super.kg logo

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына салынып жаткан ипподром 25 гектарды ээлеп, 1 миллиард 234 миллион сомго курулат (фоторепортаж)

 

Ушул жылдын 3-8-сентябрь күндөрү Чолпон-Ата шаарында өтө турган II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата кызуу даярдыктар жүрүп жатат. Балыкчы-Корумду жолунда оңдоп-түзөө иштери, ал эми спорттук иш-чаралар өтө турган ипподромду куруп, аягына чыгаруу иштери жүрүүдө. Курулушка мамлекеттин эсебинен 1 миллиард 234 миллион сом бөлүнгөнүн Турак жай-жарандык курулуш департаментинен билдиришти.

Ысык-Көл районунун башкы архитектору Адилет Абдыкадыровдун айтымында, бул ипподром кыргыз өлкөсү эгемендик алгандан бери мамлекеттин бюджетинен курулуп жаткан алгачкы ири долбоор, ири курулуш болуп саналат. Ипподромдун аймагы жалпысынан 25 гектарды ээлейт. Сүрөттөр аркылуу курулуштун жүрүшү менен тааныштырабыз.

Ипподромдун административдик корпусу

Ысык-Көл районунун башкы архитектору Адилет Абдыкадыров

"Сапаттуу курулуш материалдары атайын буйрутманын негизинде чет мамлекеттен алынып келинди. Эл аралык стандартка жооп берген чоң ипподром курулуп жатат", - Адилет Абдыкадыров.

Ипподромдун башкы планы. Бул долбоордун үстүнөн бир нече архитекторлор иш алып барышкан. Өткөн жылы өлкө башчынын буйругу менен курулуш үчүн архитекторлор тарабынан 8 эскиз сунушталып, арасынан төмөндөгү долбоор жактырылган.

"Курулуш иши кызуу жүрүп жатат. Кээ бир иштер мөөнөтүнөн мурда бүтүп жатса, башкалары жаан-чачындан улам артта калууда. Буюрса, баары план боюнча аягына чыгат. 15-августка чейин толук бүтүрүшүбүз керек. Андан кийин майда оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлө берет", - дейт Адилет Абдыкадыров.

Жумушчуларга 4 маал бекер тамак берилип, жатакана менен камсыздандырылган. Эмгек акысы иштеген жумушуна жараша (орточо айлык 30 миң сом). Жумушчулар тарыхта калчу курулушка өз салымын кошуп жаткандыгы үчүн сыймыктанып жатышканын айтышты.

Бул темирлер атайын буйрутма менен Орусиядан алынган. Бишкекте формага салынып, коопсуздук эрежелерин сактоо максатында Боом капчыгайынын бир тарабы тосулуп атайын жүк ташуучу унаалар менен алынып келинген.

Отуруп көрүүчү жайлар 10 миң адамга ылайыкташтырылган. Бирок туруп көргөн адамдар менен кошо 12-13 миңге жакын адамды батыра алат.

Учурда ипподромдун курулушунда жалпысынан миңдей адам эмгектенет.

Ипподромдон Ысык-Көлдүн көрүнүшү... Көлдөгү "Ак кеме", кол булгалаган жумушчулар...






II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 1 миллиарддай сомго ипподром салынууда

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(22)
22.06.2016. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
jakwy janylyk eken
22.06.2016. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Млрд акча коротуп кургандан кийин, оюн буткон сон кароосуз калтырбай жакшылап иштеткиле!
22.06.2016. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Иши кылып сол чонтоко акчадан кетпесе болду
22.06.2016. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул эң жакшы жаңылык 2016жыл ичинен. Дүйнөлүк көчмөндөр оюну бүткөндө, тез тез ат оюндарын уюштуруп туруш керек. Куурай менен Тикенек кылбай.
22.06.2016. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы жакшы оркундой берсин, жылыш бар. Бирок акчасынан жесе дагы азыраак жесе экен!
22.06.2016. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ишинерге ийгилик Бул кыргызстандагы чон курулуштардыр уюткусу болсо екен
22.06.2016. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Конул которчу жанылык болду .
Менин жездем экскватор айдап, кран башкарып иштеп журот.
22.06.2016. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Чала-була чампалап салып жатышкан жокпу?
22.06.2016. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туугандар ниети тура кылалычы кудакаласа жакшы болуб бутот жакшы ниет жарым ырыс дейт

22.06.2016. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаңылбасам, былтыр да көчмөндөр оюнун өткөргөндө миллиондор коротулуп ипподром салынган, соттошконго, кесилгенге да жетишишкен. Ал эмне болду? Жыл сайын эле миллиарддар коротулуп жаңы ипподромдор салына береби?
22.06.2016. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aitunuk,былтыркы оюнда ипподромм салынса корот элек го талаада эле откон,,бул жолу салынып жатат жакшы бюрса тарыхта калчу ийгилик болсун...
22.06.2016. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aitunuk,Ипподром салынган эмес былтыр. Реканструкция болгон.
22.06.2016. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин тааныштарым кунуно 500 сомго иштеп келип журушкон
22.06.2016. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул ири долбоордун аркасында ири бодо ...дар турат. Жалпы чыгымга ошол миллирдтын кетсе 4/1 болугу кетет. Дагы мамлекеттин бюджетинде акча жок дешет. Ачык,акыйкаттуу тендер менен отсо кана...
22.06.2016. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аракети болсо берекети да болот
Медиа-портал
22.06.2016. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
оштун копуросундой кылбай жакшы салынсын эми
23.06.2016. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ko4mondor oiununan owon4o paida kalaby degen suroo paida boldu
23.06.2016. 08:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2016sportko bai jyl boldu, europa chempionaty, rio olimpiadasy,amerika kubugu,kochmondor oyunu,
23.06.2016. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы жанылык экен
24.06.2016. 02:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алгалайбер бер Кыргызстаным.Алмазбек Атамбаев молодец Алга.
SUPER.KG видео
24.06.2016. 02:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга Кыргызстан! Молодцы. Ийгилик.
SUPER.KG видео
24.06.2016. 03:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болунгон акчаны жеп туготпой жакшы кылып курушса экен эми
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: