super.kg logo
  Саясат  

Жапаров менен Алиев Чолпон-Атада сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү

 

Чолпон-Атада бүгүн, 31-июлда президент Садыр Жапаров жана Азербайжандын президенти Ильхам Алиев сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.

Жапаров анда экономика, инвестиция, транспорт, энергетика, билим берүү жана башка багыттар боюнча өз ара кызматташтыкты кеңейтүү үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи.

Президент сүйлөшүүлөр конструктивдүү жана өз ара ишенимге негизделген маанайда өтөрүнө, ал эми жетишилген макулдашуулар эки өлкөнүн кызматташтыгын чыңдоого жана элдердин бакубаттуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы союздаштык мамилелер жөнүндө келишимге кол коюу өзгөчө мааниге ээ, ал эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүүдөгү маанилүү этап болуп калат.

Өз кезегинде Алиев Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү, экономикалык потенциалын чыңдоодогу жана өлкөнүн эл аралык аброюн жогорулатуудагы олуттуу ийгиликтерине токтолду.

Азербайжандын Президенти биргелешкен долбоорлорго, анын ичинде Карабахтын Агдам районунда белек катары курулган “Айкөл Манас” атындагы орто мектепке, Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүнө, маданий алмашууга, ошондой эле Азербайжандын Ысык-Көлдөгү туризмди өнүктүрүүгө кошкон салымына жогору баа берди.

Мамлекет башчылары жетишилген макулдашуулар Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы боордоштук жана союздаштык алакаларды эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн мындан ары дагы чыңдоого өбөлгө түзөрүнө ишеним билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: