super.kg logo

Беш баланын энесинин өлүмү. "Сиңдим дарыгердин шалаакылыгынан улам көз жумду" дейт маркумдун эжеси Жаркын Мураталиева

 
Уулун көрбөй кеткен эне
Саадат Мураталиева кыздары менен
Энесиз калган ымыркай

"Бешинчи баласын төрөгөн сиңдим дарыгердин шалаакылыгынан улам каза болду". Бул тууралуу бүгүн, 1-сентябрда SUPER.KG порталына маркум Саадат Мураталиеванын эжеси Жаркын Мураталиева билдирди.

“Сиңдим Саадат 2-август күнү Чүй облустук төрөт үйүндө көз жарды. Ооруканага өзүм таңкы саат 6да алып баргам. Саат 08:00 чамасында кесарево жолу менен көз жарып, уулдуу болгон. Кечки саат 18:00 чамасында туугандар менен барып куттуктап кеткенбиз. Сиңдим жандандыруу бөлүмүндө аны эч ким карабай жатканын айтып, жанында болууну суранган. Бирок жандандыруу бөлүмүнө эч кимди киргизбейт экен да. Эртеси күнү саат 23:00 чамасында дарыгерлер телефон чалып, сиңдим оор абалда экенин жана жатынына кан толуп кеткенин билдиришти. Биз дароо ооруканага бардык, бирок бизди киргизишкен жок. Түнкү саат үчтөр чамасында ага экинчи ирет операция жасалып, дарыгерлер саат төрттө чыгышты. Дарыгерлер ага кан куюп жатышты, бирок жандандыруу бөлүмүнүн дарыгери бизге жолугуп Саадаттын абалы оор экенин маалымдады. 5-август күнү сиңдим Бишкектеги №6-төрөт үйүнө которулуп, ал жакта 11-августка чейин жатты. Сиңдимдин абалы оорлошкондон оорлошуп, аны М.Мамакеев атындагы Улуттук хирургиялык борборуна которушту, бирок андан деле абалы жакшырган жок. 16-август күнү ал ооруканадан каза болуп калды. Эгерде сиңдимди көзөмөлдөгөн дарыгер-гинекологу Фарида Максутова убагында тиешелүү медициналык жардам көрсөтүп, аны эртерээк төрөткөндө ал аман калмак”, - дейт Ж.Мураталиева.

Анын айтымында, төрөттөн кийин абалы оорлошуп кеткен Саадат Мураталиева кош бойлуулуктун 7-айында ооруканага жардам сурап кайрылган. Анда кош бойлуу айымдын буттары шишип, ичи ооруп ооруканага алынып келинген.

"Сиңдим Фарида Максутовада каттоодо болчу. Айт күнү саат 23:00дө Саадаттын кан басымы көтөрүлүп кетип ооруканага барган. Ошол түнү нөөмөттө Максутова өзү болгон. Ал урушумуш болуп, сиңдимди дароо ооруканага жаткырган. Дары жазып берип, бирок эртеси башка дарыгерге тапшырып, эс алганга кетип калган. Кимге тапшырганы азыркыга чейин белгисиз. Үчүнчү күн дегенде оорукананын башчысы сиңдимди "үйүңө барып дарылана бер" деп үйгө чыгарып жиберген", - деп кошумчалады маркумдун эжеси.

Ал эми маркумдун 17 жаштагы Кумар аттуу уулу апасы кичүү инисин көрбөй кеткенин кошумчалап, учурда 1 ай боло элек инисин атасынын эжеси карап жатканын билдирди.

“Апам туулган күнүнө 4 күн жетпей каза болуп калды. 20-августта анын туулган күнүн белгилемек болчубуз, апам 40 жашка толмок... Тилекке каршы, апам жаңы төрөлгөн инимди да көрбөй кетти. Акыркы жолу сүйлөшкөндө “Балам жакшы элеби?” деп бир жолу сураганга жетишти. Көз жарган күндүн эртеси эле абалы начарлап, кайра операция жасалды. Ошондон кийин эсине келген жок, кийин ооруканадан каза болуп калды. Чүй облустук ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн дарыгерлери "алып кеткиле, даярдана бергиле" деп айтышкан. Анан апамды шаарга которууга туура келген”, - дейт маркумдун уулу.

Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардам көрсөтүү жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башкы адиси Раиса Асылбашева бул окуя тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:

“Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган, анын жыйынтыгы ушул айдын соңунда даяр болот. Экспертизанын жыйынтыгы менен көп суроолорго жооп табылып, чекит коюлат деген ойдомун. Маркумдун туугандары дарыгерлердин үстүнөн прокуратурага арыз менен кайрылышкан. Учурда бул иш прокуратуранын көзөмөлүндө, тиешелүү документтердин баары өткөрүлүп берилген. Каза болуп калган эненин өмүрүн сактап калуу максатында аны шаарга которушкан, тилекке каршы, максат ишке ашкан жок”.






Төрөттөн каза тапкан келин, энесиз калган 5 бала

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Сергек Шатманов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(23)
01.09.2016. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Бейишин берсин.жаман Иш болуптур.,5баласы артында калыптыр ,ото окунучтуу.
01.09.2016. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ушундай окуялар КР ото коп кездешип жатат.Статистика боюнча да коншу олколорго салыштырмалуу биринчи орунда турат экенбиз .Бул эмне деген ?Дарыгерлердин кайдыгер мамилеси же билим алуу боюнча томон корсоткуч себеби . Аллахтан эле суранып калдык ,женилинен берсе экен деп,ишеничтер кетип ...Аллах оз рахматына алган болсун ылайым ,жакындарына сабырдуулук !
01.09.2016. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аябай ичим ачышып жатат. Байкуш 1 айлык бала
01.09.2016. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
калган омур жашын балдарына берсин.Арты кайрылуу болсун.жардам керек болсо мен даярмын.уй булоосуно колумдан келгенин аянбайм.ото окунучтуу окуя.
01.09.2016. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Биздин врачтар пулун болсо карайт,болбосо олуп атсанда карабайт.бийликтегилер контрольдоп турса жакшы болмок.
01.09.2016. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Врачтар карабайтат деп чалган турбайбы, врачтар эле өлтүрүшкөн карабай ХХХ...
Модератор admin_portal түзөттү 2016-09-02 11:52:36
02.09.2016. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
saltanat., этика нормаларын сактаңыз!
01.09.2016. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азыр сапатсыз врачтар кобойуп жатат. Оз ден соолугунду ишенип бергенден коркосун. Бирок айла жок да кайрылабыз.
01.09.2016. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
абдан жаман болгон экен...балдарына кандай сөз айтсак да, кайгысын жеңилдете албайбыз...
01.09.2016. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аллахым оз рахматына алган болсун аябай окунучтуу,чынында бизде роддомдо иштеген мед кызматкерлери аябай копол келишет тим эле министерстводо иштеп жаткандай биринен отуп бири кыйын андай жанын козуно корунуп турганда бир жакшы созго зар болосунго чиркин булардын жанында...
01.09.2016. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ayushka,Оа ошентишет тимеле. Нормально да карашпайт кекетишип өздөрүнчө кыйын болушат буларга акча керек 5000:10 000карматыш керек заранее
Jakulina түзөттү 2016-09-01 23:49:58
01.09.2016. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Баары эле жаман эмес туура жакшысы дагы бар. бирок контрольдогон эч ким жок буларды аны алып кел буну алып кел бцж прививка саятко ошондо конулундон чыгарып берип кой а деди тооба тилемчилерге окшоп эми айта берсен быкы чыкысы коооопта аман эле болушсунда врач соройлор...
01.09.2016. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эх окууну акча менен бутобуз анан албетте ушундай окуяларга бай болобуз
01.09.2016. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ооба жанын козуно корунуп турса урушканычы
02.09.2016. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бечара бир айлык бала аллахым силерге жардам берсин
02.09.2016. 07:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыркы учурда ушундай энелердин олуму коп катталууда министерствонун жообу азыркы учурда иликтоо иштери журуп жатат экспертизанын жыйынтыгы чыкса кунолуулор тиешелуу чараларын алат козомолдо дейт болду ошону менен унутулат.
Alixan-Nookat.2015 түзөттү 2016-09-02 07:44:18
02.09.2016. 09:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eeh jaman boluptur! Vrachtaryn chyn ele cirktagy janybarlardai ele bolup kalyptyr oozuna birdeme salsan onor korsotot,berbesen jok!Ozum torogondo kordum go, joldoshum akcha taap kelip bergenche meni da kyzymdy da karabai koiushtu. A kyzyma kislorod jetpei kyinalyp jatkan. Kudai andaidy ech kimge korsotposun. Bir gana Allaga jalbaryp oturup kalat ekensin andaida.
02.09.2016. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Торогондон да коркосун.
Медиа-портал
07.09.2016. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
карга карганын козун чукубайт министирлик эч чечим чыгарбайт. бул жерде бир гана врачтарды куноологон болбойт озубуз да куноолубуз. аялдар ден соолугун карашпайт профилактика жылына эки жолу корунуш керек
может аялда хроникалык да оорулары да болгон.
Медиа-портал
07.09.2016. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Калган омур жашы балдарына берилсин деген туура эмес,пенде жаралганда мандайына жазылат канча жашаары.Аллахым бейишинен орун берсин кабыр азабынан сактасын сурагы женил болсун!
Медиа-портал
08.09.2016. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир айыдын келиндери болобуз,балдарынын, особенно кызынын; ушинтип эле мамам жок кала беребизби деп ыйлаганын корсонор журок сыздайт экен.Кесип баланы алып,кайра операция кылып маткасын алып и ещё каза болгондон кийин вскрытие кылып анан кантип жакындарынын ичтери куйбойт.Врачтар жазасын алсын.Жаткан жери жайлуу болсун.
SUPER.KG видео
10.09.2016. 02:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айланайын врачтар алган акчанар жугуштуу болсун учун ак эмгек кылгылачы, бироонун каарына калбагыла анткени эртен башына келип тийет
SUPER.KG видео
29.01.2017. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тортоо тороптур бешинчисин жон койсо да болмок экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: