Кайгуул унаалары эреже бузгандарды аныктаган жабдыктар менен жабдылууда
Кайгуул унаалары жол эрежелерин каттоочу заманбап комплекс менен жабдылууда. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, унаалар жол кыймылынын эрежелерин автоматтык түрдө аныктоого багытталган заманбап "Оракул-Инсайт" аппараттык-программалык комплекси менен жабдылган.
Жаңы систем жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактыларын фото жана видео аркылуу каттайт. Анын ичинде ылдамдык режимин бузуу, каршы тилкеге чыгуу, токтотуу жана токтоп туруу эрежелерин сактабоо, транспорт каражатын башкарып бара жатып телефон колдонуу, коопсуздук курун тагынбоо сыяктуу мыйзам бузуулар автоматтык түрдө аныкталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















