Бишкек тургундары Нооруз майрамын жакшы маанайда өткөрүшүүдө (фоторепортаж)




















Бүгүн, 21-Март - Нооруз майрамы борбор калаада жакшы маанайда өтүүдө. Буга күндүн чайыттай ачык жана аба ырайынын жылуу болушу да бирден-бир себепкер. Мындан улам майрам күнү көчөгө сейилдеп чыккан шаардыктар жана калаа коноктору көп. Демейде кардары жок ээнсиреп турган аттракциондор бүгүн бир мүнөт дагы жөн турбай, тынбай иштеп, балдардын шыңгыр күлкүсүнө толуп турган чагы. Ал эми кичинекейлерине майрамдык шаң тартуулагысы келген ата-энелер Ноорузга деп топтогон акчаларын болушунча "чачышууда". Элдин көптүгүнөн отурарга жер жоктугу да майрамдаган тургундардын саны арбын экенинен кабар берет.
Бишкекте Нооруз майрамы белгиленип жатат
Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Сергек Шатманов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
4

Эх, биз мекенибиздин ушундай аба ырайын корбой,суукта журовуз (((