super.kg logo

Коопсуздук үчүн жасалган дөңсөөнү өз билемдик менен талкалаган адам тууралуу кабар жиберген окурман "Элдик кабардын" август айынын жеңүүчүсү деп табылды

 
Август айынын жеңүүчүсү
Талкаланган дөңсөө
Талкаланган дөңсөө

Мектеп окуучулары катышкан кырсыктардын алдын алуу үчүн ар кандай чаралар көрүлүп келет. Алсак, айдоочуларды, окуучуларды жана бардык эле тургундарды жол эрежелерин сактоого чакыруу максатында социалдык роликтер тартылып, жол жээктерине белгилер коюлат. Мектеп жана бала бакчаларда жол эрежелери тууралуу кыскача сабактар өтүлүп, жолдорго дөңсөөлөр орнотулат. Мындай чаралар көптөгөн кырсыктардын алдын гана албастан, канчалаган адам өмүрлөрүн сактап келет. Мына ошондой максатта Кочкор районунун Исакеев айылындагы Исакеев көчөсүнө коопсуздук үчүн коюлган жол дөңсөөлөрүн айыл тургуну өз билемдик менен казып салганын 6-августта Кубан Сейдилда уулу SUPER.KG порталына кабарлап, "Элдик кабар" рубрикасынын август айы боюнча жеңүүчүсү деп табылды. Окурманыбызды жеңиши менен куттуктап байланышка чыктык.

- Саламатсызбы, Кубан! Сиз ошол айылдын тургуну болосузбу?

- Жок, мен өзүм Ат-Башы районунан болом. Исакеев айылына досумдун үйүнө конокко барып калгам. Экөөбүз көчөдө баратып ал баланын дөңсөөнү талкалап жатканын көрдүк. Дөңсөө анын үйүнүн жанында экен. Биз эле эмес, ошол жердеги бардык тургундар көрүп, аны токтотууга аракет кылышты, бирок ал эч кимди укпай талкалай берди.

- Себебин айткан жокпу?

- Сурадык, дөңсөө өтө бийик болуп, айдоочулар дөңсөөнү айланып анын үйүнүн жанынан өтүшкөндүктөн, үйү титиреп жатканын айтты. Чынында эле бийигирээк экен, бирок ал үчүн дөңсөөнү талкалоонун кереги жок болчу.

- Сиздин оюңуз боюнча, ал дагы эмне кыла алмак?

- Башка жолду тапса болмок. Мисалы, унаалар анын үйүнүн астынан өтүп жатса, чоң таштар менен деле тосуп койсо өтө албай, дөңсөөнүн үстү менен өтүшмөк. Ал жер дагы мектепке жакын экен, ошол эле жолдон унаалар жогорку ылдамдыкта өтүшкөндүктөн, окуучулардын коопсуздугу үчүн салыныптыр. Антип талкалабай эле, жөн гана жапызыраак кылып койсо болмок.

Кубан Сейдилда уулу 23 жашта, учурда Бишкек шаарында курулушта иштейт.

Окуучулардын коопсуздугун сактоо максатында орнотулуп, талкаланган дөңсөө кайра 3 күндүн ичинде калыбына келтирилери тууралуу Нарын облусунун Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Мирлан Исраилов билдирген эле. Бирок бул айтылган сөздөн кийин окурманыбыз 3 эмес, 10 күн өткөндөн кийин деле оңдолбогонун айткан.

"Дөңсөөнү талкалаган балага акт түзүлүп, калыбына келтире турган каражат эсептелип чыккан. Ата-энеси учурда жайлоодо экен, ушул айдын аягында айылга түшүшсө, бул маселени чечебиз", - деди айыл өкмөт башчысы.

Жергиликтүү тургундардын айтымы боюнча, учурда ал дөңсөө талкаланган бойдон турат. Окуу жылы башталды. Демек, окуучулар кайра эле унаалар жогорку ылдамдыкта жүргөн жол аркылуу өтө башташат. "Бир дөңсөөнү мынчалык деңгээлде көтөрүүнүн кереги жок эле" деп айта тургандар болушу мүмкүн. Эске салсак, ушул эле жерде бир жыл мурун автоунаа катуу баратып аварияга учурап, бир адам каза болгон. Эми бул маселенин чечилиши дагы канча өмүрдү талап кылат?

"ЭЛДИК КАБАР" өлкөнүн жарандары менен бийлик бутактарынын ортосунда көпүрөлүк кызматты аткарып, бир топ көйгөйдүн чечилишине салымын кошту. Окурмандардын саны улам артып, "ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp жана Viber аркылуу +996 557 47-39-39 номерине кабар жөнөтүүнү улантышууда. Турмуштук көйгөйлөр: бийлик органдарынын шалаакылыгы, адам өмүрүнө коркунуч жараткан имараттар жана кулаганы калган дарактар, бузулган жолдор, шаардын жарыксыз көчөлөрү тууралуу маалыматтарын окурмандар биз менен бөлүшүү үстүндө. SUPER.KG порталы алардын көйгөйүн жана жакшы жаңылыктарын чагылдырууну мындан ары да уланта бермекчи.

"Элдик кабардын" буга чейинки жеңүүчүлөрү:

2015-жыл, апрель - Чынберди Жанышов (Жалал-Абад облусу, Сузак району).
2015-жыл, май - Сабира Казамбекова (Ош облусу, Ош шаары).
2015-жыл, июнь - Алина Мустапакул кызы (Баткен облусу, Кадамжай району).
2015-жыл, июль - Байысбек Жеңишбек уулу (Нарын облусу, Ак-Талаа району).
2015-жыл, август - Толгонай Таалайбек кызы (Бишкек шаары).
2015-жыл, сентябрь - Нурсултан Токтосунов (Ош облусу, Ош шаары).
2015-жыл, октябрь - Куттубек Абдуллаев (Ош облусу, Ош шаары).
2015-жыл, ноябрь - Асылбек Мадалиев (Баткен облусу, Кадамжай району).
2015-жыл, декабрь - Рустамбек Эгембердиев (Баткен облусу, Лейлек району).
2016-жыл, январь - Бектур Эшимбетов (Бишкек шаары).
2016-жыл, февраль - Жыргалбек Шерматов (Баткен облусу, Кадамжай району).
2016-жыл, март - Кубат уулу Азим (Бишкек шаары).
2016-жыл, апрель - Роза Кадыркулова (Бишкек шаары).
2016-жыл, май - Астра Токталиева (Бишкек шаары).
2016-жыл, июнь - Калыгул Бейшекеев (Бишкек шаары).
2016-жыл, июль - Айтмат Абдуллаев (Ош шаары).





Элдин коопсуздугун ойлогон окурман "Элдик кабардын" жеңүүчүсү болду

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Айбек Алимов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
02.09.2016. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ал донсону талкалаган баланында айтканы жонду. себеби мен озум айдоочу болгондуктан кеебир жерлерден горуп калам ото бийик кылып жасалган досолорду женил уналардын тубу донсого тийип отот. ошондуктан айдоочулар ал донсодон качып айланып отот. коопсуздук донсолорунун белгилуу бир олчому болсо герек ошол олчомдон ашырбаш герек.
02.09.2016. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менимче мындан да татыктуулар коп эле болду окшойт... Мындан да маанилуу кабар жоноткон..
02.09.2016. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бул дөңсөөдө ким эрежелерин карап отурду дейсиң Ташматка асвальтты карматтыда мына жерге дөңсө кыл деп ал да билгениндей кылып кетти анын бийиктигин ким өлчөп аны ким сырдап дөңсөөгө чейин 50м айыл ичинде болсо жол белги койулуш керек эле жатып алган гаишник деген
SUPER.KG видео
05.09.2016. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсыз
Дагы да болсо ийгилик коштоп журсун
Медиа-портал
06.09.2016. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
rahat97,
Саламатсызбы! Кандай катачылыктар болуп жатат? Бизге купуя кат менен кененирээк жазып койсоңуз, рахмат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: