super.kg logo
  Саясат  

Тазабек Икрамов: "Эмнеге гейлерди колдогон адамдар жоопко тартылышпайт, ал эми мусулмандарды колдогондор жоопко тартылышы керек?"

 

"Эмнеге гейлерди колдогон адамдар жоопко тартылышпайт, ал эми мусулмандарды колдогондор жоопко тартылышы керек?" - деди бүгүн, 9-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында жума күнкү түшкү тыныгууну 1 саатка узартууну демилгелеген депутат Тазабек Икрамов.

"Чубак ажы Жалилов жарандарыбызды туура жашоого үгүттөгөн адам. Ал жаштарга "Сирияга барбагыла, ата-энеңерди сыйлагыла" деп жүрөт. Жалилов өлкөбүз үчүн оор мезгилде эки элди бириктирген. Анын бейөкмөт уюмдардай эле өз пикирин айтууга акысы бар. Эмнеге ал жоопкерчиликке тартылышы керек? Эмнеге гейлерди, педофилдерди колдогон адам жоопко тартылбайт? Жума күнкү түшкү тыныгууну 1 саатка узартуу боюнча демилгем Орозо айында элди экиге бөлүүсүн каалабайм. Жогорку Кеңеш бул демилге боюнча туура чечим кабыл алат деп ишенем", - деди Икрамов.

Айта кетсек, 7-июнда парламенттин тийиштүү комитетинде жума күнкү тыныгууну 1 саат эмес, 2 саат кылуу нормасы каралган мыйзамдын долбоору талкууланып, ага 3 депутат "макул", 6 депутат "каршы" деп добуш берген. Демилгечилер жума намазына барууга мамлекеттик кызматта иштегендерге шарт түзүп берүү керектигин айтышууда. Жыйынтыгында көпчүлүк добуш менен долбоор четке кагылган. Чубак ажы Жалилов долбоорго каршы чыккан депутаттарга кол берип учурашпай турганын, шайлоолордо аларга добуш бербөөгө жарандарды чакырарын айткан.

Бүгүнкү жыйында депутат Альфия Самигуллина "Дин маселелери боюнча мамлекеттик комиссия Чубак ажы Жалиловдун билдирүүсүнө баа бериши керек" деген пикирин айткан.





Жума намаз маселеси коомчулукта кызуу талкууга алынды

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Сергек Шатманов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 13 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: