Текебаев Орто-Сай-2 конушунда куруп жаткан 2 кабаттуу үйүн көрсөттү (фото)












Бүгүн, 26-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев мүлкү менен тааныштыруу максатында пресс-тур уюштурду. Анын жүрүшүндө депутат журналисттерге Бишкектин Орто-Сай-2 конушундагы жеке үйүн көрсөттү.
“Бул жер тилкени 2011-жылы 40 миң долларга сатып алгам. 5 жылдан бери курулуш иштерин жүргүзүп жатам. Жакынкы 5 жыл ичинде курулушту бүтөбүз деп жатабыз. Бул жер тилкени экс-депутат Өмүрбек Абдрахмановдун аялынын сунушу менен сатып алганбыз. Акчабыз жетишпегенинен Абдрахмановдун үй-бүлөсүнөн 20 миң доллар карыз алып турганбыз. Кийин толугу менен кутулганбыз. Курулуп жаткан үйүбүз 2 кабаттуу, 5 бөлмөлүү”, - дейт Текебаев.
Текебаев куруп жаткан үйүн көрсөттү (26.09.16)
Өмүрбек Текебаев мүлктөрү менен тааныштырды
Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Айбек Алимов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
1

Качаанкы Текебаев?…
Жакшылыгына буйурсун эми…
Ичин куйуп атса туз жала
Эл билет жакшы адам. Коро албагандардын
козуно ХХХ
Бир Текебаев ондойт кыргызстанды.
Башкасы тонойт