Кыргыз жерине Германиянын канцлери Ангела Меркель келди
13-июль күнү кечинде Германиянын канцлери Ангела Меркель эки күндүк иш сапары менен Кыргыз жерине келди. Аны "Манас" аэропортунан президент Алмазбек Атамбаев тосуп алды.
Президенттик аппараттан билдиришкендей, иш сапардын алкагында 14-июлда Алмазбек Атамбаев менен Ангела Меркель жолугушуп, Кыргыз-Германия кызматташтыгын талкуулашат. Ошондой эле лидерлер эл аралык жана аймактык маселелер боюнча да пикир алышмакчы. Жыйынтыгында Алмазбек Атамбаев менен Ангела Меркель биргеликте маалымат жыйын өткөрүшөт.
Андан сырткары Меркель Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков жана жарандык коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушат.
кошулду
2498 Кыргызстанга Германиянын канцлери Ангела Меркель келди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:30
2026-11-13
13:55
2026-11-13
12:07
2026-11-13
11:57
2026-11-13
Рейтинг:
4
4
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















