Суукка байланыштуу Бишкекте профилактикалык рейд башталды
Бишкек шаарынын Ленин районунда 11-12-ноябрь күндөрү "Селсаяк" аталышындагы профилактикалык иш-чара өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара аба ырайынын кескин суукташы жана кыш мезгилинин жакындашына байланыштуу уюштурулган.
Анын алкагында милиция кызматкерлери көчөдө жана кароосуз калган жайларда жашаган, туруктуу жашаган жери жок жарандарды аныктоо үчүн рейддерди жүргүзүүдө.
Иш-чаранын максаты - жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, үшүк алуу жана кырсыктардын алдын алуу, ошондой эле коомдук тартипти сактоо.
Мындан тышкары, аныкталган жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, зарыл болгон учурда тиешелүү социалдык кызматтар менен биргеликте жардам көрсөтүлөт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















