super.kg logo

Жол кырсыгынан каза тапкан жаш эненин апасы: "Кызымды сүзгөнү аз келгенсип, үстүнөн тебелетип кетиптир"

 
Маркум Жанара Бараталиева
Маркумдун күйөөсү сүйүктүү жубайынан айрылганына оор үшкүрүнсө, кыздарынын аман калганына сүйүнөт.
Маркумдун үй-бүлөсү менен түшкөн акыркы сүрөтү
Кызын жоготкон эне менен келинин жоктоп отурган кайнене
Жамандыктан кабары жок эки наристе эми таенесинин кучагынан энелик мээрим издемекчи.
Жол боюна сейилдөөгө чыккан жаш эне өзүнүн сөөгү ушул эле жолдун аркы бетине коюлат деп ойлобосо керек.
Окуя болгондон кийин бул жерге Патрулдук милициянын кызматкерлери күзөткө коюлган.
Кылмышка шектелип издөөдө жүргөн айдоочу
Кылмышка шектүүнүн унаасы

Бишкектин четинде, тагыраак айтканда, түштүк-батыш тарабындагы көрүстөндүн жанында 21-сентябрь күнү каргашалуу окуя катталды. 23 жаштагы Жанара Бараталиева 2 жаштагы жана 3 айлык кызын коляскага салып алып сейилдөөгө чыккан. Жамандыкты күтпөгөн жаш эне үчүн бул анын наристелери менен акыркы сейилдөөсү болуп калды.

Жол боюнда бараткан жаш энени жана балдарын сүзгөн айдоочу окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. 2 жаштагы Айдана жана 3 айлык Фатима учурда энесин экинчи көрбөй турганын түшүнө элек. Алар таенесинин кучагынан мээрим издеп, аны этектеп турган чактары. Бул окуя тууралуу маркумдун жакындары төмөнкүлөрдү билдиришти.

"Кызым бир жакка кетип, кайра кайтып келчүдөй эле сезилет. Арадан беш күн өтсө да, ал келип калат деп, анын көзү өтүп кеткенине ишене элекмин. Окуя болордон мурун ал телефон чалып, кичүү кызы үн салып калганын айтып сүйүнчүлөдү эле. Көрсө, бул мен үчүн да, ал үчүн да акыркы кабарлашуубуз экен. Айла жок экен... Дагы жакшы, эки кызы аман калды... Кызым окуусун бүтүп, күйөө балам менен сүйлөшүп жүрүп баш кошкон. Экөө эки кыздуу болуп, бактылуу жашап жатышты эле. Алдыга койгон максаттары көп болчу. Эми минтип кызым каза таап, неберелерим энесиз, күйөө балам жарсыз калды. Окуя жол боюндагы дүкөндүн жанында болгон экен. Дүкөнчү кызым менен саламдашып өткөнүн, анан катуу ылдамдыкта жол тандабас өтүп эле ызы-чуу болуп калганын айтты. Сыртка чыгып, жерде канжалап жаткан Жанараны, жолдо жаткан эки кызын көрүптүр. Айдоочу эч нерсе болбогондой андан ары айдап кетип калган. Сүзгөнү аз келгенсип, үстүнөн унаасы менен тебелетип өткөнү анын кандай деңгээлде мас болгонунан кабар берсе керек. Аны Кудай жазаласын, эмне дейм башка?! Эми кыйналсам да неберелерим чоңойгуча өзүм карап берем да. Атасы жалгыз бой кантип карамак эле? 2 жаштагы неберем апалап, энесин издеп ыйлайт. Кичүү неберем ымыркайлардын жасалма сүтүн ичип, азыр ичи ооруп жаткан кези. Кызым “мен жок булар жүрө албайт” дечү эле... Айла жок, баарына көнөт турбайбызбы”, - дейт көз жашын тыя албаган маркумдун энеси Махабат Бараталиева.

Ал эми муркумдун кайненеси Набат Назармамбетова: “Жанара менин кичүү келиним болчу. Андан айрылып калганыбызга ишенбей, кан жутуп отурабыз. Уулум экөөнүн жашоосу эми башталып келаткан, экөө бактылуу жашачу. Үйү кичинекей, тар болсо да ушул жерден өнүгүп-өсүп, экөө көптү көздөп жаткан эле да. Келинимди сүзгөн айдоочу акчасына, байлыгына ишенип жаткан үчүн ушундай кылууда. Сүзүп, бирөөнүн жанын оорутуп, аны эч бир жардамсыз эки баласы менен көчөгө таштап кетип калганы эмне деген шумдук? Анын деле ата-энеси, туугандары бар да, бүгүнкү күнгө чейин бири башын ийип келип, куран окутканга моюндары жар берген жок”, - дейт.

Окуянын күбөсү айдоочу катуу ылдамдыкта келгенин айтат. Анын айтымында, "Тез жардам" кызматы 1,5 сааттан кийин, ал эми милиция кызматкерлери окуя болгондон кийин 52 мүнөттөн кийин келишкен.

“Мен ушул аймактын тургунумун, окуянын баарын өз көзүм менен көрдүм. Жол боюнда кетип бараткан келинди айдоочу катуу сүздү. Келин жолдун берки бетине учуп, коляскадагы эки кызы жолдун ортосуна 4-5 тоголонуп барып кулады. Улуу кызы коляскадан учуп барып жерге түштү. Кичүүсүн белинен кармагычына байлап койгон экен. Мен чуркап келгиче айдоочу газды басып, келинди үстүнөн тебелетип айдаган бойдон кетип калды. Ал жерге жакын тургандар унаада айдоочудан сырткары 2 кыз жана 3 эркек киши бар болгонун айтышты. Келин оор жаракаттарды алган, аны жолдон өтүп бараткан унаага салганбыз. Биз унаага салып жатканда ал дем алып жаткан. Кийин ооруканага жетпей жан бергенин уктук. Кыздарынын жүрөктөрү катуу түшүп калды окшойт, “Тез жардам” келгиче такыр ыйлашкан жок. Кийин дарыгерлер көтөрүп кетип жатканда биринин ыйлаганы угулду", - дейт күбө Алымбек Жамансариев.

Маркум келиндин кайнатасы Келдибек Нуранов кылмышка шектүү бул окуядан кийин май куюучу жайдын тосмосун сүзүп токтогондо аны күзөт кызматкерлери кармашканын, окуя болгон жерге анын ата-энеси келгенин билдирди.

"Май куючу жайдын тосмосун сүзүп колго түшкөн кылмышка шектүүнүн апасы ошол жерде калып, мас абалдагы уулу менен атасы акча алып келгенге кетишкен экен. Алар келтирилген чыгымды төлөгөн соң, аларды күзөт кызматы коё берип койгон. Бир адамдын өлүмүнө себепкер болуп, экинчисин сүзүп кеткен адамды тосмонун чыгымдарын төлөтүп кетирип коюшкандары акылга сыйбаган нерсе го?! Биз баары мыйзам чегинде болушун каалайбыз. Эгер эч кандай майнап чыкпаса, мен башкача жол менен сүйлөшөм. Жашым 80ге таяп калды, мен көрөрдү көрдүм, ичеримди ичтим, бирок ал адам өзүнүн кылганы үчүн жооп бериши керек", - дейт ачууланган аксакал.

Патрулдук милициянын басма сөз катчысы Таалай Бугубаев кылмышка шектүү учурда кармала электигин жана аны издөө иштери улантылып жатканын билдирди. Анын айтымында, Р.Жалиловду издөө иштери учурда Казакстанда да жүрүүдө.

Эске салсак, жол кырсыгы 21-сентябрда саат 17:30 чамасында Бишкектин түштүк-батыш тарабындагы көрүстөндүн жанында орун алган. Анда жол тандабас башкарган 1981-жылы туулган Рустам Жалилов жолдо 2 баласы менен кетип бараткан келинди сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Арадан көп өтпөй аталган айдоочу дагы бир жаранды сүзүп, андан соң май куюучу жайдын тосмосун сүзүп токтогон. Бирок кийин ал жерден да кетип калган. Учурда ал Казакстанда экени айтылууда.






