Конституцияны өзгөртүүгө жөнөкөй жарандар да каршы болушууда (сурамжылоо)

Мурунку президент Аскар Акаевдин башкаруу убагында өлкөнүн Баш мыйзамы 4 жолу, андан кийинки президент Курманбек Бакиевдин учурунда 3 жолу өзгөртүлгөн. Сегизинчи жолу Конституция 2010-жылдын 27-июнунда акыркы ирет өзгөртүлгөн. Баш мыйзамды 2020-жылга чейин өзгөртүүгө тыюу салынганына карабай учурда аны өзгөртүү аракети көрүлүп жатат.
Учурда бул маселе коомчулукта кызуу талкууда. SUPER.KG порталы тарабынан атайын "Конституцияны өзгөртүүгө зарылчылык барбы?" деген темада сурамжылоо жүргүзүлдү. Сурамжылоого катышкандардын басымдуу бөлүгүнүн пикиринде, Конституцияны өзгөртүүнүн эл үчүн пайдасы жок. Эгер 2020-жылга чейин Конституцияны өзгөртүүгө тыюу салуу четке кагылса, келечекте мындай көрүнүш адатка айлана турганын баса белгилешти. Мындан тышкары жарандар "бийликтеги күчтөр өз кызыкчылыктары үчүн гана Баш мыйзамды өзгөрткөнү жатышат", "буга чейин да Конституция бир нече жолу өзгөргөн, бирок эч кандай жакшылыкка алып келген жок", "Американын Конституциясы эч өзгөртүлгөн эмес, биздики болсо оюнчук болуп калды..." деген жоопторду беришти.
кошулду
Конституцияны өзгөртүүгө зарылчылык барбы? (сурамжылоо)


АША да кампасын толтуруп, ташучусун ташып, бир жерден ийин таап алса керек бирди көрчүдөй болуп эле кыйшандап калыптыр
Анткени референдум болбой жаш курч эдим деген президент келсе батукаевди кантип качырганы жонундо опол тоодой жоопкерчилик тартышы мумкун