super.kg logo

Малайзиялык мугалимдерден англис тилин үйрөнүп жаткан окуучулар Ысык-Көлгө кеме менен саякатка чыгышты

 
Кемени көздөй бара жаткан окуучулар
Кемедеги шаңдуу көрүнүш
Кеменин ичинде
Сүрөткө түшүү учуру
Көлгө түшүүгө даярдык
Көлдө балыктай сүзгөн окуучулар
Иш-чаранын катышуучулары кызуу бийлеп жаткан кездери
Кеменин сырткы көрүнүшү
Кеменин сырткы көрүнүшү
Кайрадан жээкке кайтып жаткан окуучулар

Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги уюштурган Ысык-Көлдө окутуу программалары учурда өз нугу менен уланууда. Бүгүнкү программага ылайык, окуучулар кеме менен көл үстүндө саякатташты. "Адилет" аталышындагы 75 кишилик кеме балдарды жээктен 12 чакырымга чейин алыстатып, тереңдиги 300 метр жерге алып барды. Аба ырайы өзгөрүп, жамгырдын себелегени иш-чаранын катышуучуларынын маанайын түшүрө алган жок. Кемеде үн күчөткүчтөр аркылуу окуучуларга Ысык-Көл тууралуу кенен маалымат берилип, жаратылышты коргоо, сүйүү, таза сактоо ар бир адамдын ыйык милдети экени айтылды. Көлдүн көрүнүшүндө сүрөткө түшүп, бийди сүйгөндөр катыра бийлеп, көлдө сүзгөнгө да үлгүрүштү.

Түшкү тамактануудан соң окуучулар үчүн англис тилинде баарлашуу, көл жээгинде сабак өтүү, оюндар каралган.

Аталган долбоор 20-июлда башталып, малайзиялык мугалимдер менен окуучулардан турган топ КРнын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов менен биргеликте президент Алмазбек Атамбаев окуган Арашан айылындагы мектепке барышкан соң Ысык-Көлдү көздөй сапар алган.






Кыргыз-Малайзия достугун арттырган саякат

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Сергек Шатманов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
22.07.2016. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсылары Малайзиялыктар? Биздикилерден айырмасы жок го???
22.07.2016. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kukunana,кандай айырмасы болуш керек эле?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: