө айыпталуучунун коомдук жактоочусу Азимбек Бекназаров буга чейинки соттук отурумда прокурорго "күчүк" деп кайрылганы үчүн андан кечирим сурады. "Орус тилдүү журналисттер "күчүк" деген сөздү которгондо, "щенок" деп катуу угулат экен. Мындан улам мен прокурордон кечирим сурайм",- деди Бекназаров.
Бекназаров судьяга сүйлөп жатканда прокурор анын сөзүн бөлгөнү үчүн Бекназаров прокурорду "күчүк" деп атап, сынга алган.
Эскерте кетсек, буга чейинки соттук отурумда прокурор судьядан Келдибековду мүлкүнөн ажыратуу менен 10 жылга эркинен ажыратууну суранган. Мамлекеттик айыптоочу Келдибеков жогорку кызматты ээлеп турганда Москвада Жогорку Кеңештин өкүлчүлүгүн ачуу боюнча мыйзамсыз буйрук чыгарганы үчүн жана "Бизнес-партнёр" ишканасына байланыштуу эпизод боюнча жаза берүүнү суранган.
Келдибековго карата соттук өкүм бүгүн чыкпай калды