Каргашалуу кырсык 2 баланы энесиз калтырды

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Сергек Шатманов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(24)
27.09.2016. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кылмышкердин суроту кайдан?
27.09.2016. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
AIZAD,заправкада кармалган жерде тартылганго чамасы. Түсүнөн кыргыз эмесго.
27.09.2016. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кылмышкердин унасы каякта азыр
27.09.2016. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Эки наристенин суротун коруп демим кыстыгып кетти. Кичинекейлерим менин...
Аллахым жардамчы болсун силерге.
27.09.2016. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Акчага алданбай иштин аягына чыккыла милиция кызматкерлери!өмүр бою эркинен ажыратса да аздык эмес)
27.09.2016. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жаткан жери жайлуу болсун!
27.09.2016. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
1.5 саатта келген скорый скорый эмес эле шашбаган ХХХ экен го
Модератор admin_portal түзөттү 2016-09-28 10:08:21
28.09.2016. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ulukbek8990, этика нормаларын сактаңыз!
27.09.2016. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кылмышкерди кантип кое беришет менттер ай ХХХ. Акча бергиче ХХХ ХХХ окшоп акча берсе кетип каласынар жыргап....
Модератор admin_portal түзөттү 2016-09-28 09:30:05
28.09.2016. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Alibek-0001, этика нормаларын сактаңыз!
27.09.2016. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кыргызстанда качан мыйзам иштечу эле. Кааап кайран гана карапайым калкызыбыз,кыйналды го! Сузуп кетсе,олтуруп кетсе,уруп кетсе бечаралар ыйлап ыйлап эле калып калышат.кылмышкер эркиндикте журот жыргап.
27.09.2016. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
ХХХ гана десе, кан узакка кое бербейт. Азабынды тартсан экен 10 эселеп!
Модератор admin_portal түзөттү 2016-09-28 09:29:02
28.09.2016. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Begimkyz., этика нормаларын сактаңыз!
28.09.2016. 03:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткан жери жайлуу болсун.
Сүрөтү болсо, аты жөнү тууралу толук малымат болсо. Бир эмес эки адамды сүзсө, ошондода кармай албасаңар анда биздин милициянын ыкчам издөөсү өтө начар дегим келет.
28.09.2016. 08:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Журок ооруду Жаткан жери жай болсун, туугандарына уй булосуно кайрат тилейм, Кылмышкер турмодо ХХХ " баланы уй алып берип багышсын ХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2016-09-28 09:27:41
28.09.2016. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Beise, этика нормаларын сактаңыз!
28.09.2016. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ ХХХ ХХХ быякта эки ымыркайды коруп кимден жакшы соз чыгат.
Модератор admin_portal түзөттү 2016-09-28 12:20:53
28.09.2016. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
daniyar84, порталда адепсиз, уят сөздөрдү колдонууга тыюу салынат! 5 күн БАНга!
Медиа-портал
28.09.2016. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаткан жери жайлуу болсун
28.09.2016. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эки наристе эмне болот байкуштар суротун карагым келбей койду.
Медиа-портал
28.09.2016. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда жашап туруп башка улуттардан ошондой мамиле корот деген не шумдук? Кайнатасынын айтып бергенин уктунарбы, кылчуну кылып коюшуп кайра колунардан эмне келет деп... эээх шордуу экенбиз ((
Медиа-портал
28.09.2016. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эки баласынын убалы уктатпасын кылмышкерди. 3 айлык баланын коргон куну не болот эми, кудай ай (((.
Медиа-портал
29.09.2016. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жумушту отуруп, бошогондо сайттан гезит окуп калам. бул окуяны окуп жатып эки наристени коргондо , тамагым буулуп, козумо жаш келип, журогум ооруп кетти.кылмышкердин суроту бар турбайбы ошону да издеп таппайбы.ЭЭХ кыргыз чиновниктери, биздин милиция бизди коргойт деп ишенебиз биз шордуу карапайым калк. А бизде кайдагы коргоо, тескерисинче кордоо. зоокурду кармап олум жазасына тартуу керек. Конституцияга асыла бербей, бар законду аткаргылачы атка минерлер
Медиа-портал
29.09.2016. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
милициянын ыкчам издоосу, эмей эле жай издоого. колунда турганды качырып
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: