super.kg logo

Окуучулар "Рух-Ордо" маданий комплексине барып, кыргыз элинин бай маданияты, улуу инсандары тууралуу маалымат алышты (фоторепортаж)

 
Чалкыган көлдүн жээгинде эс алып жаткан окуучулар
Окуучулар волейбол ойноп көңүл ачышты.
Көлдөгү сулуулар
Сууда топ ойноо баарынан кызыктуу
"Рух-Ордого" сапарга чыгуу алдында
"Рух-Ордо" маданий борборуна кирип келе жаткан окуучулар
Маданий борбордун кызматкери ар бир эстелик, ордодогу каармандар тууралуу айтып берип жатты.
Малайзиялык коноктор улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов тууралуу көп маалыматтарды алышканын, айрыкча анын чыгармачылыгын чагылдырган эстеликтер аябай таасирленткенин айтышып, жазуучунун эстелиги менен сүрөткө түшүштү.
Ар бир окуучу кыргыздын атын алыска тааныткан жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги менен сүрөткө түшүүгө ашыгышты.
Ар бир окуучу кыргыздын атын алыска тааныткан жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги менен сүрөткө түшүүгө ашыгышты.

Ысык-Көлдө англис тили боюнча окутуу программалары көңүлдүү өтүп жатат. Адаттагыдай эле эртең мененки баарлашуудан кийин, 1 сааттык окуудан соң окуучулар көл жээгине барышты. Алар волейбол ойноп, сууда сүзүп, кээ бири жөн гана чалкыган көлгө суктанып отурушту.

Убактыларынын ар бир мүнөтүн көңүлдүү өткөрүп жаткан окуучулар түшкү тамактануудан кийин залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов атындагы "Рух-Ордо" маданий комплексине сапар алышты. Маданий борбордо кыргыз элинин тарыхы, маданияты, улуу инсандары, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы тууралуу окуучуларга кызыктуу маалыматтар айтылып жатты. Бир тарабын тоо, бир жагын көл курчаган комплекстин аурасы окуучуларды таасирлентип, ордонун кызматкеринин кызыктуу баяндамасын кунт коюп угушуп, аны экскурсиянын соңуна чейин ээрчип жүрүштү.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги уюштурган долбоор мамлекеттер аралык достук мамилени чыңдоо, мектеп окуучуларынын кошумча билим алууга кызыгуусун арттыруу жана башка өлкөлөр менен мамиле курууга, алардын маданиятын үйрөнүүгө, чет тилдерди өздөштүрүүгө үндөө, ошондой эле Кыргыз өлкөсүнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн жарнамалоо максатында уюштурулган.






Кыргыз-Малайзия достугун арттырган саякат

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Сергек Шатманов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
24.07.2016. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыздар!!!
24.07.2016. 03:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушинтип кыргыздын окуучуларында айландырып тарыхыбызды маданиятыбыз менен тааныштырса соонун болмок.
24.07.2016. 03:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул окуучулардан да 400сомдон алыштыбекен? Кируу акысы ото кымбат карапайым калк учун.
24.07.2016. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
abusait,мен да билет баасын ойлодум.через чур кымбат.
24.07.2016. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
билет баасы кымбат деген досторум учун, билеттин баасы кымбат эмес, чет олкого барсан андан кымбат, ал жерге тарыхыбызды баалаган кирет, тарыхыбызга кызыккан кирет, болбосо жанакы тарых баалабагандар интерес учун киреберет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: