"Атамбаев президенттиктен тынч жана салтанаттуу кетиш керек эле, бирок ал өзү каалабай койду" дейт Текебаев

"Атамбаев президенттиктен тынч жана салтанаттуу кетиш керек эле, бирок ал өзү каалабай койду", - деди бүгүн, 19-сентябрда маалымат жыйынында Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев.
"Кайсы бир жогорку кызматка отуруу менин өмүрүмдөгү негизги максат эмес. Мен үчүн эң башкы милдет - бул жаңы саясий системди өлкөдө орнотуу. Ага ылайык, президент кызматынан жакшы, тынч кетиш керек. Мен муну бардык интервьюларымда айтып келгем. 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн бардык мүчөлөрү Атамбаевдин жүргүзүп жаткан саясаты менен макул эмес. Эгер арабыздан кимдир бирөө кол койбосо, ал президентти колдойт дегенди билдирбейт. Алар айрым себептерден улам пикирин ачык айта алышпайт", - деп айтты "Ата Мекендин" лидери.
Текебаев: "Атамбаев мага маалыматты берген адамдарды тапканы жатат"
Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Айбек Алимов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:15
2025-06-24

17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
-1

