super.kg logo
  Саясат  

Келдибековго карата соттук өкүм бүгүн чыкпай турган болду. Кийинки отурум 12-ноябрда өтөт

 

Бүгүн, 6-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Ахматбек Келдибековдун иши боюнча соттук отурум өттү. Анын жүрүшүндө судья айыпталуучуга сөз берди.

"Мыйзамга ылайык, мен өзүмдүн күнөөлүү эместигимди далилдөөгө милдеттүү эмесмин, бирок 2 жыл бою сотто далилдеп жүрөм. Тергөө менин күнөөмдү далилдеши керек. Менин бир тыйынды уурдаганымды далилденген жок. Акыркы 10 жыл ичинде мен бардык кирешелеримди декларациялап келем. Менин жашыра турган эч нерсем жок",- деди Келдибеков.

Андан соң судья кийинки соттук отурумду 12-ноябрга белгиледи.

Эскерте кетсек, буга чейинки соттук отурумда прокурор судьядан Келдибековду мүлкүнөн ажыратуу менен 10 жылга эркинен ажыратууну суранган. Мамлекеттик айыптоочу Келдибеков жогорку кызматты ээлеп турганда Москвада Жогорку Кеңештин өкүлчүлүгүн ачуу боюнча мыйзамсыз буйрук чыгарганы үчүн жана "Бизнес-партнёр" ишканасына байланыштуу эпизод боюнча жаза берүүнү суранган.






Келдибековго карата соттук өкүм бүгүн чыкпай калды

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Максат Орозумбетов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: