Бишкектеги курулуш объектисинде чыккан өрт боюнча текшерүү жүргүзүлдү
Бүгүн, 16-июнда Бишкек шаарынын Майрам көчөсү, 62 дарегинде жайгашкан 3-4 кабаттуу турак жай комплексинде өрт чыкты.
Окуядан кийин Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектуралык-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгынын инспекторлору жеринде текшерүү жүргүзүштү. Текшерүүнүн жыйынтыгында курулуш объектисинин чатыры күйгөнү аныкталды.
Министрликтен билдиришкендей, өрт коопсуздугунун талаптарын сактабагандыгы үчүн курулуш иштерин жүргүзүп жаткан «Атрий» ЖЧКсына жазуу түрүндө эскертүү берилди. Компанияга курулуш иштеринде техникалык жана өрт коопсуздугу, ошондой эле эмгекти коргоо боюнча талаптарды так сактоо милдеттендирилди.
Учурда өрттүн аянты жана келтирилген чыгымдар такталууда. Объект боюнча инженердик-техникалык текшерүүнүн жана Өрт коопсуздугу кызматынын корутундулары күтүлүүдө.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















