super.kg logo

Өз апасынан ырайымсыз кордолгон кыз тууралуу кабарлаган окурман "ЭЛДИК КАБАРдын" жеңүүчүсү болду

 
Белек ээси заманбап смартфонду кеңсебизге келип алып кетти.

Балдарды кордоо, алсыз организм катары басмырлоо кадимки көрүнүшкө айланып бараткансыйт. Акыркы 5 жылда бала тагдырына байланышкан окуялар аз болгон жок.

2016-жылдын 29-январында Жалал-Абадда ата-энеси тарабынан зомбулукка кабылган 17 жаштагы кыз Бишкекке качып келди. Өз энеси жана өгөй атасынан кордолгон Назбийке Бишкектеги тааныштарына келип жардам сураган. Кабарды SUPER.KG порталына кыз убактылуу баш калкалап турган үйдүн жашоочусу Бектур Эшимбетов кабарлап, кыз көптөн бери зомбулук көрүп келгенин айтып берген эле.

Жабырлануучу Назбийке биринчилерден болуп биздин порталга маек берип, үйүндө кичинесинен бери сабалып келе жатканын билдирди. “Бир ай мурун үйдө ур-токмок жеп, чыдабай кетип Бишкекке биринчи жолу качкам. Апам аркамдан келип, милициялардын көзүнчө мени кучактап “кызым” деп кабыл алган. Бирок эч ким жокто сабап, чачымдан сүйрөгөн. Үйгө барганыбызда өгөй атам “болду, сени урганды токтотобуз” деген, бирок зомбулук көрсөтүү кайра башталды. Бир жолу шылтоо таап өгөй атам менен апам дөңгөлөктүн резинасынын камчыга окшош бөлүгү менен сабашкан. Денем ооруп, чоң-чоң көк алалар пайда болгон. 28-январда ата-энем менен базарга чыкканыбызда учурдан пайдаланып, таксиге отуруп Бишкекке качып кеттим”,- дейт 17 жаштагы кыз.

Окуя "Элдик кабарга" чыккандан кийин тийиштүү органдар чара көрүү аракетин баштады. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө, жыйынтыгында тиешелүү чечим кабыл алынмакчы.

Түрдүү формада балдардын укугунун тебелениши көйгөйгө айланды. Коомдо адамгерчиликтен аттап, өз баласына ашкере ырайымсыз мамиле жасагандар, баланын өмүрү менен ойногондор арбыды. Агрессивдүү, таш боор, мээримсиз ата-энелер, боордош бир туугандардын катмары пайда болгону кейиштүү чындык.
Табият мыйзамына ылайык, ата-эне баласына өмүрүн берүүгө даяр, баладан өткөн жакыны жок. Жашоодо энелер өз баласын эч качан чын дилден жаман көрө алышпайт, бирок энелик өзгөчөлүктөн ажырагандар да арабызда жүрөт. Алардын запкысын өзүн коргой албаган жаш балдар тартууда. Коомчулук "балдардын укугун коргоо" деп байма-бай коңгуроо кагып жатканы менен, дагы эле фактылар өжөрлүк кылууда. Кайгылуу окуялар биринин артынан экинчиси кайталанып жатат.

Мамлекет өз үйүнөн кордолгон балдардын көз жашын качан сүртөт?

Дал ушул суроого жооп издеп, балдардын коопсуздугуна, татыктуу тарбия алышына, бактылуу жашоосуна шарт түзүүгө жалпы коомчулук көңүл буруусу керектигин айтып кабар жөнөткөн окурманды SUPER.KG`нин редакциялык кеңеши январь айынын жеңүүчүсү деп тапты. Кабардын автору заманбап смартфондун ээси болду.

Бектур мырза менен телефон аркылуу байланышып, жеңүүчү болгонун кабарладык:

- Саламатсызбы, Бектур! Бизге жиберген кабарыңыз боюнча январь айынын жеңүүчүсү болдуңуз. Куттуктайбыз!

- Рахмат!

- Жабырлануучу кыздын көйгөйүн айтып бизге кабар жөнөтүүгө эмне түрткү болду?

- Жабырлануучу кыз мурун да үйүнөн Николаевка айылына качып келген. Ал жактан кыздын тааныштары кайын журтума "Күйөө балаңар шаарда иштейт го, кызга жумуш таап бере алабы?" дешиптир. Ошентип, кийим тигүүчү цехке ишке орноштурайын дедим, кыз убактылуу биздикинде жашап турган. Анда кыздын зомбулукка кабылышы боюнча ишти милицияга өткөрүп берип, бирок кызды апасы кайра үйүнө алып кетип калган. Жаш кызды үйүбүздө карап турганыбызга ыраазы болгондун ордуна, апасы кайра бизди күнөөлөп "силерди соттотом" деп чуу салган.

Жакында кыз кайра качып келди. Бул жолу деле милицияга берели дедик, бирок кыздын апасынын милицияда тааныштары бар экен. Сүйлөшүп кызын алып кетип, зомбулугун кайра баштабасын деген ой болду. Анын үстүнө кыздын денесиндеги көк ала тактарды көрүп чыдап тура албадык. Кыздан "Журналисттерге кабарлайлыбы?" деп сурасак, "макулмун, бул ишти аягына чыгам" деди. Анан дароо силерге кабарладык, анткени силерге чыккан маселелердин көбү оң жагына чечилип жатат. Бул жолу да жардам болсун, кыздын укугун коргоого салым кошолу дедим. Смартфон тууралуу азыр айтсаңыз билдим.

- Андан аркы кадамдар кандай болду?

- Силерге маалымат бергенден кийин укук коргоо боюнча "Сезим" кризистик борборуна кайрылдык. Ар кайсы шылтоону айтышып, жакын жолоткусу келишпеди. Кыз милицияга арыз жазып, соттук-медициналык экспертизадан өттү. Дарыланыш үчүн ооруканага жатышы керек экен, бирок акчабыз жетпей калгандыктан жаткыра албадык. Социалдык өнүгүү министрлигине кайрылып кеп-кеңеш алдык.
Кыздын апасы жолго чыгыптыр деп кабарлашты, келе элек. Ишти Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы териштирүүдө.

- Кыздын абалы азыр кандай?

- Буту дагы эле шишип жүрөт, бирок жашаган жери жакшы. Бардык шарты бар жатаканалардын биринде жашап жатат. Убактылуу ошол жерде жашап турмакчы.

- Жалпы өлкөдө балдардын зомбулукка кабылып жатканы боюнча пикириңиз...

- Менде деле бала бар, ушунчалык ачууң келсе баланы жамбашка бир жолу эле чабышың мүмкүн. Мынчалык сабаганга жүрөк кантип чыдайт? Мен малды да мынчалык урбайм, итти да "кет" десең түшүнөт го. Кыздан биринчи жолу "Өзүңдө күнөө жокпу? Жаман жоруктарыңдын айынан энең ушуга барып жүрбөсүн?" деп сурадым. Жок, түз жүргөнүн айтып ыйламсырады. Апасын мурда көрүп калгандыктан билем, кызын себепсиз кордоп жатканы ырас. Эгер апасына ишенсем, кыз качып келген күнү ага телефон чалып кабарламакмын.

Ата-энелер балдарын урбаса... Бул иш жакшы жагына чечилет деп үмүт кылып турабыз. Кыз каалагандай болсун, апасына кетүүнү чечсе да, бул жакта калгысы келсе да өзү билсин. Болгону бул иш жарым жолдо калбаса экен, каалаганым ушул. Жабырлануучу таанышым, жердешим же тууганым эмес, бирок анын себепсиз кордолуп жатышына жөн карап тура албайм.

Эсиңизде болсо, былтыр жазында SUPER.KG порталынын "Соңку кабар" бөлүмүндө "ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp же Viber аркылуу кабар жөнөтүп, ай сайын заманбап смартфон утуп алыңыз!" аттуу сынак старт алган. Мыкты кабар жөнөткөн окурманды редакция ай сайын аныктап, жеңүүчүгө заманбап смартфон белек кылууну убадалаган. Мезгилдин өтүшү менен окурмандар портал менен байланышын бекемдешип, "ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp жана Viber аркылуу +996 557 47-39-39 номерине көптөгөн кабар жөнөтүүнү улантышууда. Турмуштук көйгөйлөр: таза суунун жоктугунан айрым айылдын тургундарынын арыктан суу ичип жатышы, катуу ылдамдыкта унаа айдагандардын айынан кырсыктардын болушу, мыйзамсыздык, мамлекеттик ишкананын чатырында айрылган мамлекеттик желектин турушу, айтор, кызыгуу жараткан кабары менен активдүү бөлүшүү үстүндө.

Эскерте кетсек, апрель айында Сузак районунан Чынберди Жанышов аттуу 10-класстын окуучусу жеңүүчү болсо, май айында Оштогу үй кожойкеси Сабира Казамбекова жеңүүчү деп табылган. Июнь айында Орусияда иштеген Алина Мустапакул кызы, июлда Байысбек Жеңишбек уулу, августта Толгонай Таалайбек кызы, сентябрда Нурсултан Токтосунов, октябрда Куттубек Абдуллаев, ноябрда Асылбек Мадалиев, декабрда Рустамбек Эгембердиев жеңүүчү болгон.

кошулду





Өз апасынан кордук көргөн кыз тууралуу кабарлаган окурман "ЭЛДИК КАБАРдын" жеңүүчүсү болду

Автор: Бекжан Рыскулов
Оператор: Темир Абиров
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(40)
03.02.2016. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Ушул кызды озумо бир тууган кылып деле алмакмын уйдо кыз жок
04.02.2016. 02:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
guljigitt, дарегин алып таанышып, атанениз менен барып, кем котугун сурап, кыйынчылык болсо жаман жолго барбай бизге кайрыл, сырттан болсо да ага карындаш, тууган болуп журолу деп суйлошуп келин да. Моралдык жактан болсо да жалгызсырабай бир аз коону которулуп калмак беле. Сиз да соопко калмаксыз.
03.02.2016. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Женуууну куттуктаймын!Акыйкаттык издеген кызга сабыр тилеймин.Ар бир иштин артында жакшылык бар.
03.02.2016. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен деле каршы эмесмин ,оз синдимдей коруп эле.Бишкекте борбордо турабыз.
03.02.2016. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ассалому алейкум Бектур Эшимбеков АГИде чогуу окуган элек. Момун 0770143036 зв кыл байланышабыз.
03.02.2016. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Куттуктайм жакшы адамдар бар экени кубандырат .Анан супер Инфо башты айлантып Мурунку женуучулорду жазбасанарда болотко.
03.02.2016. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Musio - эскертүү!
Жалаң баш тамгалар менен менен жазууга тыюу салынат.
03.02.2016. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Смартфонду ушул кызга берип койсоңуз жакшы болот деген ойдомун. Кыз байкуш кубанып калат беле деген ой.
03.02.2016. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы экен куттуктайбыз! Мен кызда дагы кичине куноо бардыр десем апасы анкылдаган тушунугу жок бир немедей корунот! Андайлардын колунан баардык нерсе келет! Ылайым оз жазааларын алышсын!!!
03.02.2016. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айбанда балдарына мееримин тогот. Бул адамдардын даражасы анданда томон тушуп кетиптирго...

"Ыйман инсанды инсан кылат, а тугул Султан кылат. Ыймансыздык инсанды алсыз бир жырткыч жаныбар кылат" деп, ислам аалымдары бекеринен айтпаган экен...
03.02.2016. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куттуктайм! жакшы адамдар бар екени кубандырат.
03.02.2016. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Байкуш кызга боорум ооруп жатат Кээ бир ата энелер сени озум торогом озум олтуром деп айтат Андай зордук корсотконго эч кимдин акысы жок. Кээ бир адамдар балага зар болсо Башкалар баласын башыма балээ болдун деп уруп токмоктоп жатат Андай ата энелерди ата энелик укуктан ажыратып жазалаш керек.
03.02.2016. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Байке эми ушул телефонду ошол кызга белек кылып конулун которуп коюнуз. )))))
03.02.2016. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куттуктайбыз
03.02.2016. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Няня кылып айлык төлөп берсем жакшы болчудай.шарт баары бар кийим тамак аш акысыз айлыгың деле жакшы болот эгер макул болсоң кайрыл купияга.
04.02.2016. 02:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
akzuura, админден дарегин алып озунуз кайрылсаныз. Ал кыз учлат да эми озу сизге чалгандан. Ал кызга поддержка керек азыр, жон эле суйлошуп, сен жалгыз эмессин деп айтсак да чон пайда болмок. Мен деле алып кетмекмин РФ га, озум окутуп алмакмын, бирок жашы жетелек экен.
03.02.2016. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
куттуктайм
03.02.2016. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Семичканы тарткан авторго да бердинерби?
04.02.2016. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол смартфонду сатып акчасына дарылатса го дарыланыш керек экен акчабыз жетпей калды деп жазыптыр го. Кабарга бергенге макул болгон учун ошол кыздыкы да бул белек. Автор окуп атса бир жообун жазып коет деген ишеничтемин.
04.02.2016. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кандай таш боор бул аял,огой го огой,оз кызын ушунча урабы! Бечара кыз ай... боорум ооруп ыйлап атып окудум,мындан кийин багын жана жолун ачылсын ишшАллах!
Модератор admin_portal түзөттү 2016-02-04 10:47:17
04.02.2016. 02:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мынчалык когала кылып анча мынча куйоолор аялдарын да урбаса керек.
04.02.2016. 02:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
shiko,Тобо кылуу керек ал адам чон куно кылды!!!
04.02.2016. 02:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тобоо ыраймсыз адам турбайбы ар нерсенин жоп берер куну болот ал куну эмне дейт ал адам
04.02.2016. 08:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай сактасын оз курсагында чонойткон апа ушундай ишке барса ал адам психология жактан ооруйтко дейм. Бироолор баланын мееримине зар болсо бул эненин кылган ишин карагыла макул атасы огой дейли энеси эне эмей эле желмогуз окшойтта
04.02.2016. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куттуктайм
SUPER.KG видео
04.02.2016. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куттуктайбыз:) откондо маек учурунда бетин жашырып,атын атагысысы келбей жатты элего))))
SUPER.KG видео
05.02.2016. 02:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр эле апасынын догурунуп интервью бергенин кордум. Эми кимисине ишенеринди да билбейсин???
05.02.2016. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээ досум АГИнин 2005-жылдагы 1-курстун башбаканы болгон Бектур досум белек кут болсун. урматту супер инфо сиздерден сураныч ушул досубуздун номерин жазып коесуздарбы?менин группалашым болот эле.же ушул номерге чал 0770197000
06.02.2016. 04:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kairatbek-2011,кандай Каират!Момун менен байланыш ал дагы эфирде экен,АГИдеги группалашын 105 одадагы тааныдынбы?Улан Жамалидин биз.Бектур менен жолугалы корунбой кеткен эле , 2 жыл мурун жолуккан элем Бектурга.gunesh менен байланыш бар)))0
05.02.2016. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул баланы жакшы билем жашынан ушундай зомбулука кабылгандарга жардам берет ыймандуу адеби жакшы. Ийгилик досум
06.02.2016. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aitkandai apalaru bashkacha intirvyu bergen elego kimisiniki tuura boldu eken ozunun atasu eken. Kandai boldu buljagu
12.02.2016. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өгөй ата эмес эле өз атасы экен го кыздын. Атасы өз оозу менен айтты го Жалал-Абаддын бир каналында, анан апасынын ыйлаганын көрсөн жаның кейийит. Кимисине ишенсе болот өзу. Өз атасын кантип эле өгөй десин, кызга да ишенбейм да 17 жашта болсо, жаш эмес го. Апасынын ыйлаганын корсон бооруң ооруйт, менимче өз баласын эч ким анчалык урбаса керек. Уруп жатканда атасыбы же апасыбы, бирөөсү кой деп токтотот да бирөөсүн.
12.02.2016. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bektur aka kandaisyz.sizdi tanybai kalypmyngo. Siz jany arykta jawap ketkemsiz a .men ayaw karyndawynyz.
19.02.2016. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кимиси жалган айтып ушунча элдин башын айлантып жатканына тушунбойм. Чындыгын билген жакын урук туугандары же жакын коншулары деле болсо керек. Коментария жазып айтып коюшса жакшы болот эле.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: