Кыргызстан-Азербайжандын ортосунда 10дон ашык документке кол коюлду
Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.
Алар транспорттук-логистикалык, энергетикалык, инвестициялык, санариптик, финансылык, гуманитардык жана башка тармактарда кыргыз-азербайжан кызматташтыгын мындан ары бекемдөөгө багытталган.

Мамлекет башчылар Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы союздаштык мамилелер жөнүндө келишимге жана Кыргыз өлкөсү менен Азербайжан Республикасынын Мамлекеттер аралык кеңешинин чечимине кол коюшту.

Ошондой эле бүгүн, 31-июлда төмөнкү документтерге кол коюлду:
- Министрлер кабинети менен Азербайжандын өкмөтүнүн ортосундагы эл аралык автомобиль каттамдары жөнүндө макулдашуу;
- Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы энергетика жаатындагы кызматташтык боюнча 2026-2027-жылдарга карата Жол картасы;
- Министрлер кабинети менен Азербайжандын Министрлер кабинетинин ортосундагы 2024-2029-жылдарга кызматташуу программасын ишке ашыруу боюнча Жол картасы;
- 2022-жылдын 11-октябрындагы Министрлер кабинети менен Азербайжан өкмөтүнүн ортосунда Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Экинчи кошумча макулдашуу;
- Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен Азербайжандын Санариптик өнүктүрүү жана транспорт министрлигинин ортосунда жүк ташуу, кеме жүрүшү жана кеме куруу жаатындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;
- Улуттук статистика комитети менен Азербайжандын Мамлекеттик статистика комитетинин ортосунда статистика жаатындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;
- Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен Азербайжандын Атайын байланыш жана маалыматтык коопсуздук мамлекеттик кызматынын ортосунда киберкоопсуздук тармагындагы өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;
- Ош шаары менен Азербайжандын Гянжа шаарынын ортосунда кызматташтыкты жана боордош шаарлар байланышын түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;
- Каракол шаары менен Азербайжандын Габала шаарынын ортосунда өз ара кызматташтык жана боордош шаарлар байланышын түзүү жөнүндө меморандум;
- Чолпон-Ата шаары менен Азербайжандын Шуша шаарынын ортосунда өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;
- Энергетика министрлиги менен Азербайжандын Энергетика министрлигинин ортосунда мунай жана мунай продуктуларын жеткирүү тармагындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;
- Экономика жана соода министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы менен Азербайжандын Борбордук банкынын ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандум;
- “Кыргызалтын” ачык акционердик коому менен “АзерГолд” жабык акционердик коомунун ортосунда кызматташуу жана өз ара аракеттенүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















