Кеңешбек Дүйшөбаев: "Бийлик, кеч боло электе эсиңе кел!"
2010-жылкы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Кеңешбек Дүйшөбаев бийликти Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүү аракетин токтотууга чакырды. "Бийлик күчкө салса референдум өтүшү мүмкүн, бирок анын кесепетин да эстен чыгарбашы керек. Эсиңерге келгиле, бул күндөр да өтөт. 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болуп турганымда азыркы Конституцияны 2020-жылга чейин өзгөртпөөгө ант бергенмин. Бүгүн "Референдумга жол жок!" кыймылына кошулганымдын себеби ошол убадалардын өтөсүнө чыгуу", - деди Дүйшөбаев.
Жыйынга катышып жаткан Адахан Мадумаров: "25 жыл ичинде бири-бирибизге саламга келбеген адамдар бүгүн бир кыймылга биригип отурабыз. Бул эмнени билдирет? Кыргызда "түгөнгөн сайын түтөгөн" деп айтылат. Түтөгөн учур келди. Биздин башкы максат - бийликтин референдум өткөрүү аракетин токтотуу", - деди.
Ал эми УКМКнын мурунку башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары Конституцияны 2020-жылга чейин өзгөртпөөгө ант бергенин, аны аткаруу үчүн “Референдумга жол жок!” кыймылына кошулганын айтты. Ал азыркы бийлик мыйзам бузуу менен Баш мыйзамды өзгөртүүгө аракет кылып жатканын кошумчалады.
"Референдумга жол жок!" кыймылы парламентти таратууга кол топтоону баштады





