super.kg logo
  Саясат  

"Атамбаевдин айланасындагы 15 адамдан мародёрлук боюнча шек санап жатам. Алардын бири Мискенбаев" дейт Текебаев

 

"Президент Алмазбек Атамбаевдин айланасындагы 15 адамдын 2010-жылдагы мародёрлукка тиешеси бар болушу мүмкүн". Мындай пикирин бүгүн, 19-сентябрда маалымат жыйынында Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди.

"Апрель окуясында курман болгондордун туугандарына бөлүнгөн каражатты КСДПчы депутат Мээрбек Мискенбаев жеп салган. Муну Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тастыктап жатат. Эми тергөө жүргүзүлүп, иш аягына чейин чыгышы керек. Тергөөнүн объективдүү жүрүшүн президент камсыздап бериши керек. Атамбаев мародёрлорду издеп жатабы, өзүнүн партиясынан издесин, табылат. Менин колумда тиешелүү документтер жок болгондуктан, мен шек санап жаткандардын аттарын айта албайм. Бирок бүгүн болбосо, бир жылдан кийин далилдер табылат", - деди Текебаев.






Текебаев: "Атамбаев мага маалыматты берген адамдарды тапканы жатат"

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Айбек Алимов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: