super.kg logo

SUPER.KG порталынын Оштогу форумчулары Бишкектеги "суперстандыктарга" футбол ойноого чакырык ташташат

 
Levsha, Fanat, Atai9292, Uikuchu7, Nurmuhammad, Eldiyarmacho, Uran98, Rukopashnik, Mani.kg.
"Суперстандын" тургундары BeStOne, Аyildik_kiz
Levsha, Fanat, Mani.kg., .Sheke-brat., Uikuchu7, Eldiyarmacho
Eldiyarmacho, Asan-aka, Кызжибек Раимова, BeStOne, Аyildik_kiz, Atai9292, Оzumele, Uran98
Uikuchu7
Eldiyarmacho, Asan-aka

Интернет ааламында таанышып, чыныгы жашоодо доско айлангандардын саны бүгүнкү күндө көп. SUPER.KG порталынын "Суперстан" форуму да досторду, санаалаштарды табыштырып келет. Форумдагы талкуулардан улам бир позицияда турган, бирдей ойлонгон, бири-бирин түшүнгөн колдонуучулар, бир футболдук клубдун күйөрмандары ынтымактуу досторго айланышат. "Суперстандыктар" виртуалдуу дүйнөдө гана баарлашпастан, реалдуу жашоодо жолугуп, дасторкон үстүндө пикир алмашып, спорттук, кайрымдуулук иш-чараларын уюштуруп келишет. Булардын баары бир гана SUPER.KG порталынын форумчуларына мүнөздүү. Бул ирет биз окурмандарыбызга "Суперстан" форумунун тургундарынын достугу тууралуу айтып бермекчибиз.

Мекенибиз боюнча активдүү форумчуларыбыздын бир бөлүгү Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынан киришет. Ал тургай алардан түзүлгөн футболдук команда бар. Мүмкүнчүлүктөрүнө жараша, жума сайын же айына 2-3 жолу Ош шаарында жолугуп, футбол ойноп, андан соң чогуу тамактанууну салтка айлантышкан. Мындай жолугушууларды "Суперстандагы" атайын ачылган темадан окуганбыз. Ошко болгон сапарыбызда форумчулардын кезектеги оюнун көрө келели деп чечкенбиз.

"Суперстан" футбол командасы ойной турган аянтты таап бардык. Футболчулар эки командага бөлүнүп кызуу оюнду башташты. Оюндун жүрүшүндө футболчулардын айрымдары катуу жыгылганына карабай оюнду улантып жатышты. Чындыгында, форумчуларыбыздын көптөн бери футбол ойноп жүргөндөрү команданын ынтымактуулугунан байкалып турду. Команданын оюнчусу, активдүү форумчу Атабек Абдулазиз уулунун айтымында, алар 2 жылдан бери чогулуп ойношот. Оюндун жыйынтыгында кайсы команда жеңгени деле мааниге ээ болгон жок, себеби башкы максат жеңиште эмес, ден соолукту, достукту чыңдоо экенин айтышат форумчулар.

"Футболду 2014-жылы Аziko01 деген ысым менен катталган Азат аттуу форумчу уюштуруп берген, азыр ал Кореяда. Анын бул идеясын активдүү форумчубуз Nurmuhammad колдоп, ошондон бери чогуу футбол ойноп калдык. Жума сайын мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша чогулабыз. "Суперстанда" темабыз бар, ошол жерден жазышып, чогулуп ойноп турабыз. Жалал-Абаддан, Оштун райондорунан келип ойногон форумчуларыбыз бар. Өзүм Ноокаттан келдим. Ушул күнгө чейин 2 жылдын ичинде 30дан ашык оюн уюштурдук. Команда Ноокаттын футбол боюнча курамасы менен ойночу, тилекке каршы, алар келе албай калышты. Көрүп, окуп калгандар болсо, SUPER.KG порталына катталып, биз менен бирге болгула!" - дейт активдүү форумчу Атабек Абдулазиз уулу.

"Жалал-Абаддын Базар-Коргонунан келдим. Ал жакта да форумчулар бар. Алар келип турушчу, бирок күзгү талаа иштери башталып келе албай калышты. Өзүм алардын атынан бүгүн келип отурам. Форумдан тапкан досторума ыраазымын. Баары жакшы балдар. Бири-бирибизди сыйлашып, катташып жүрөбүз. Өз ара сүйлөшүп жатканбыз, Бишкекке жайында барып, ал жактагы форумчулар менен жолугуп, футбол ойносок деген оюбуз бар. Ушундай мүмкүнчүлүк түзүп берген SUPER.KG'ге рахмат", - деп өз ыраазычылыгын билдирди форумчу Элдияр Батырбек уулу.

Оюн аянтчасынан чыкканыбызда, футболго кызыга бербеген, бирок ага карабастан, досторго жолукканы Өзгөндөн келген форумчулар да болду. Баарыбыз чогулуп кечки тамакка бардык. Дасторкон үстүндө форумчуларыбыз менен кененирээк тааныштык. Алар бири-бирин "Суперстандагы" темаларга калтырган билдирүүлөрүнөн эле таанып калышканын айтышты. Мындан улам көптөн бери тааныш достордой эле тамашалашып отурушту. Сөз арасында форумчуларыбыз менен баарлашып отуруп, алардан ак ниеттүүлүктү, жөнөкөйлүктү байкадык.

"Суперстандыктар" жолугуп гана тим болбостон, бири-биринин жакшылыктарына да күбө болуп жүрүшөрүн 4 жылдан бери форумчу болуп, ар кандай кайрымдуулук иштерин уюштуруп жүргөн Айпери Жантороева айтты.

"Оштогу форумчулар биригип, кайрымдуулук, спорттук иш-чараларын уюштурабыз. Андан сырткары форумдан таанышып баш кошкондор бар. Алардын тойлоруна күбө болдук. Ушинтип бири-бирибиз менен алака үзбөй катташып турабыз. Жакында дагы кайрымдуулук уюштурууну көздөп жатабыз", - дейт Айпери Жантороева.

Ар бир форумчунун "Суперстанда" жактырган бөлүмү бар. Бул жолугушууга келген эң кичүү форумчу Уран Кудайбердиев "Спорт" бөлүмүнө көп кирерин айтты.

"Форумга келгениме 2 жыл болуп калды. Келгенден бери "Спорт" бөлүмүнөн чыкпайм. Ал бөлүмдө талкуулар кызуу болот. Кээде футболдук клубдардын күйөрмандары талашабыз. Көбүнчө "Реал Мадрид", "Барселона" болуп бөлүнүп кетебиз. Форумда "чокушканыбыз" менен, реалдуу жашоодо антпейбиз. Азыр студентмин. Форумга бош убактымда кирип, талкууларга катышам", - дейт Уран Кудайбердиев.

Жолугушуунун жыйынтыгында каалоо-тилектер айтылып, бирге сүрөткө түшүү менен аяктап, баары көтөрүңкү маанайда тарашты.

Белгилей кетсек, форумчулардын алгачкы жолугушуусу SUPER.KG порталына 4 жыл болгон кезде, Бишкек шаарында 2010-жылы 28-мартта болгон. Быйыл SUPER.KG порталынын 10 жылдыгына карата жолугушуулар бир гана Бишкекте эмес, өлкөбүздүн башка шаарларында, дүйнөдө кыргыз аттуулар жүргөн шаарлардын баарында орун алып келет. Мисал келтирсек, буга чейин Австриянын Линц шаарында, АКШда Нью-Йоркто жолугушуулар болсо, ал эми Москвада "суперстандыктар" бат-бат жолугушуп турушат. Чет элдеги кыргыздардын башын бириктирген "Суперстан" форумунун тургундарынын саны дагы да көбөйөт деп ишенүү менен айта алабыз!






Футбол ойноп, чайканада жолугууну салтка айланткан "суперстандыктар"

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Комментарийлер(39)
13.10.2016. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Москвадагы форумчулар биз да чогулуп футбол ойнобойлубу дем алыш күндөрү.
13.10.2016. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
expert.007,хорошо
13.10.2016. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар! Мындай жолугушуулар, мындан да коп болушун каалаймын...
13.10.2016. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да барып тилекке каршы жумуштар менен кеткенге туура келип фотого илешпей калыпмын
13.10.2016. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Питерликтер барбы?
13.10.2016. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Инша аллах дайыма биримдиктебиз
13.10.2016. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооооо Уранчик молодец!
13.10.2016. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматтар!
Оюн дагы эле кызуусунда го. Суперге рахмат. Ушундай форумчуларды шыктандырып турса болот экенго...
13.10.2016. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мейли фотолор зыңк чыгыптыр бирок чырактар
Модератор admin_portal түзөттү 2016-10-13 17:19:40
13.10.2016. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер инфо ар дайым суперда. Супер форумчулар да супер,азаматсыңар. Сүрөтүмү көрүп кубандым.
13.10.2016. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыңар! Ынтымагынар бекем болсун.
13.10.2016. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Красавчиктер.

13.10.2016. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен барда мындай кылбайсыңар ээ.)
13.10.2016. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ынтымагынар бекем болсун!
13.10.2016. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ой чыгыптырго акыры жаман куттурдунорго. Азаматтар сонун чыгыптыр! Ийгилик, достугунар улана берсин. Урандын артынан кууп журуп тарткан окшойт э ))) тамаша.
13.10.2016. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Футбол, андан кийин Аш. Ай азаматтар эй.
Ынтымагынар дагыда бекемделе берсин!
13.10.2016. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен жүрөмго ыя?
13.10.2016. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
uikuchu7,Өзүңдү өзүң көрүп коркуп кетип жатасынбы мага окшоп.)))
16.10.2016. 02:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
uikuchu7,сен канасын, Осмон?
13.10.2016. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы чыгыптыр фотолор
Медиа-портал
15.10.2016. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсыздар! Мен Уранды, Элдиярды эле тааныдым ...
Медиа-портал
15.10.2016. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сонун репортаж болуптур. Ыраазычылык super.kg жамаатына
Медиа-портал
15.10.2016. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
atai9292, Молодессс)) ар дайым ынтымакта журобергиле. Суперстандын жигиттери менен сыймыктанабызго биз.

SUPER.KG видео
15.10.2016. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун! Ийгилик, Мындан ары да ушинтип ынтымакта журо бергиле!
Медиа-портал
15.10.2016. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жагымдуу комплименттер үчүн ыраазычылык
SUPER.KG видео
15.10.2016. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин укам эртен барайын Ошко от души газетага чыкканын учун аш кылып берем . анан Мачо Атай акалар Айпери эжелер силер да мыктынын мыктысысынар .
Медиа-портал
16.10.2016. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Вый Мемма бекер угуздуңда өлдүң эми магада аш кылып бересин,болбосо менен оңойу менен кутулбайсын))))
Медиа-портал
16.10.2016. 03:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
atai9292, Кызыл кар жааганда деп куттуруп койсочу досумгул :)))
Медиа-портал
16.10.2016. 06:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
alibekova94, иии кой антпей тур Мемма анчалыка барбайт ))
SUPER.KG видео
16.10.2016. 08:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Москвдагылар кантет москвадагы форумчулар бундан кучту эле
SUPER.KG видео
16.10.2016. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айпери деген кайсы никтин ээси?
Медиа-портал
17.10.2016. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оо Жылдыз болуп кетпесенер болгону эми...
21.10.2016. 06:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун
Медиа-портал
21.10.2016. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай азаматтааар, жалпыга раазычылык эй, ушинтип эле журо берели...
SUPER.KG видео
17.11.2016. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кебетелер келишип ираса тердеп жүдөгөндө тартып кеттиңер да.))
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: