super.kg logo

Малайзиядан келген мугалимдер көл жээгинде кыргыз окуучуларына англис тилин үйрөтүп жатышат (фоторепортаж)

 
Көлдү көздөй сапар алып, көңүлдүү бара жаткан окуучулар
Кечки тамактануу учуру
"Ice breaking" - муз жаруу оюну. Бул окуучулардын активдүү болуусун шарттайт.
Сабак алдында
Ар бир окуучу өзүн англис тилинде тааныштырып, атына жараша мимика ойлоп таап көрсөтүп жатты.
"Who am I" же "Мен киммин?" оюну окуучулардын жакындан таанышуусуна шарт түзөт.
Ар бир окуучунун аты жазылган кагазды аралаштырып, бири-биринин маңдайына чапташты. Окуучу маңдайына жабыштырылган кагазда кимдин ысымы жазылганын башкалардын сүрөттөөсү менен табышы керек болду.
Позитивдүү окуучулар
Сабак учурунан
Малайзиялык мугалим өзүн образдуу тааныштырууда.

Бүгүн, 21-июлда Ысык-Көлдө жайкы эс алуу учурундагы билим берүү иш-чарасынын алкагында Кыргыз Республикасынын 7 дубанынан чогулган мектеп окуучуларына англис тилин үйрөтүү иштери башталды. Сабакты Малайзиядан келген мугалимдер өтүп жатышат. Алар иштерин окуучуларды жакындан тааныштыруу менен башташты. Ошондой эле эс тутумду жакшыртуу үчүн кызыктуу оюндар уюштурулуп жатат. Бүгүнкүгө таанышуу, көл жээгинде эс алуу, англис тилинде баарлашуу (talking club) жана 1 сааттык сабак каралган.

Малайзиядан келген англис тили мугалими Шахрул Бариа Бинти Отман окутуу ыкмалары тууралуу буларга токтолду:

"Ар башка аймактардан келген балдардын жакындан таанышуусуна, достошуусуна түрдүү оюндар жардам берет. Андыктан оюндар менен сабак окутуу ыкмасы колдонулат. Алсак, оюндун эрежеси боюнча, англис тилинде бир окуучу башка окуучуга бир эле суроо бере алат. Ошентип баарына бирден суроо берип жатып баарын жакындан билүүгө, англис тилин өздөштүрүүгө шарт түзүлөт".

Окутуу программасы Ысык-Көлдө 26-июлда аяктайт.

Белгилей кетсек, иш-чараны Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги уюштуруп жатат. Ысык-Көлдө жайкы эс алуу учурундагы билим берүү иш-чарасына катышуу үчүн Малайзиядан англис тили мугалимдери жана мектеп окуучулары Кыргыз жерине келишкен. Алар өлкөбүздүн 7 дубанынан келген окуучуларга 26-июлга чейин сабак өтүшмөкчү. Калың топ кечээ, 20-июлда өлкө башчы Алмазбек Атамбаев окуган жалпы билим берүү мектебине барып, аталган жайдын музейи, жетишкен ийгиликтери менен кенен таанышып кайткан. Андан соң алар Ысык-Көлдү көздөй сапар алышкан.






Кыргыз-Малайзия достугун арттырган саякат

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Сергек Шатманов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
21.07.2016. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мынча соонун ээх кандай жыргал проблема жок мезгилида азыр
22.07.2016. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн соонун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: