super.kg logo

Кочкор районунан кармалган мадыл Бишкекке алынып келинип, дарыгердин көзөмөлүнөн өтүүдө (фото)

 

Өткөн аптада Кочкор районунун Дөң-Алыш айылынан алыс эмес жердеги Мадияр жайлоосунан жергиликтүү чабандар сейрек кездешүүчү мадыл жандыгынын баласын кармап алгандыгы тууралуу кабар SUPER.KG порталына жарыяланып, коомчулукта кызуу талкууга алынган эле. Кийинчерээк кармап алгандар мадылды кайра коё беришкенин маалымдашкан.

Аймакка НАБУ (Германиянын табиятты коргоо уюмунун Кыргыз Республикасындагы филиалы) уюмунун кызматкерлери Амантур Талгартбек уулу менен Курманбек Дүйшеев барышып, мадылды коё берген жеринен таап, Бишкекке алып келишти. Учурда жандык ветеринардык адистин көзөмөлүнөн өтүп, абалы жакшы. Аны Ысык-Көлдүн Ананьев айылындагы реабилитациялык борборго жөнөтүүгө даярдап жатышат.

НАБУ уюмунун алдындагы Мыйзамсыз аңчылыкка каршы "Барс" тобунун жетекчиси Курманбек Дүйшеев жандыктын кантип кармалып калганы тууралуу буларга токтолду:

"Мадылды кармап алган балдар менен сүйлөшүүгө мүмкүн болгон жок. Айылдагы музейдин директору менен сүйлөштүк. Ал киши айыл тургундарына бул сейрек кездешүүчү жандык экенин түшүндүргөн соң жандык коё берилиптир. Эгерде биздин уюм тездик менен реакция кылып, жетип барбаса, иттерге таланып өлүп калышы мүмкүн эле. Алып келгенде абалы начар болчу. Иттерден катуу коркуп, ачка дагы экен. Адис келип укол сайды.

Азыр биздин милдет - мадылды аман-эсен реабилитациялык борборго өткөрүп берүү. Ал жакта белгилүү убакытка кармалат. Андан соң кайра эркиндикке коё берилет. Ал эми жашаган жерлерин аныктоо үчүн моюнуна каргы байлоо тууралуу илим изилдөө борборлору чечим чыгарышат".

Курманбек Дүйшеев

"Мадыл - мышыктар түрүнө кирүүчү жандык. Буттары чоң, жүнүнөн айырмаланат. Бөксө тоолордо кездешет, азыгын түнкүсүн таап жегендиктен, адамдардын көзүнө чалдыкпайт.

Мадыл тууралуу кабар SUPER.KG порталына чыккандан кийин тез жетип барып сактап калдык, андыктан сиздерге ыраазычылык билдиребиз! Айтпай эле сейрек кездешкен жандыктарды өлтүрүп салган учурлар да кездешет", - деп кошумчалады Дүйшеев.

Мадылды таап, Бишкек шаарына алып келгендердин бири, "Барс" тобунун кызматкери Амантур Талгартбек уулу мындай дейт:

"Жандык колдон тамак жебейт, эт беришсе да жебей коюптур. Ачка, алсыз болгондуктан, коё берилген жерден алыс деле узап кетпептир. Бизге кайсы жерге коё беришкенин көрсөтүштү, ошол жерден 100 метр алыстыктан издеп баштадык. Ошол эле жерде жүрүптүр. Качып кете алгыдай алы жок экен. Акырын кармап алып келдик. Ветеринардык адис текшерип, укол берген соң тамак жеп калды".

Амантур Талгартбек уулу

Белгилей кетсек, мадыл 1975-жылы Кызыл китепке кирип, сейрек кездешүүчү жандык катары коргоого алынган. Бул жандыкты кармоого, ага аңчылык кылууга тыюу салынган. Мадылды өлтүргөндөргө 25 миң сом өлчөмүндөгү айып пул каралган.

“Барс” тобунун кызматкерлери коргоого муктаж сейрек кездешүүчү жаныбарларды көргөн жарандарды 0709 88 87 38 номерине чалып, кабарлап коюуну өтүнүшөт.






Кызыл китепке кирген мадыл Бишкекте дарыгердин көзөмөлүндө

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Сергек Шатманов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(21)
27.06.2016. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул жандык тууралуу биринчи жолу угушум.
27.06.2016. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мадылды кармап алган балдар смартфонду утту окшойт
27.06.2016. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы болуптур сактап калып
27.06.2016. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Смартфонду мадыл тууралуу маалымат берген адамга берсениздер жакшы болмок
Чыны мн жакшы жанылык болду
27.06.2016. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура айтасынар. Смартфонду ушул балдарга бериш керек
27.06.2016. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул жандыкты кайра кое берилди токойго деп жаздынар эле го.
27.06.2016. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кебетеси коркунучтуу экен!
27.06.2016. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ит катуу талап койгонго.
27.06.2016. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
бул жандыкты кайра кое берди дешип атты беле же адаштымбы?
27.06.2016. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Shaa-82,окусан биринчи
27.06.2016. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына бул суротто эми мышыктан айырмасы бар экени билиниптир.
27.06.2016. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен дагы биринчи жолу угуп жатам бул жаныбар жөнүндө. Мышыктын эле жапайы бир түрүго.
27.06.2016. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Өз жайына коюп бошотуп жибердик деди элего .
27.06.2016. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Элдер темасын окуп алып эле коммент жаза берет окшойт,биринчи окусанар баарын тушунуктуу кылып жазып койгон,анан тушуносунор,ышкыртып эле коммент жаза бербей
27.06.2016. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
tursunbaev78,
Туура айтасыз темасын окуп артын оздору коз ачык болуп жоруп коюшуптурго.Ооруп жатканына байланыштуу дарылап жатабыз,ацыкканда кайра коюп жиберебиз,дагы башка туугандары бар бекен,каерде жашайт экенин билуу учун каргы тагабыз-деп туратко адамдар...
27.06.2016. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
сатат эми бул бечераны
28.06.2016. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой тообо,койо берген жерден 100метр арырак ,издеп ,таап кармап келдик деп жазылып туратко,окуйсунарбы озу комент жазардан мурун?
SUPER.KG видео
28.06.2016. 02:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эң туура кылышыптыр, жапайы жаныбар болсо .
29.06.2016. 02:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АЯБАЙ сүйүнүп атам,дагы көп-көп болуп көбөйө беришсин!!!
29.06.2016. 03:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
мадыл эмес МАНУЛ
SUPER.KG видео
04.07.2016. 03:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшынакай го ии
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: